27.02.2022

4-февраль - Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнү

 

Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнү жыл сайын 4-февралда белгиленет. Ал "Эл аралык онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү союзу" (Эл аралык ракка каршы күрөшүү союзу) (UICC) тарабынан негизделген. Бул эл аралык күндүн максаты - азыркы цивилизациянын эң коркунучтуу ооруларынын бири болгон рак оорусуна көңүл буруу, элге эң коркунучтуу илдеттердин бири экенин түшүндүрүү, оорунун алдын алуу, аныктоо жана дарылоонун маанилүүлүгүн коомго жеткирүү.

Эл аралык ракка каршы күрөшүү күнү рак оорусу менен күрөштө дүйнө туш болуп жаткан көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруп, саясатчыларды жана UICCтин мүчө уюмдарын рак илдети менен күрөшүүгө үндөйт.

Белгилүү болгондой, рактын пайда болушун сергек жашоо нормаларынын жардамы менен алдын алууга болот:

• Тамекисиз чөйрөнү түзүү;

• Жетиштүү физикалык активдүүлүк жана тең салмактуу, туура тамактануу;

• Боордун жана жатын моюнчасынын рагын пайда кылуучу вирустарга каршы өз убагында эмдөө;

• Күндөн коргоочу кремдерди колдонуу.

Кыргызстанда, деги эле жалпы дүйнө жүзүндө рак оорусуна кабылгандардын саны өсүүдө. Тилекке каршы бул илдетке чалдыккандардын арасында жаштар да жок эмес. Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү:

- биринчи орунда - ашказандын рак оорусу,

- экинчи - сүт безинин рагы,

- үчүнчү - жатын моюнчасынын рагы,

- төртүнчү - өпкө рагы.