30.01.2023

СТРЕСС, ТЫНЧЫЗДАНУУ, ДЕПРЕССИЯ

Стресс – бул адам психологиялык жактан оор кырдаалдарга же ал оор, чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептеген кырдаалдарга туш болгондо пайда болуучу эмоционалдык абал.

Стресс адамдын табигый шериги. Майда стресстерди болтурбай коюу мүмкүн эмес жана алар зыянсыз.

Курч мүнөздөгү чоң күчкө ээ стресс же узак мөөнөттүү өнөкөт психоэмоционалдык чыңалган абал ден соолукка коркунуч туудурат.

 

Белгисиздик кырдаалында ар бир адамда тынчсыздануу сезими пайда болуусу мүмкүн жана бул нормалдуу көрүнүш. Бирок тынчсыздануу туруктуу болсо жана адамдын күнүмдүк иштер менен алектенүү жөндөмдүүлүгүнө таасир этсе, анда бул тынчсыздануу оорусу болушу мүмкүн, ал дарылоону талап кылат.

 

Эгерде 2 жума же андан ашык убакыт адамдын маанайы тынымсыз түшсө, бат чарчаса, кубаныч жана ырахат ала албаса, бул тууралуу дарыгерге айтыш керек, балким бул депрессия.

Стресс, тынчсыздануу жана депрессия жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам татаалдашуу жана өлүм коркунучун эки эсе көбөйтөт.


Эмоционалдык бакубаттуулуктун эрежелери:

• тамеки чегүү же ичкилик менен стресстен арылам дебеңиз

• толук кандуу эс алууга аракет кылыныз

• 7-8 сааттан кем эмес уктоону адат кылыңыз

• физикалык активдүүлүгүңүздү жогорулатыңыз

• сиз кызыккан иштерге, жакын адамдар менен баарлашууга убакыт бөлүңүз

• күн ичинде эс алуу үчүн убакыт табыңыз

• жашооңуздагы позитивдүү нерселерге көңүл бөлүңүз!

• көбүрөөк жылмайыңыз!

 

Эгер абал сиз үчүн өтө кыйын көрүнсө, психолог же психотерапевтке кайрылыңыз