19.07.2022

Дени сак тамактануу жөнүндө фактылар

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары боюнча:

• Дени сак тамактануу туура эмес тамактануунун бардык түрлөрүнөн, ошондой эле кант диабети, жүрөк оорулары, инсульт жана рак сыяктуу жугуштуу эмес оорулардан (ЖЭО) коргоону камсыз кылат.

• Туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги дүйнө жүзү боюнча ден соолук үчүн чоң коркунуч болуп саналат.

• Дени сак тамактануу практикасы жашоонун башталышында калыптанат - эмчек эмизүү дени сак өсүүгө көмөктөшөт жана когнитивдик өнүгүүнү жакшыртат жана кийинчерээк ашыкча салмак же семирүү, ЖЭОнун пайда болуу ыктымалдыгын төмөндөтөт.

• Энергияны керектөө (калория) энергияны сарптоо менен тең салмактуу болушу керек. Ден соолукка зыяндуу салмак кошууну болтурбоо үчүн, майдын жалпы көлөмү жалпы энергиянын 30% ашпоого тийиш. Каныккан майлар 10% дан аз жана транс майлар 1% дан аз болушу керек.

• Кошулма бош канттарды жалпы сарпталган энергиянын 10%на чейин азайтуу дени сак тамактануунун бир бөлүгү болуп саналат, ал эми ошол эле бош канттарды 5% дан төмөн колдонуу ден-соолукка кошумча пайда алып келет.

• Күнүнө 5 граммдан аз туз колдонуу (күнүнө 2 граммдан аз натрийге барабар) гипертониянын алдын алууга жардам берет жана чоң кишилерде жүрөк оорулары менен инсульттун коркунучун азайтат.

• ДССУга мүчө мамлекеттер 2025-жылга карата дүйнөлүк туздун керектөөсүн 30% га кыскартуу, ошондой эле 2025-жылга чейин чоңдор менен өспүрүмдөр арасында кант диабети менен ашыкча салмактуулуктун өсүшүн токтотуу боюнча милдеттерди коюшту.



Ар түрдүү, тең салмактуу жана дени сак тамактануунун так курамы жеке өзгөчөлүктөргө (мисалы, жаш курагы, жынысы, жашоо образы жана физикалык активдүүлүк даражасы), маданий контекстке, жеткиликтүү жергиликтүү тамак-аштарга жана тамактануу салттарга жараша болот. Бирок, туура тамактануунун негизги принциптери бирдей.