Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

29

12

2025

Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

26.12.2025

Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

25.12.2025

Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.

25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат

Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.

24.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги IV Элдик Курултайдын алкагында делегаттарды кабыл алууда

2025-жылдын 24-декабрында Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында IV Элдик Курултайдын делегаттарын кабыл алуу өтүүдө.

Курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана адистери делегаттарды кабыл алышты. Өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген 140тан ашуун өкүл саламаттык сактоо системасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолор менен кайрылышты. Ар бир кайрылуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди, бардык суроолор каттоого алынып, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн көзөмөлүнө коюлду.

Мындан тышкары, медициналык нөөмөт уюштурулду. Шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери жана Тез жардам борборунун бригадасы иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздоодо.

Медициналык жардам алууга 30дан ашуун адам кайрылды. Негизги даттануулар кан басымдын жогорулашы, баш оору жана өнөкөт оорулар менен байланыштуу. Медициналык жардам өз убагында жана толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.

#КУРУЛТАЙ2025

24.12.2025
Өмүр үчүн маанилүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү — мамлекет менен фармацевтикалык рыноктун жалпы жоопкерчилиги

2025-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов жеке фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү менен саламаттык сактоо уюмдарын өмүр үчүн маанилүү жана эң зарыл дары-дармектердин тизмесине кирген препараттар менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыска мөөнөттүү келечекте артыкчылыктуу милдет катары учурда айрым бейтаптар чет өлкөдөн сатып алууга мажбур болуп жаткан эң көп талап кылынган жана өмүр үчүн маанилүү дары-дармектердин тартыштыгын жоюу зарылдыгы белгиленди. Системалуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында Саламаттык сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлүп, ага 31-декабрга чейин дары-дармек менен камсыздоону жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды берүү тапшырылды. Ошондой эле жакынкы убакта тартыш болгон препараттарды жеткирүү боюнча практикалык чаралар көрүлүшү керектиги белгиленди.

Өмүр үчүн эң зарыл дары-дармектердин тизмесине кирген дары каражаттарына болгон муктаждыктын өсүшүн жана саламаттык сактоо системасынын масштабын эске алуу менен, үзгүлтүксүз камсыздоону уюштуруу комплекстүү ыкманы жана бардык тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылары айтылды. Ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишин күчөтүүнү жана оптималдаштырууну, анын ичинде кошумча каржылоону жана сатып алуу механизмдерин өркүндөтүүнү пландап жатат.

Ошону менен бирге, дары-дармектердин 95 пайызына чейинкиси импорттун эсебинен камсыздалып жаткан рыноктун учурдагы түзүмү алсыз экендиги баса белгиленди. Буга байланыштуу мамлекет тарабынан ата мекендик фармацевтикалык компанияларды колдоо үчүн каржылык инструменттер, анын ичинде Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу насыялык программалар каралып, дары-дармек өндүрүшүн локалдаштырууга багыттоо каралууда.

Министр онкологиялык бейтаптар үчүн дары-дармектерди сатып алуу маселесине өзгөчө токтолуп, бул багыт өзгөчө жоопкерчиликти жана абдан кылдат, тең салмактуу чечимдерди талап кыларын белгиледи. Жолугушууда айрым сатып алуулар боюнча клиникалык максатка ылайыктуулук жагынан Саламаттык сактоо министрлигинде олуттуу суроолор бар экени айтылды.

Тактап айтканда, министр «Кыргызфармация» МИ тарабынан тиешелүү коштоочу документтерсиз жүргүзүлгөн «Китруда» (пембролизумаб) онкологиялык препаратынын сатып алуусун мисал келтирди. Сатып алуунун жалпы суммасы болжол менен 80 млн сомду түзүп, алынган көлөм онкологиялык оорунун төртүнчү стадиясындагы болжол менен алты гана бейтапты дарылоого жетери белгиленди.

Мындай ыкмада бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча негиздүү суроолор жаралары айтылды, анткени ушундай эле каржылык ресурстарды оорунун алгачкы стадиясындагы бейтаптар үчүн дары-дармектерди сатып алууга багыттоо менен кыйла көп адамды камтып, айыгуу жана өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга болмок.

«Онкологиялык препараттар — бул маркетингдик эксперименттердин же пайда табуунун чөйрөсү эмес. Бул тармактагы ар бир чечим канча өмүрдү реалдуу сактап кала аларынын негизинде бааланышы керек», — деп баса белгиледи министр.

