Алкоголдук ичимдиктерге байланыштуу фактылар
Дүйнө жүзү боюнча,
алкоголдук ичимдиктерди зыяндуу колдонуу жыл сайын 3 миллион адамдын өлүмүнө
алып келет, бул бардык өлүмдөрдүн 5,3%ын түзөт.
Спирт ичимдиктерин
зыяндуу колдонуу оору жана травма менен байланышкан 200дөн ашык ден-соолук
көйгөйлөрүнө себепчи фактор болуп саналат.
Спирт ичимдиктери ДАЛИ (майыптыктан улам жоголгон өмүр жылдары) боюнча бааланган оорулардын жана
жаракаттардын жалпы дүйнөлүк көрсөткүчүнүн 5,1% түзөт.
Спирт ичимдиктерин
колдонуу өлүмгө жана майыптуулукка алып келет. 20-39 жаштагы адамдардын
арасында бардык өлүмдөрдүн болжол менен 13,5% ичкиликке байланыштуу.
Спирт ичимдиктерин
зыяндуу колдонуу менен бир катар психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар,
башка жугуштуу эмес ден соолук көйгөйлөрү жана травмалардын ортосунда себептик
байланыш бар.
Акыркы убакта алкоголдук
ичимдиктерди зыяндуу колдонуу менен кургак учук сыяктуу жугуштуу оорулардын,
ошондой эле ВИЧ/СПИДдин жүрүшүнүн ортосунда себептик байланыштар аныкталды.
Алкоголдук ичимдиктерди
зыяндуу пайдалануу ден соолукка тийгизген кесепеттеринен тышкары, жеке
адамдарга жана жалпы коомго олуттуу социалдык жана экономикалык зыян келтирет.