29.11.2021

Гипертония оорусу

 Гипертония оорусу артериялык кан басымдын 140/90 мм сым.мам. узакка жана туруктуу жогорулашынан улам пайда болуучу жүрөк - кан тамыр системасынын өнөкөт оорусу.

 Көп учурда гипертония оорусу 55 жогорку курактагы адамдарда пайда болот, ал эми акыркы кездерде бул оору андан дагы жаш курактагылардан кездешүүдө.

Гипертония оорусунун өөрчүүсүнө төмөндөгү тобокелчилик факторлору көмөктөшөт:

• Жүрөк ооруларына карата тукум куучулук

• Ашыкча салмак

• Майлуу жана туздуу азыктар менен тамактануу

• Чылым чегүү жана алкоголь ичимдигин ашыкча ичүү

• Стресстер

• Аз кыймылдоо

 Оорунун баштапкы стадиясында баштын оорушу, баш айлануу, кулактын дүңгүрөшү , көздүн алдында "чымындардын " элес булас көрүнүшү, көздүн көрүүсүнүн бузулуусу , жүрөк тушта ооруксунуу пайда болот . Эгерде гипертониялык оору диагнозу коюлган болсо, анда дарыгердин сунуштарын аткарып, өмүр бою дары -дармектерди үзгүлтүксүз ичүү керек. Дары-дармектерди өз алдынча ичүүнү токтотуу жана алардын дозасын өзгөртүү оорунун күчөшүнө алып келерин билүү маанилүү.