04.03.2022

Кант диабети - XXI кылымдын жугуштуу эмес эпидемиясы

Кант диабети дүйнө элинин арасында өтө тездик менен жайылып жатканына байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасы  боюнча XXI кылымдын жугуштуу эмес эпидемиясы деп таанылды.

Кант диабети калкты майыптыкка жана өлүмгө алып келүүчү оорулардын (ЖКТО, онкология жана кант диабети) үчилтигине кирет. ДССУнун эсептөөлөрүнө жана эл аралык диабет федерациясынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча

кант диабети менен ооруган бейтаптардын жалпы саны  347 миллиондон ашуун, эксперттердин айтымында бул көрсөткүч 2030-жылга чейин 600 миллион кишиден ашат. Диабет менен жабыркагандардын 50% га жакыны ишке жарамдуу 40-59 жаштагы

жарандар болсо, оору биринчи кезекте шаардык тургундардын арасында көп катталат. Жыл сайын бейтаптардын саны 5-8% га жогорулап, ар 12-15 жылда эки эсеге көбөйүүдө.

 

Расмий маалыматтар боюнча, 2020-жылы Кыргызстанда диабет менен 65 миңге жакын бейтап катталган. Эл аралык Диабет Федерациясынын божомолуна ылайык, 20-79 жаштагы кыргызстандыктардын арасында диабеттин таралышы 2025-жылы 5,8% га чейин өсөт.

Жашаган жерине, бай же кедей экенине карабастан, кант диабети менен ар бир жаран ооруп калышы мүмкүн. Кант диабети – үй-бүлөлөргө, өлкөлөргө жана бүтүндөй дүйнө жүзүнө  олуттуу коркунуч келтирген эң кымбат өнөкөт оору болуп саналат, бул

өз кезегинде аталган илдеттин социалдык маанилүүлүгүн тастыктайт. Бул оорунун өзгөчөлүгү - атеросклероздун эрте өнүгүшү, бөйрөктү азыктандырган кан тамырларга, буттарга жана көздүн торчолоруна зыян келтириши.

Кант диабети канда глюкозанын деңгээлинин туруктуу жогорулашы менен мүнөздөлөт, ар кандай куракта пайда болуп, өмүр боюу өөрчүшү мүмкүн. Диабет менен жабыркаган бейтаптардын тобокел тобуна  ашыкча салмак, гипертониялык оорусу,

жүрөк-кан тамыр оорулары, 45 жаштан ашкан адамдар (айрыкча менопауза маалындагы айымдар), ошондой эле бул оорудан жапа чеккен тууганы бар адамдар кирет. Бул топко кирген адамдарга жыл сайын кандагы канттын денгээлин текшерип туруу

талап кылынат.


Диабеттин алдын алуучу негизги принциптер:

- рационалдуу жана тең салмактуу тамактануу

- жетиштүү физикалык активдүүлүк

- ашыкча салмактан арылуу

- стресстик кырдаалды туура кабыл алуу.



 Биргелешкен аракеттердин аркасында гана бул көйгөйдү жеңип, диабет менен ооруган бардык бейтаптардын узак жана сапаттуу жашоосун камсыз кылууга болот!

Саламатта болуңуз жана ден-соолук сизге аманат экенин унутпаңыз!