Ушуга байланыштуу этикага жат маркетингге, сатып алуу өтүнмөлөрү менен манипуляциялоого, дарыгерлерге басым көрсөтүүгө жана клиникалык көрсөткүчтөрдү коммерциялык кызыкчылыктар менен алмаштырууга жол берилбестиги белгиленди. Кызматтык кылмыштар үчүн жоопкерчилик күчөтүлгөн шартта дары-дармек менен камсыздоо тармагындагы бардык мыйзам бузууларга принципиалдуу укуктук баа берилери айтылды.

Көзөмөлдү күчөтүү жана пайдасыз практикалардын алдын алуу максатында дары-дармектердин кыймылын көзөмөлдөө системасын киргизүүнү аягына чыгарып, январь айынын аягына чейин толук ишке кириши керектиги тапшырылды. Анын ишке кириши сатып алуудан тартып акыркы керектөөчүгө чейин дары-дармектердин кыймылын ачык көзөмөлдөөгө, препараттардын реалдуу жеткиликтүүлүгүн көрүүгө, муктаждыктарды божомолдоп, сатып алууларды алдын ала пландаштырууга жана тартыштык коркунучтарына ыкчам чара көрүүгө мүмкүндүк берет.

Ушул эле системанын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментине фармацевтикалык рыноктогу өз пайдасын гана көздөгөн катышуучулардын атайын базасын түзүү механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Бул базага мыйзамдарды жана этикалык ишкердик принциптерин бузган субъекттер киргизилет. Мындай базага киргизилүү Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармектерди жеткирүүгө катышууну чектөөгө негиз болот.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр дары-дармек саясаты мамлекеттин жана бейтаптын кызыкчылыгында гана калыптанышы керектигин баса белгиледи.

«Министрликтин милдети — эң сезимтал тармактардын биринде тартип орнотуу. Бул жерде жеке кызыкчылыктарга орун жок. Мамлекеттин кызыкчылыгы жана бейтаптын кызыкчылыгы гана бар, жана мындан аркы чечимдер дал ушул принциптерге таянат», — деп жыйынтыктады Каныбек Досмамбетов.

Жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга, Өмүр үчүн эң зарыл дары-дармектердин тизмесине кирген дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого, фармацевтикалык рыноктун ачыктыгын жогорулатууга жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган сунуштарды берүүгө макулдашышты.

 

23.12.2025
Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдуу альянстын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын иммунизация системасын бекемдөө

2025-жылдын 14-декабрынан 18-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (мандан ары - ВИГА), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык кеңсесинин, өлкөлүк өнөктөштөр ДССУнун жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен биргеликте миссияны аяктады. Миссиянын максаты - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо жана улуттук иммунизация системасын чыңдоо.

Миссия иммунизация программаларын жана аларды ишке ашыруунун туруктуулугун жогорулатуу маселелери боюнча негизги кызыкдар тараптар менен стратегиялык жолугушууларды камтыган.

Конструктивдүү диалогдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Рыспек Сыдыгалиев жана ВИГАнын улук өлкөлүк менеджери Лео Каррер иммунизациялоо программаларынын наркын эсептөөнүн заманбап механизмдерин ишке ашыруу жана 2026–2030-жылдар аралыгындагы узак мөөнөттүү бюджеттик пландаштырууну иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, алар ВИГА 6.0 долбоорунун негизги багыттарын жана анын стратегиялык артыкчылыктарын, иммунизациялоону ички каржылоону көбөйтүү боюнча демилгелерди илгерилетүү жана жарандык коом уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Миссиянын программасында ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районундагы саламаттыкты сактоо мекемесиндеги райондук вакцина кампасына баруу жана Улуттук вакцина кампасын куруу маселесин талкуулоо үчүн жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен жолугушуулар кирген.

ВИГА миссиясы Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү, анткени ал жетишилген натыйжаларды баалоого, вакциналардын коопсуздук системаларын чыңдоого жана Улуттук иммундаштыруу программасынын алкагында вакциналарды туруктуу каржылоону камсыз кылуу боюнча андан аркы кадамдар боюнча макулдашууга жардам берет.

