27.02.2022

Тамеки чеккен адамдардын көрүүсү жана угуусу начарлайт


Тамеки чегүү көздүн көптөгөн ооруларын пайда кылат, аларды убагында дарылабаса, көрүү жөндөмүн биротоло жоготуп алуу мүмкүн.


Тамеки чеккен адамдарда чекпегендерге караганда макулодистрофия илдети көбүрөөк кездешет, убакыттын өтүшү менен бул илдет көрүү жөндөмүнөн таптакыр ажыратып коет.

Тамеки чеккен адамдарда катаракта оорусуна - көздүн хрусталиги бозоруп кетишине чалдыгуу тобокелдиги да жогору, мунун натыйжасында көздүн жарык нурларын өткөрүү жөндөмү бузулат. Катаракта көздүн көрүүсүн начарлатат, бул учурда көздүн көрүүсүн калыбына келтирүүчү жалгыз жол – операция болуп саналат.

 Айрым маалыматтарга таянсак, тамеки чегүү глаукомага - көздүн ичиндеги басым жогорулап, көрүү начарлашына алып келген абалга алып келиши мүмкүн.

 Тамеки чеккен чоң адамдар көп учурларда угуу жөндөмүн жоготуп алуудан жабыркашат.