11.02.2022

Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу

Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу ар кандай этиологиялык факторлордун, көбүнчө тамеки тартуунун таасири астында пайда болгон дем алуу органдарынын өнөкөт сезгенүү оорусу.

Илдет токтоосуз күчөй бериши жана дем алуу жетишсиздигинин өнүгүшүнөн улам өпкө функциясынын акырындап төмөндөшү менен мүнөздөлөт.



Оорунун пайда болушун шарттаган факторлор:

v Тамеки же анын башка түрлөрүн колдонуу (анын ичинде пассивдүү тамеки чегүү).

v Иштөө маалында чаң жана химиялык заттар менен дем алуу.

v Тамак-аш бышыруу жана имаратты жылытуу үчүн колдонулган жыгачтан же башка отундан чыккан түтүн менен дем алуу.

 

Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун симптомдору:

·        былжырлуу какырык менен коштолгон жөтөл, көбүнчө эртең мененки убакта;

·        Кыймылдаганда демигүү;

·        Какырыктын чыгышы, кээде ириң сыяктуу;

·         Эрин менен манжалардын учтарынын көгүш тартышы;

 


Илдеттин өрчүшү

Убакыттын өтүшү менен өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу өрчүп, адамдын дем алуусу кенедей кыймыл жасоодо деле кыйындап, демигүү пайда болот. Оорулууга өз алдынча тамактануу же жөнөкөй физикалык көнүгүүлөрдү жасоо барган сайын кыйындайт. Бул учурда дем алуу олуттуу энергияны талап кылат. Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу менен ооругандар көбүнчө салмагын жоготуп, физикалык жөндөмдүүлүгү алда канча алсырайт.

Кээ бир учурда, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун белгилери күтүлбөгөн жерден күчөп, ден соолугунун начарлашына алып келиши мүмкүн. Бул өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунүн күчөшү деп аталат. Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун күчөшү жеңилден түрдөн өмүргө коркунуч туудурган абалга чейин жетүүсү мүмкүн.



Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун күчөшүн жайлатуунун мыкты жолу - тамекини таштоо!

 

Тамеки тартуунун узактыгына жана өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун даражасына карабастан, тамекини таштоо оорунун өнүгүшүн кыйла жайлатат.

Дем алуу жолдорунун жугуштуу ооруларын алдын алуу өзгөчө орунду ээлейт. Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу менен ооруган адамдар респиратордук инфекцияларга көбүрөөк дуушар болушат. Жыл сайын сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткүлө.

Үйдө жүргөндө өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун күчөшүнө жана өрчүшүнө жол бербөө үчүн айрым эрежелерди сактоо керек:

-      өпкөнү дүүлүктүрүүчү ар кандай химиялык заттардан (түтүн, пайдалануудан чыккан газ, булганган аба) алыс болуу зарыл.

-      оору муздак же кургак абадан кармашы мүмкүн;

-      батирде кондиционер же фильтр колдонгон жакшы;

-      иш убактысында эс алуу үчүн тыныгуулар зарыл;

-      жакшы физикалык формада болуу үчүн ар дайым машыгуу;

-      тамак-аштын жетишсиздигине дуушар болбоо үчүн рационалдуу тамактануу.

 

Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу диагнозу коюлганда, өз убагында дарылоо (врач белгилеген дары-дармектерди үзгүлтүксүз кабыл алуу, ингаляторлорду туура колдонуу, " Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунун менен ооругандардын мектебине" баруу) оорунун өрчүшүн бир кыйла басаңдатат жана туруктуу өтүшүн шарттайт.


Өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусун алдын алууга мүмкүн экенин эсиңизден чыгарбаңыз!!