27.02.2022

КАНТ ДИАБЕТИ: симптомдору жана алдын алуу

Өнөкөт оору, анда кандагы канттын деңгээли көтөрүлөт.

Ачкарын кандагы канттын нормалдуу деңгээли -3,3-5,5 ммоль/л.

Кант диабети анын өөрчүп кетиши менен коркунучтуу:

Эгерде ооруну өз убагында дарылабаса, башка ооруларга алып келиши мүмкүн - инфаркт, инсульт, сокурдук, бөйрөк жетишсиздиги, язва жана таман гангренасы, диабеттик кома.

 

КАНТ ДИАБЕТИНИН ТОБОКЕЛ ФАКТОРЛОРУ

Кант диабетин пайда кылуучу тобокел факторлору болуп төмөнкүлөр саналат:

Кандагы холестериндин жана майлардын жогору болушу

Ашыкча салмак же семиздик

Артериялык гипертония жана башка жүрөк оорулары

Тукум куучулук, 45 жаштан жогору

Аз кыймылдүү жашоо образы

Салмагы 4 кгдан ашкан балдардын төрөлүшү

 

КАНТ ДИАБЕТИНИН БЕЛГИЛЕРИ

Зааранын көбөйүшү

Кургак ооз, чаңкоо жана ашыкча суюктук ичүү

Алсыздык, чарчоо, ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү

Теринин жана былжыр челдин кычышуусу

Теринин ириңдүү инфекциялары

Табиттин жакшы болгонуна карабастан, арыктоо

Оорунун белгилери байкалган учурда дароо ҮДТ/ФАПка кайрылыңыз.



АЛДЫН АЛУУ

ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ:

кантты жана таттууларды, канттуу газдалган жана газдалбаган суусундуктарды колдонууну азайтыңыз

майлуу тамактарды колдонууну чектеңиз

Көбүрөөк жашылчаларды, ашкөктөрдү жана жемиштерди колдонгула

Күнүнө кеминде 30 мүнөт физикалык көнүгүү жасаңыз

Тамеки чегүүнү жана спирт ичимдиктерин ашыкча колдонуүнү таштаңыз



КАНДАГЫ КАНТТЫН КӨЛӨМҮН КӨЗӨМӨЛДӨГҮЛӨ. ЖЫЛ САЙЫН МЕДИЦИНАЛЫК ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮП ТУРГУЛА.