12.07.2022

Бүткүл дүйнөлүк туз жөнүндө маалымдуулук жумалыгы

Жыл сайын марттын экинчи жумасында бүткүл дүйнөлүк туз жөнүндө маалымат жумалыгы белгиленет. Иш-чаранын максаты - дүйнө калкынын ден соолугун чыңдоо үчүн дүйнө элдеринин рационунда тузду колдонууну азайтуу.

 

Бүткүл дүйнөлүк туз жөнүндө маалымдуулук жумалыгында ДССУ тузду колдонууну жана жогорку кан басымдуулукту азайтууга жардам бере турган беш жөнөкөй сунушка көңүл бурат, бул өз кезегинде инсульт жана жүрөк оорусу коркунучун олуттуу түрдө азайтат. Тузду көп колдонуу ДССУнун Европа аймагында өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп саналат.

 

Биз көп учурда тузду өзүбүз байкабай эле көп колдонобуз, мисалы, даяр тамактарды сатып алууда же жеткирүү кызматтары аркылуу тамак-ашка буюртма кылууда.

 

ДССУ тузду керектөөнү кыскартуунун маанилүүлүгүн баса белгилейт жана калктын тузду керектөөсүн азайтуу, адамдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртуу боюнча саясатты ишке ашыруу үчүн мүчө мамлекеттер тарабынан көрүлүшү керек болгон бир катар практикалык чараларды сунуштайт.

 

Негизги фактылар

  • Натрийди көп колдонуу (күнүнө 2 граммдан ашык, бул суткасына 5 грамм тузга туура келет) жана калийди жетишсиз кабыл алуу (күнүнө 3,5 граммдан аз) - кан басымынын жогорулашына жана жүрөк-кан тамыр оорулары менен инсульттун пайда болуу коркунучун жогорулатат.
  • Көпчүлүк адамдар тузду өтө көп колдонушат: орточо эсеп менен күнүнө 9-12 грамм же сунушталган максималдуу керектөө деңгээлинен болжол менен эки эсе көп.
  • Чоң адамдар тарабынан күнүнө тузду  5 граммдан аз колдонуу кан басымды төмөндөтүүгө жардам берип, жүрөк оорулары, инсульт жана инфаркт коркунучун азайтат. Тузду колдонууну азайтуунун негизги артыкчылыгы - жогорку кан басымынын тиешелүү түрдө төмөндөшү.
  • ДССУга мүчө мамлекеттер 2025-жылга чейин дүйнөлүк туз керектөөнү 30% кыскартууга макулдашты.

  • Тузду колдонууну сунуш кылынган деңгээлге чейин азайтуу  жыл сайын 2,5 миллион өлүмдүн алдын алат деп болжолдонууда.