27.02.2022

Тамеки дененин дээрлик бардык органдарына зыян келтирет

- Өмүр бою тамеки тартып келе жаткандар орто эсеп менен 10 жылдан кем эмес өмүр жашын жоготушат.

- Ар бир жолку тамеки тартууда организмге дем менен бирге уу заттар жана канцерогендер кирет. Кеминде 70 химиялык зат рак илдетине чалдыктырат.

- Тамеки чеккендерде кант диабетине чалдыгуу тобокелдиги жогору болот.

- Тамеки чегүү - акыл-эс жөндөмүнүн төмөндөшү жана мээнин иштешинин начарлашы менен мүнөздөлүүчү мандемдер тобу болгон деменция жаралуусунун тобокелдик фактору болуп саналат.

- Альцгеймер илдети деменциянын эң кеңири тараган түрү болуп саналат жана дүйнө жүзү боюнча Альцгеймер илдетине чалдыккан учурлардын болжол менен 14% тамеки чегүүгө байланышкан болушу мүмкүн.

- Тамеки чеккен көпчүлүк аялдардын  айызы оорутуу менен коштолот жана менопаузанын белгилери көбүрөөк таасирдүү болот. 

- Тамеки чеккен аялдар менопаузага 1-4 жыл эрте кабылышат, анткени тамеки чегүү энелик бездеги жумурткалардын пайда болушуна терс таасирин тийгизет, ал эми бул болсо репродуктивдик функциянын жоголушуна жана эстрогендин деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет.

- Тамеки түтүнү организмдин ткандарын кычкылтек менен камсыздоону начарлатат.

- Тамеки колдонуу кан агымын чектейт, муну дарылабаса гангренага (дене ткандарынын өлүшү) жана жабыркаган жерлерди кесип салуу зарылдыгына алып келет.

- Тамеки колдонуу пародонтозго - тиштин бүйлөлөрүн жабыркаткан өнөкөт сезгенүү илдетине чалдыгуу тобокелдигин жогорулатат (тиштин жабыркаган бүйлөсү убакыттын өтүшү менен чөгүп, тиштин моюнчасы ачылып калат) жана сөөк ткандарын бузуп, тиштин түшүшүнө алып келет.

- Тамеки чеккен адамдардын операциядан кийинки абалы оорлошуп кетүү тобокелдиги тамеки чекпегендерге караганда кыйла жогору болот.

- Тамеки чеккен адамдарды өпкөнү жасалма желдетүүдөн (ИВЛ) ажыратуу процесси татаалыраак болот. Бул көп учурларда реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө (ИТБ) жана жалпы эле ооруканада узагыраак убакыт болуу зарылдыгына шарт түзөт жана башка инфекцияларды жуктуруп алуу тобокелдигине дуушар кылат.

- Тамеки чеккен адамдарда ичеги-карын оорулары, айталы, ашказан жарасы, ичегинин сезгенүүсү сыяктуу ичтин түйүлүшү, басылбаган диарея, ысытма жана түз ичегиден кан агуу менен коштолгон илдеттер, ошондой эле ичеги-карын рагы пайда болуу ыктымалдыгы жогору болот.

- Тамеки чеккен адамдар сөөктүн бекемдиги төмөндөшүнө, сөөктү сындырып алууга жана сынган жердин кеч бүтүшү же бирикпей калуусу сыяктуу олуттуу көйгөйлөргө көбүрөөк кабылышат.  

- Тамеки түтүнүнүн компоненттери иммундук тутумду начарлатат, тамеки тарткан адамдардын өпкө инфекциясын жуктуруп алуу тобокелдигине дуушар кылат.

- Тамеки чеккен жана аутоиммундук ооруларга генетикалык жактан ыктуу болгон адамдарда ревматоиддик артрит, Крон оорусу, бактериялык менингит, операциядан кийинки инфекциялар жана рак сыяктуу илдеттерге чалдыгуу тобокелдиги көбүрөөк болот.

- Тамеки чегүү иммунитети начар, мисалы, муковисцидоздон, склероздон же рак илдетинен жабыркаган бейтаптарды кошумча коштоочу оорулардын жаралышы жана мезгилсиз өлүмгө учуроо тобокелдигине дуушар кылат.

- Тамекинин иммунитетке тийгизген басаңдатуучу таасири АИВ-инфекциясын жуктуруп алган адамдардын ЖИКСке чалдыгуу тобокелдигин жогорулатат. АИВ-инфекциясын жуктуруп алган тамеки чегүүчүлөрдүн жоготкон өмүр жашынын саны орточо эсеп менен 12,3 жылды түзөт. Бул көрсөткүч АИВга чалдыккан, бирок тамеки чекпеген адамдардын көрсөткүчүнөн эки эсе жогору болуп саналат.