11.02.2022

Кыймыл - бул жашоо

  • Кандай гана кыймыл болбосун болбосун физикалык активдүүлүктүн жоктугунан артык экени эч кимибизге жашыруун эмес.
  • Физикалык жактан активдүү адамдар көзгө гана жагымдуу эмес, ошондой эле стресске аз кабылышат, жакшы укташат жана ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр аз болот.
  • Ден-соолукту чыңдоо үчүн күн сайын 30 мүнөттөй физикалык активдүү кыймыл-аракеттер менен алектенип, бош убакытты телевизордун, компьютердин алдында өткөрүүнү кыскартуу жетиштүү.
  • Физикалык кыймылдын түрүн тандоодо сиз өзүңүздүн каалоолоруңузга көңүл буруп, жашыңызды, мүмкүнчүлүктөрүңүздү жана организмдин физикалык активдүүлүккө даярдык деңгээлин эске алышыңыз керек.
  • Жаңы күндү эртең мененки көнүгүүлөрдөн баштасак болот, өзүбүздү басууга мажбурлап, лифтке түшөөрдө, тепкич бар экендигин унутпаңыз.
  • Үй тиричилигиндеги же бакчадагы күнүмдүк жумуштар, ошондой эле балдарыңыз жана досторуңуз менен ойногон ачык асман алдындагы кыймылдуу оюндар, дем алыш күндөрдөгү активдүү эс алуу - бул ден-соолук үчүн минималдуу физикалык активдүүлүк болуп саналат.
  • Саламаттыгыбызга кам көрүү үчүн физикалык активдүүлүк күнүмдүк жашообуздун көнүмүш адатына айланышы керек.