 

22.12.2025
Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу дары-дармек менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу топ менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов калкты сапаттуу жана зарыл дары-дармектер менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу топ менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөгө жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди үзгүлтүксүз жеткирүү маселелери каралды. Өмүр үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген препараттарды каттоодо бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, каттоо мөөнөттөрүн кыскартуу жана кезектерди азайтуу зарылдыгы белгиленди.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу эки айдын ичинде республика аймагындагы дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү жана саламаттык сактоо системасынын муктаждыктары тууралуу актуалдуу маалыматты камтыган бирдиктүү электрондук базаны ишке киргизүүнү тапшырды.

2026-жылдын башында дары-дармек тартыштыгын алдын алуу максатында, ошондой эле «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын дары-дармектер менен толук жана үзгүлтүксүз камсыздоодогу объективдүү чектөөлөрүн эске алуу менен, саламаттык сактоо уюмдарына зарыл болгон дары-дармектерди өз алдынча сатып алуу жана тендер өткөрүү укугун берүү маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, дары-дармек менен камсыздоо тармагында комплекстүү жана туруктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында жеке фармацевтикалык сектордун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

 

 

20.12.2025
Сузактагы Алийма Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борборунун медицина кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар тапшырылды

Бүгүн, 20-декабрда Сузактагы Алийма Ташиева атындагы эне жана баланы коргоо борборунун медицина кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар берилди. Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов катышып, ак халатчандарга батирлердин ачкычтарын тапшырды.

 

Батирлер 4% чен менен Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Манас шаарындагы турак-жайларынан берилген. Бул камкордук медицина кызматкерлеринин жашоо шарттарын жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

 

Иш-чаранын алкагында Айбек Маткеримов “Асман Резиденс 1” турак жай комплексиндеги медицина кызматкерлеринин батирлерин көрүп чыгып, шарттары жана түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр менен жеринде таанышты.

 

Эскерте кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган борбордон кабар алган. Анда ал медицина кызматкерлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан батирлерди берүүгө өзгөчө көңүл бурууну, ошондой эле шарттарын максималдуу түрдө ыңгайлаштырууну МИКтин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө тапшырган болчу. Андан сырткары медицина кызматкерлери ар тараптуу колдоого алынары белгилеген.

20.12.2025
КР Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын инфраструктурасы жана жабдууларынын абалы менен таанышты

2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасына (ООАБКО) барды. Анда ал стационардын медициналык ишмердүүлүгү жана инфраструктурасынын учурдагы абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө оорукананын директору Атабек Жумалиев ведомствонун башчысына жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле регион калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берди.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу ыкчам кардиология жана рентгенэндоваскулярдык хирургия бөлүмдөрүнө барып, медициналык жабдуулардын абалы менен таанышты. Тактап айтканда, оорукананын жетекчилиги компьютердик томограф учурда толук көлөмдө иштеп жатканын, ал эми ангиографиялык аппарат тетиктеринин эскиришине байланыштуу иштен чыкканын маалымдады. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 13,5 млн сом бөлүнүп, тендер өткөрүлүп, подрядчы аныкталган. Учурда бардык керектүү тетиктер жеткирилген, подрядчы уюмдун адистери монтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабдууну пайдаланууга берүү ушул айдын аягына чейин пландалууда.

Мындан тышкары, Каныбек Досмамбетов KfW Германиянын өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен курулуп жаткан перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышып, курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөттөрүнө катуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.

ООАБКОнун жетекчилиги бир катар көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде «Кыргызфармация» МИ аркылуу дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык жабдууларды техникалык тейлөө маселелерин көтөрдү.

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу бул маселелерди чечүүдө министрлик тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана медициналык техниканын үзгүлтүксүз иштеши артыкчылыктуу багыттардын катарында экенин баса белгиледи.

Иш сапардын жүрүшүндө кадрдык потенциал маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Каныбек Досмамбетов медициналык адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын, анын ичинде чет өлкөлөрдө окутууну кеңейтүү, ошондой эле заманбап диагностикалык жана дарылоо ыкмаларын киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананы мындан ары өнүктүрүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

19.12.2025
«Медицинанын келечеги — сиздердин колуңуздарда»: КР Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу ОшМУнун медицина факультетинин студенттери менен жолугушту

Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Ош мамлекеттик университетине барып, медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.

Ачык диалогдун жүрүшүндө ведомствонун башчысы бул сапар клиниканын иши менен таанышуу гана эмес, келечектеги дарыгерлер менен түз баарлашуу, алардын күтүүлөрүн, кесиптик пландарын жана саламаттык сактоо системасынын алдында турган негизги чакырыктарды талкуулоо максатын көздөгөнүн белгиледи.

