09.02.2022

Жүрөк-кан тамыр ооруларын кантип алдын алса болот?

Жүрөк -кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн жана майыптыктын башкы себеби болуп саналат. Жүрөк -кан тамыр ооруларынын ичинен миокард инфаркты жана мээ инсульту өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Миокард инфаркты жана инсульт жыл сайын жашарууда, 30 жашар, ал тургай 20 жаштагы кыргызстандыктардын өмүрүн алып жатканы өтө өкүнүчтүү.

Жүрөк -кан тамыр ооруларынын көпчүлүгүн тамеки чегүү, туура эмес тамактануу жана семирүү, физикалык активдүүлүк жана алкоголду көп колдонуу сыяктуу коркунуч факторлоруна чара көрүү аркылуу алдын алууга болот.

Жүрөк -кан тамыр оорусу деген эмне?

Жүрөк-кан тамыр оорулары - жүрөк жана кан тамыр тутумунда кездешкен ооруларынын тобу, алардын ичинде эң көп кездешкени:

  • инфаркт - жүрөк булчуңун кан менен камсыз кылган кан тамыр оорусу;
  • инсульт - мээге кан жеткирүүчү кан тамыр оорусу;

Инфаркт жана инсульт курч оорулар болуп саналат жана негизинен кан тамырлардын бүтөлүп кандын жүрөккө же мээге өтүшүнө тоскоол болушунун натыйжасында пайда болот.

Тамеки чегүү, алкоголду зыяндуу колдонуу, туура эмес тамактануу жана семирүү, аз физикалык активдүүлүк жана кан басымынын жогорулашы, кант диабети жана гиперлипидемия сыяктуу тобокелдик факторлорунун айкалышы бул көрүнүштүн негизги себеби болуп саналат.

Жүрөк -кан тамыр ооруларынын негизги коркунуч факторлору кайсылар?

  • туура эмес тамактануу;
  • гиподинамия;
  • тамеки чегүү;
  • алкоголду ашыкча колдонуу;
  • стресс.

Жүрөк -кан тамыр ооруларынын жалпы белгилери?

Кан тамыр оорулары көп учурда билинбей өөрчүйт. Инфаркт же инсульт илдеттин алгачкы эскертүүчү белгиси болушу мүмкүн.

Инфарктка мүнөздүү белгилер:

  • көкүрөктүн ортосу оорутуу же ыңгайсыздык;
  • колдордо, сол далыда, чыканактарда, жаакта же белде оорутуу же ыңгайсыздык.

    Мындан тышкары, ооруп жаткан адамда

  • дем алуу кыйынчылыгы же аба жетишсиздиги;
  • жүрөк айлануу же кусуу
  • баш айлануу же алсыроо
  • муздак тер басып, өңдүн кубарышы байкалат.

Инсультка мүнөздүү белгилер:

Инсульттун эң кеңири таралган симптому болуп:

  • Бет булчундарынын, көбүнчө бир тарабынын, колже буттардын күтүүсүз алсыздыгы.

Ошондой эле күтүлбөгөн жерден беттин, айрыкча бир тарабы, колдордун же буттардын сезбей калуусу, сүйлөөдө же сүйлөөнү түшүнүүдө кыйынчылыктар, көрүүдө кыйынчылыктар, басууда кыйынчылыктар, баш айлануу, тең салмактуулуктун жоголушу же координациянын бузулушу, эч кандай белгилүү бир себеп жок эле баштын катуу оорушу, ошондой эле эсин жоготуу.

 

Эгерде бул симптомдор сизде байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз!

 

Жүрөк -кан тамыр ооруларынын алдын алууда маанилүү:

  • Кан басымын билүү жана көзөмөлдөө. Адатта, кан басымы 140/90 мм.рт. ст. жогору болбошу керек.
  • Кандагы кантты жана холестеринди көзөмөлдөңүз.
  • Рациондон майлуу, куурулган тамактарды, ышталган этти, шекерди жана таттууларды колдонууну азайтыңыз. Жашылча -жемиштерди көбүрөөк жегенге аракет кылыныз.
  • Күнүмдүк тамак ашта тузду 5 г (бир чай кашык) чейин чектеңиз.
  • Көбүрөөк кыймылданыз, физикалык активдүүлүктү жогорулатыныз.
  • Стресске каршы турууну үйрөнүңүз.
  • Тамекини таштап, алкоголду ашыкча колдонуудан баш тартыныз.

Бул чараларды аткаруу жүрөк -кан тамыр ооруларынын пайда болуу тобокелдигин төмөндөтөт.