12.07.2022

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) тузду азайтуу боюнча сунуштары

Чоң адамдар. ДССУ чоңдорго күнүнө 5 граммдан аз (бир чай кашыктан аз) туз колдонууну сунуштайт.

   Балдар. ДССУ 2 жаштан 15 жашка чейинки балдар үчүн туздун сунушталган максималдуу көлөмүн чоңдорго салыштырмалуу алардын энергияга болгон муктаждыгына жараша азайтууну сунуштайт. Балдар үчүн бул сунуш бир гана эмчек эмизүү мезгилин (0-6 ай) же эмчек эмизүүнү улантууда кошумча тамактандыруу мезгилин (6-24 ай) камтыбайт.

Йоддолгон тузду гана колдонуу керек,  б.а. түйүлдүктүн жана жаш балдардын мээсинин дени сак өнүгүшү үчүн жана бардык адамдардын психикалык функцияларын жалпы бекемдөө үчүн зарыл болгон йод менен байытылган туз болушу керек.