07.07.2022

Кантка көз карандылыкты токтотууга убакыт келди


Кант кошулган суусундуктарды колдонууну азайтуу менен, сиз бош канттарды жана жалпысынан калорияларды азайтып, тамактануу сапатын жакшыртып, ашыкча салмак, диабет жана кариес менен ооруган адамдардын санын азайта аласыз.

 

Бош канттар деп өндүрүүчүлөр, ашпозчулар же керектөөчүлөр тарабынан тамак-ашка жана суусундуктарга кошулган моносахариддер (мисалы, глюкоза, фруктоза) жана дисахариддер (мисалы, сахароза же ашкана канты), ошондой эле бал, сироп, жемиш ширелери жана жемиш концентраттарында табигый түрдө кездешкен канттар айтылат.

 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кант кошулган суусундуктарды колдонууну азайтуу жана алардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин азайтуу боюнча глобалдуу аракеттерди көрүүгө чакырат.

 

 

Кантты ашыкча колдонуунун организмге тийгизген зыяны тууралуу айрым фактыларга көңүлүңөрдү бурабыз.

 

 

 

Кант майдын пайда болушуна себеп болот

 

Шекерди көп колдонуу семирүүгө алып келет. Жогоруда айтылгандай, кант витамин, клетчатка жана минералдарды камтыбаган жогорку калориялуу продукт болуп саналат.

 

Эскерте кетсек, адам тамак-аш менен колдонгон кант боордо гликоген түрүндө топтолот. Эгерде боордо гликоген запасы кадимки нормадан ашып кетсе, жеген кант майдын запасы түрүндө, адатта, жамбаш жана курсак аймактарында топтоло баштайт.

 

Кант жалган ачкачылык сезимин жаратат

 

Кантты ашыкча керектөө, адатта, инсулин менен глюкозанын деңгээлинин тез өсүшүнө алып келет, акырында бул жалган ачка болуу сезимине жана ашыкча тамактанууга алып келет.

 

Кант картаюуга салым кошот

 

Кантты ашыкча колдонуу териде бырыштардын эрте пайда болушуна алып келиши мүмкүн, анткени кант теринин коллагенинде резервде сакталып, ошону менен анын ийкемдүүлүгүн төмөндөтөт.

 

Кант көз карандылыкты жаратат

 

Келемиштерге жасалган эксперименттер көрсөткөндөй, кант көз карандылыкка алып келет. Бул маалыматтар адамдарга да тиешелүү. Бул продуктуну колдонууда адамдын мээсинде морфин, кокаин жана никотиндин таасири астында болгондой өзгөрүүлөр болот.

 

Кант организмди В витаминдерин жок кылат

 

Бардык В витаминдери (өзгөчө витамин B1 - тиамин) кантты жана крахмалды камтыган бардык тамак-аштарды туура сиңирүү үчүн зарыл. Ак канттын курамында В витамини жок.Ошондуктан ак кантты сиңирүү үчүн организм В витаминдерин булчуңдардан, боордон, бөйрөктөн, нервдерден, ашказанда, жүрөктөн, териден, көздөн, кандан ж.б.органдан жок кылат

 

Кант жүрөккө таасир этет

 

Ак кант жүрөк булчуңунун ишине олуттуу терс таасирин тийгизет. Ал тиаминдин катуу жетишсиздигине алып келиши мүмкүн, бул жүрөк булчуң тканынын дистрофиясына алып келиши мүмкүн, ал эми кан тамырдан тышкары суюктуктун топтолушу акырында жүрөктүн токтоп калышына алып келиши мүмкүн.

 

 Кант организмден кальцийди сыртка чыгарат

 

Кант кальцийдин сиңишине тоскоол болот. Эгер таттууларды көп жесеңиз, анда кальций менен фосфордун катышы абдан бузулат.

 

Остеопороз сыяктуу оорулардын пайда болушуна, ошондой эле тиш оорулары жана сөөктөрдүн алсызданышына, албетте, организмдеги кальцийдин жетишсиздиги себеп болот. Рахит сыяктуу оору жарым-жартылай ак кантты ашыкча керектөөгө байланыштуу болушу мүмкүн.

 

Кант иммундук системанын күчүн 17 эсеге төмөндөтөт!

 

Каныбыздагы кант канчалык көп болсо, иммунитет ошончолук начарлайт. Кант диабети эмне үчүн коркунучтуу? Анткени чыныгы коркунуч кантта. Кант диабетинде организм кантты сиңире албайт жана ал акырындык менен организмде топтолот. Ал канда канчалык көп болсо, ошончолук биздин иммундук системабыз алсырайт.