Министрдин милдетин аткаруучу бүгүн Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасы терең реформалардын этабында турганын, бул зарылчылык эң жогорку деңгээлде аныкталганын айтты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров тармакты башкаруудан жана каржылоодон тартып, медициналык кадрларды даярдоого чейин комплекстүү модернизациялоо милдетин койгонун баса белгиледи.

Каныбек Досмамбетов өз сөзүндө жогорку технологиялык медициналык жардамды жана трансплантологияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр тармактагы кадрлардын жетишсиздиги, эмгек акынын төмөн деңгээли, ошондой эле мурда системанын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген коррупциялык тобокелдиктер сыяктуу көйгөйлөрдү ачык белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндөгү негизги маселе — медицина кызматкерлеринин эмгегин татыктуу баалоо жана жаш адистердин өлкөдө иштеп, өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Студенттерге кайрылып жатып, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу алардын ата мекендик медицинанын келечегиндеги орду өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
«Эртең дал сиздер биздин жарандарды дарылап, саламаттык сактоо системасын калыптандырасыздар. Эмгек акыны жогорулатуу, турак жай маселесин жакшыртуу, жаш адистерди колдоо жана заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу мамлекет сиздер үчүн шарттарды түзөт. Биз сиздерге ишенебиз жана келечегиңиздерди медицина жана өз өлкөңүздөр менен байланыштырасыздар деп үмүттөнөбүз», — деди Каныбек Досмамбетов.

Жолугушуунун соңунда министр студенттерди кесипке берилген бойдон калууга, өздөрүн активдүү өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган өзгөрүүлөргө жигердүү катышууга чакырды.

19.12.2025
Кыргызстандын түштүгүндө боор трансплантациясы алгач ирет жасалды: саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу операциянын жыйынтыгы менен таанышты

Бүгүн, 2025-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинин Медициналык борборуна барып, боор трансплантациясы боюнча жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгы жана бейтаптардын операциядан кийинки абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ведомствонун башчысы профилдик бөлүмдөрдү кыдырып, медициналык кызматкерлер менен баарлашты жана донор менен реципиенттин операциядан кийинки дарылоо процессинин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат алды. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, эки бейтап тең туруктуу медициналык көзөмөлдө болуп, абалдары туруктуу деп бааланууда.

Министрге 2025-жылдын 13-декабрында ОшМУнун Медициналык борборунда боор трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлгөнү маалымдалган. Бул операция Кыргыз Республикасынын түштүгүндө алгач ирет аткарылган трансплантация болуп саналат.

Реципиент — сегиз жыл бою В, С жана D вирустук гепатиттери менен жабыркап, анын негизинде боор циррозу өнүккөн 50 жаштагы бейтап. Донор катары анын 25 жаштагы уулу чыккан. Операция алты сааттан ашык убакытка созулган.

Хирургиялык кийлигишүү Н. В. Склифосовский атындагы Тез жардам илимий-изилдөө институтунун боор трансплантациясы бөлүмүнүн башчысы, трансплантолог дарыгер, медицина илимдеринин доктору Мурад Наврузбековдун жетекчилиги алдында ОшМУнун Медициналык борборунун командасы менен биргеликте аткарылган.

ОшМУнун Медициналык борборунун жамааты менен болгон жолугушууда Каныбек Досмамбетов жогорку технологиялык медициналык жардамдын өлкө ичинде көрсөтүлүшү саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров органдарды трансплантациялоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө артыкчылык берип, бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча тапшырма берген. Трансплантологияны өнүктүрүү жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле бейтаптардын жашоо сапатын жана узактыгын жакшыртууга багытталган стратегиялык чара катары каралууда. Биз үчүн жарандардын квалификациялуу, жогорку технологиялык медициналык жардамды чет өлкөгө чыкпастан, өз мекенинде алуусу өтө маанилүү», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Ошондой эле саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу ОшМУнун Медициналык борбору бүгүн натыйжалуу башкаруу моделин көрсөтүп жатканын — заманбап жабдуулар, күчтүү команда жана каржылык процесстердин ачык-айкын уюштурулушу менен айырмаланарын баса белгиледи. Анын айтымында, бул жерде дарыгерлер жана медициналык персонал татыктуу эмгек акы алышат, ал эми каржылык агымдар көмүскөдөн чыгарылган. Мындай башкаруучулук чечимдер саламаттык сактоо системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

