09.02.2022

Тамеки рактын 20дан ашык түрүн пайда кылат

- Тамеки чегүү жана түтүнсүз тамеки заттарын колдонуу ооздун, эриндердин, тамактын (алкым менен кекиртектин) жана кызыл өңгөчтүн рак илдетин жаратат.

- Рак илдетине чалдыккан алкымды хирургиялык жол менен алып салуу трахеостомиянын – бейтаптын дем алышы үчүн мойну менен трахеясына тешик жасоонун зарылдыгына алып келиши ыктымал.

- Тамеки чеккен адамдар курч миелоиддик лейкоз, мурун каңылжаарынын рагы, колоректалдык рак, бөйрөк, боор, уйку бези, ашказан жана төмөнкү заара чыгаруучу  жолдордун (анын ичинде табарсык, заара аккыч жана бөйрөк чөйчөгү) рагы илдеттерине чалдыгуу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болушат.

- Айрым изилдөөлөр да тамеки чегүү менен көкүрөк рагына чалдыгуу тобокелдигинин ортосунда байланыш бар экендигин, айрыкча көп тамеки чеккен жана биринчи жолу боюна бүткөнгө чейин тамеки чеге баштаган аялдардын арасында бул көрүнүш орун ала тургандыгын көрсөттү.

- Тамеки чегүү адамдын папилломавирусун жугузуп алган аялдарда жатын моюнчасынын рагы илдетине чалдыгуу тобокелдигин жогорулатары белгилүү.