24.08.2022

Ата-энелер балдарды эмдөө жөнүндө эмнени билиши керек

 Эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу, кайсынысы сиздин балаңызга керек экенин аныктоо, эмдөөгө даярдык көрүү жана эмделгенден кийин көзөмөлдө болуу үчүн дарыгерге кайрылуу зарыл. 

Бала төрөлгөн күнүнөн тартып Үй бүлөлүк медицина борборуна  каттоого туруу керек. Ал жактан балага атайын медициналык карта ачылат. Картага баланын өнүгүүсү жөнүндө, ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жана жасалган эмдөөлөр тууралуу так маалымат жазылат. Баланы бакчага же мектепке берээрде, же дарыгер алмашканда бардык эмдөөдөн өткөндүгүн көрсөтүү үчүн бул маалыматтын пайдасы тиет. 

  1. Эмдөөгө карата  жана каршы көрсөтмөлөр

Иммундаштыруунун алдында дарыгер (фельдшер) ата-энеден бардыгын дыкаттык менен сураштырат. Сураштыруунун башкы максаты — буга чейин эмне менен ооруган, анын ичинде өнөкөт оорулары, буга чейин дары каражатын киргизүүдө кандай реакция же татаалдашып кетүү болгон, дарыларга, тамак-ашка болгон аллергиялык реакциялары тууралуу билип аныктоо; организмдин индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн аныктайт (ара төрөлүү, төрөт учурунда жаракат алуу, тарамышы түйүлүү), ошондой эле инфекциялык оорулуулар менен контакт болгонбу жана буга чейинки эмдөөлөр качан жасалгандыгын тактайт. Дене табынын көтөрүлүшү менен коштолгон курч ооруда (суук тийүү, ангина, бронхит, грипп, пневмония ж.б.) эмдөөнү бала айыкканга чейин жылдыруу керек. 

  1. Даана байкалган аллергиялык реакция

Эгер бала түрдүү аллергияларга дуушар болсо, анда дарыгерге алдын ала билдирип, кошумча чара көрүү тууралуу сүйлөшүү керек.

Эсиңизде болсун, эмдөө күнүнө чейин бир-эки күн калганда жана эмдөөдөн бир-эки күн кийин рационго жаңы тамак-аш киргизбей туруу зарыл. Эгер баланы эмизсеңиз,  өзүңүздүн рационуңузга дагы жаңы тамак-ашты кошпой туруңуз.

  1. Анализдер жана дарыгерлердин кошумча уруксат берүүсү

Дарыгер эмдөөгө чейин кошумча анализ тапшыруу же тиешелүү адистерге көрүнүү керек экенин аныктайт.

Мисалы, эгер педиатрга нерв системасындагы өзгөрүүлөр түшүнүксүз болсо, ал баланы неврологго көрсөтүүгө жөнөтөт. Андан кийин эмдөө тууралуу жана кайсы түрүн жасоо керектигин чечет.  

