31.07.2022

Электрондук чылымдар ден-соолукка зыян жана кооптуу

Никотин наркоманияга алып келиши мүмкүн, бул кийин бир катар олуттуу оорулардын: өпкөнүн рагы, потенцияга байланыштуу көйгөйлөр, жүрөк оорусу жана башка илдеттердин пайда болушуна алып келет. Никотиндик көз карандылыктан жапа чеккен адамдар ден-соолукка толугу менен коопсуз деп ишенгендиктен, өздөрүн "коопсуздандыруу" үчүн вейп колдонууга өтүшүүдө. Бирок чындап эле ошондойбу?

 

Вейп ден соолукка зыян же жокпу, түшүнүү үчүн, анын курамын кылдат изилдөө жетиштүү.

 

Көпчүлүк учурларда толтуруучу суюктук никотин, ацетальдегид, формальдегид, глицерин, ароматизаторлор, пропиленгликол (эриткич), боектор жана канцерогендик компоненттерден турат. Акыркысы зыяндуу шишиктердин өнүгүшүн шарттайт.

 

ДССУнун жыйынында айрым бир чечимдер кабыл алынып, ага ылайык өкмөткө ароматтуу толтуруучу суюктуктарды сатууну чектөө сунушталды. Анткени, алар вейптердин жагымдуулугун жогорулатат жана, андан тышкары, алардын курамына:

 

диэтиленгликол, ошондой эле күчтүү канцероген деп эсептелген нитрозамин. Электрондук тамекилерде алардын концентрациясы салттуу тамекилерге караганда он эсе көп;

ацетальдегид компоненти бул электрондук тамекиге болгон ашыкча берилүүнүн себеби болуп саналат. Жана ошондой эле анын организмде ашыкча болушуАльцгеймер оорусунун өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн;

формальдегид - бул зат менен уулануу көп учурда өлүмгө алып келет.


Жашыруун
сыр ачыкталды: Тамеки индустриясы калктын аялуу катмарына багытталган  

- Электрондук чылымдарды колдонгон балдар менен өспүрүмдөр чоңойгондо да тамеки чегиши ыктымалдыгы кеминде эки эсе жогору болуп саналат.

- Электрондук чылымдарды колдонуу жүрөк-кан тамыр жана өпкө ооруларынын тобокелдигин жогорулатат.

- Электрондук чылымдардагы никотин курч көз карандылыкты жаратат жана балдардын өнүгүп келе жаткан мээсине зыян келтириши мүмкүн.