Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат
27.03.2023
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 20.03.
2023 - 26.03.2023-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 36 учуру катталып, анын 13ү ооруканага жаткырылды.
2023-жылдын 20-26-мартына карата тобокелдиктерди баалоо
матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү
репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу
эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 87 күнүнө карата
жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 057 учуру катталды, анын
ичинен 22 050 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%)
учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.