  1. Эмдөө күнү
  • Сиз дарыгериңизден эмдөө, эмдөөнүн зарылчылыгы, мүмкүн боло турган реакциялар жана баш тартуунун кесепеттери тууралуу маалымат алууга укугуңуз бар. 
  • Дарыгер өз кезегинде балаңызда кандайдыр каршы көрсөтмөлөр же эмдөө өткөрүүгө атайын алдын алуу чараларды көрүү керектигин аныктоо үчүн жогорудагы бөлүмдөрдө эскертилген суроолорду берет. 
  • Дарыгерге суроо берүүдөн тартынбаңыз. Мисалы, балага кандай эмдөө каражаты менен эмдөө жасалат, качан жана кандай реакциялар болушу мүмкүн жана кандай учурларда медициналык жардамга кайрылуу керек.
  • Баланы ийне саят, доктурга алып барам деп коркутуу туура эмес. Өмүр бою негативдүү таасирде калат. Эгер эс тартып калган бала болсо, дарыгерлер азыр эмне кылат, башкысы - эмне үчүн аны жасоо керек экенин түшүндүрүп бериңиз. Ийне сайып жатканда, баланы кыймылдатпай катуураак кармаңыз. Иммунизацияны өткөргөн медициналык кызматкер баланы кармабайт. Эмдөөдөн кийин бейтапканадан кетип калууга шашылбаңыз. Дарыгер же медайым алыс эмес жерде 30 мүнөт күтө турууну сунуштайт. Бул бир чети баланы сооротууга жардам берсе, экинчи жагынан кокус вакцинага реакция жүрө турган болсо, дароо жардам берүүгө шарт түзөт.
  • Дарыгерден дене табын түшүрүүчү дарыны кандай өлчөмдө берүү керек экенин, андан тышкары кандай белгилер пайда болгондо дароо байланышуу керек экенин сурап алыңыз.
  • Үйдөн да баланын абалына тынымсыз көз салып туруңуз. Эмдөөдөн кийин бала шалдырап, тынчы кетип, дене табы көтөрүлөт. Ийне сайган жери кызарып, дөмпөйүп, кол тийгизбей ооруйт.
  • Ийне сайган жерине компресс коюп, мазь сүйкөгөн болбойт. Өзүм билемдик жасоонун кереги жок.
  • Эмдөө алган күнү баланы жуунтпаңыз. Зарылчылык бар болсо, ийне сайылган жерине тийгизбей жылуу суу менен денесин сүрүп коюңуз.
  1. Эмдөө жасалгандан бир күн өткөндөн кийин
  • Дарыгер эмдөө жасалгандан кийин бир нече күн баланын температурасына көңүл бөлүү керектигин эскертет. Зарылчылык пайда болсо дене табын түшүрүүчү дарынын өлчөмүн жана кайсы учурда колдонуу керектигин сурап алыңыз.
  • Эмдөөдөн кийин баланын абалына же анын жүрүм-турумуна сарсанаа болуп жатсаңыз дарыгерге кайрылыңыз.
  • Киши көп чогулган жерлерге барбаңыз, конокко барып же үйгө конок чакырууга болбойт. Бала эмдөөдөн кийин терс реакциянын себепкери болгон инфекцияны башка адамдардан жугузуп алышы мүмкүн.
  • Эмдөөдөн кийин бир нече күндүн ичинде жаңы тамак же азык бербегенге аракет кылыңыз. Ошондой эле аллергияны козгоочу азыктарды бербеңиз. Эгер дене табын түшүрүүчү дары бергенден кийин баланын дене табы түшпөсө, тескерисинче 390С көтөрүлүп, баланын абалы начарласа, дароо тез жардам чакырып же өзүңүз ооруканага жеткириңиз.
  • Эгер жергиликтүү реакциялар (ийне сайган жери кызарып, шишип же катуу оорутса) баланын тынчын алып, 3 күнгө чейин созулса, анда медициналык кызматкерге кайрылып жардам алыңыз.

Эмдөөдөн  кийинки реакциялар

Кыргызстанда колдонулган эмдөө каражаттары  коопсуз, эффективдүү жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бирок  эмдөө каражаты  бардык дары каражаттарындай эле терс реакцияларды козгошу мүмкүн, алар иммундаштыруудан кийинки терс көрүнүштөр (ИКТК) деп аталат.

Иммундаштыруудан кийинки терс көрүнүштөр – иммундаштыруудан  кийин пайда болгон терс өзгөрүүлөрдүн бардыгын эмдөөгө байланыштыруу болбойт.

ИКТК пайда болуу себебине жараша 5 типке бөлүнөт:

  1. эмдөө каражатынын өзгөчөлүктөрүнө байланышкан эмдөө реакциялары;
  2. эмдөɵ каражатынын дефектисине байланышкан эмдөө реакциялары;
  3. иммундаштыруу учурундагы жаңылыштыктарга байланышкан (эмдөө каражаттарын туура эмес колдонуу, саюу) эмдөө реакциялары;
  4. иммундаштыруу учурундагы тынчсыздануу абалына (ийне сайуудан коркууга) байланышкан эмдөө реакциялары;
  5. кокусунан иммунизацияга убактысына туш келген окуялар.

