09.02.2022

Тамеки жүрөк ооруларын пайда кылат

- Күнүнө бир нече даана гана чылым чегүү, анда-санда же пассивдүү тамеки чегүү жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу тобокелдигин жогорулатат.

- Тамеки чеккен адамдардын инсульт алуу тобокелдиги эки эсе, жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуу тобокелдиги төрт эсе жогору болуп саналат.

- Тамеки түтүнү жүрөктүн тамырларына зыян келтирип, бляшка менен тромбдордун (кан уюп калышы) пайда болушун шарттайт жана кан агымын чектеп коюу менен жүрөк оорусунун курч кармашына жана инсультка чалдыктырат.

- Никотин менен тамеки заттарын колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдигин жогорулатат.