27.06.2024

Күн соккусунан кантип сактануу керек


🔥Жылуулук соккусу - дененин ысып кетишинен пайда болуучу курч оорулуу абал. Дем кыстыктырган жабык бөлмөдө же тыгында калган унаада пайда болушу мүмкүн.

 

☀️Күн соккусу - жылуулуктун таасиринин бир түрү. Жылуулук соккусунан айырмаланып, күн соккусу күндүн нуруна көпкө туруудан жана башка күн нурунун түздөн-түз тйиүүсүүнөн улам күн өтүп кеткенде пайда болот.

 

☝️Дарыгерлер жылуулук жана күн соккусунун белгилерин үч даражага бөлүшөт. Үчүнчү даражада адам жөөлүп, көзүнө ар нерсе көрүнүп, талып же эсин жоготушу мүмкүн.

 

❗Мындай абалдагы бейтап эле өлүмгө дуушар болушу мүмкүн, ал тез арада медициналык жардамга муктаж;

 

⛱️Күн соккусунан кантип сактануу керек:

 

✅ табигый материалдардан жасалган жеңил кийимдерди кийүү - тердин чыгышына жолтоо болбой турган зыгыр буласынан, кебезден, жибектен;

✅Ачык түстөгү баш кийимсиз сейилдөөгө болбойт;

✅Бетиңизди жана башыңызды муздак суу менен чайкап, кол чатыр менен коргонсоңуз болот;

✅Бат-бат таза суу ичип туруңуз, ар кандай спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз - бул суусузданууга өбөлгө түзөт;

✅ Күнгө чыккан убактыңызды кыскартууга аракет кылыңыз (саат 11ден - 16га чейин). Бул убакта сыртка чыгуу зарыл болсо, көлөкөдө болууга аракет кылыңыз.

✅Мүмкүн болсо, коомдук транспортко түшпөгөнгө аракет кылыңыз. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда жүргүнчүлөр азын тандаңыз. Унаада жүргөндө денеңиздин ачык жерлерин нымдуу салфетка/кол аарчы менен сүртүп, суу ичип туруңуз.

 

♥️Өзүңүзгө кам көрүңүз!