Эмдөөдөн кийинки реакциялар ИКТКнын 1 тибине кирет. Бул организмдин бөтөн антигенди киргизүүгө болгон реакциясы жана иммунитеттин иштелип чыгуу процессин чагылдырат. Так ушул реакциялар оор инфекциялык оорулардан жана андан кийин келип чыккан татаалдашып кетүүдөн балдарды сактайт. Эмдөөдөн кийинки  реакциянын деңгээлин алдын ала аныктоо мүмкүн эмес, себеби ал баланын организминин индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды.

Эмдөɵдөн кийинки реакциялар өз кезегинде пайда болуу жыштыгына жана оордугуна жараша 2 типке бөлүнөт:

  1. Көп кездешүүчү, эмдөөгө болгон өтө маанилүү эмес реакциялар;
  2. Сейрек кездешүүчү, эмдөөгө болгон олуттуу реакциялар.

Көп кездешүүчү, эмдөөгө болгон өтө маанилүү эмес реакциялар – бул эмдөөнүн айрым өзгөчөлүктөрүнө болгон организмдин индивидуалдуу реакциясы, алар белгилүү жана эмдөө каражатына  тиркелген колдонмодо көрсөтүлгөн. Бул кадимки реакциялар, тез эле өтүп кетет жана баланын ден соолугуна зыянын тийгизбейт. Алар жергиликтүү жана жалпы реакциялар катары байкалат.

Жергиликтүү реакциялар – эмдөө каражатын сайган жердин кызарышы, ооруксунуусу, шишигени же катышы. Бул реакциялар вакцина жасалган күнү пайда болот, 2-3 күндөн ашык созулбайт жана медициналык кийлигишүүнү талап кыбайт.

Эсиңизде болсун, жергиликтүү реакциядан ооруксунууну жеңилдетүү үчүн дарыны дарыгер гана жазып бере алат. Жергиликтүү жылытуучу каражаттарды (медикаментоздук, физиодарылоо) колдонууга такыр болбойт.

Эгер жергиликтүү реакциялар көлөмүнө карабастан 3 күндөн ашык сакталса, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл.

Жалпы реакциялар – бул баланын жалпы акыбалынын жана жүрүм-турумунун өзгөрүшү: тынчы кетүү, шалдыроо, уйкусу качуу жана тамакка табити бузулуу, дене табы 380С чейин көтөрүлүү.

Эмдөөдөн кийин дагы дарыгерден консультация алыңыз, анткени ар бир вакцина ар башка реакцияны козгойт, ошондой эле ар бир баланын организми индивидуалдуу.

Сейрек кездешүүчү же эмдөөгө олуттуу реакциялар – бул эмдөө каражатындагы конкреттүү компонентке болгон организмдеги ашыкча реакциялар, алар күтүлбөгөн, керек эмес жана аны алдын ала билүү мүмкүн эмес. Олуттуу реакциялар сейрек кездешет, алар өлүмгө же узак майыптыкка алып келет.

БЦЖ эмдөө каражатын сайуудагы сейрек кездешүүчү жергиликтүү каршы реакция болуп төмөнкүлөр саналат:

  • теридеги жара – эмдөө жасалгандан 3 жумадан 6 айга чейин;
  • эмдөө жасалган жеринде келоиддик тырык – эмдөө жасалгандан 1 жылдан кийин;
  • эмдөө жасалган тарапта лимфа түйүндөрүнүн чоңоюп кетиши – эмдөө жасалгандан 2-6 айдан кийин.

Кандай болбосун эмдөөдөн кийин жергиликтүү реакциянын оор өтүшү (гиперемия 8 см.ден ашык, шишиктин диаметри 5 см.ден ашык) бул каражатты  кийинкиде колдонууга болбойт дегенди билдирет. Аллергиялык оорусу бар балдарда эмдөө каражаттарынын компоненттерине сезимталдуулук  жогору болгондуктан, эмдөөгө аллергиялык реакциялар пайда болушу мүмкүн: бөрү жатыш, Квинке шишиги, анафилактикалык шок. Мындай реакциялар эмдөө алгачкы жолу жасалганда, же кайталанып жасалганда деле пайда болушу мүмкүн.