«Медициналык кызматтар расмий тарифтер боюнча көрсөтүлгөндө, каражаттар мекеменин кассасына түшөт да, формалдуу эмес агымдарга кетпейт. Бул дарыгерлердин жана медициналык персоналдын эмгек акысын жогорулатууга кирешенин кеминде 50 пайызын багыттоого, ошондой эле каражаттын бир бөлүгүн медициналык уюмдун өзүн өнүктүрүүгө жумшоого шарт түзөт. Мындай ыкма коррупциялык көрүнүштөрдү олуттуу кыскартып, туруктуу мотивациялык системаны түзүүгө мүмкүндүк берет», — деди Каныбек Досмамбетов.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров тарабынан ушул жылы кол коюлган Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө саламаттык сактоо уюмдарынын бир бөлүгүнө автономия берүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирерин маалымдады. Долбоордун алкагында болжол менен 20 саламаттык сактоо уюму кеңейтилген башкаруучулук жана каржылык өз алдынчалуулукка өтөт.

ОшМУнун Медициналык борборунда калыптанган башкаруу модели бул долбоорду ишке ашырууда колдонулушу мүмкүн. Эгер пилоттук долбоор өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, бул ыкма бүтүндөй республика боюнча жайылтылышы ыктымал.

Өз кезегинде ОшМУнун Медициналык борборунун жетекчилиги мекеме боор трансплантациясы жана жогорку технологиялык медициналык жардамдын башка түрлөрүн өнүктүрүүнү улантарын, мында клиникалык протоколдорду, биокоопсуздук талаптарын жана Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларын так сактай турганын белгиледи.

19.12.2025
Саламаттык сактоо системасында адам ресурстарын башкаруу боюнча семинар-тренингдердин цикли аяктады

Бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасында адам ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселелерине арналган семинар-тренингдердин цикли жыйынтыкталды.

Окутуу иш-чаралары Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу менен уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана ага караштуу уюмдардын кадрдык кызматтарынын кызматкерлерин, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин орун басарларын бириктирди.

Семинарлар циклинин жабылуу аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышты.

Өз сөзүндө Айбек Маткеримов саламаттык сактоо системасынын адистери үчүн окуу семинарларынын циклин уюштурганы үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасына ыраазычылык билдирди. «Адам ресурстарын башкаруунун сапатын жогорулатуу жана нормативдик-укуктук ишмердүүлүк жаатындагы компетенцияларды өнүктүрүү саламаттык сактоо системасынын ишинин натыйжалуулугуна жана көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына түздөн-түз таасир этет», — деп белгиледи ал.

Өз кезегинде БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева: «Саламаттык сактоо системасынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө жана нормативдик-укуктук базаны чыңдоого багытталган семинарлар циклин колдоого алгандыгыбызга кубанычтабыз. Бул окутуу иш-чаралары мыйзамдардын практикалык колдонулушуна, башкаруучулук компетенцияларды жогорулатууга жана системанын бардык деңгээлдеринин, анын ичинде региондордун потенциалын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Алынган билимдер заманбап, туруктуу жана адамга багытталган саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарда кеңири колдонулат деп ишенебиз», — деп белгиледи.

Семинарлар циклинин максаты — адистердин потенциалын жогорулатуу, персоналды башкаруу жаатындагы билимдерин актуалдаштыруу, башкаруучулук жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле стратегиялык пландаштыруу жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу инструменттерин өздөштүрүү болду.

Семинарлардын жыйынтыгында катышуучулар эмгек мыйзамдары, мамлекеттик кызмат, персоналды башкаруу жана стратегиялык пландаштыруу жаатында практикалык билимдерге жана инструменттерге ээ болушуп, аларды күнүмдүк кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонушат.

16.12.2025
Дары-дармектер, анализдер, дарылоо шарттары: саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө барды

Бүгүн, 2025-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкология бөлүмүнө пландан тышкаркы сапар менен барды. Иш сапардын алкагында ведомство жетекчиси дарылоо процессинин уюштурулушу, инфраструктуранын абалы, дары-дармек менен камсыздоо системасы жана көмөкчү кызматтардын иши менен жеке таанышты. Ошондой эле бейтап балдардын ата-энелери менен ачык жана узакка созулган жолугушуу өткөрүп, анда эң курч жана системалуу маселелер кеңири талкууланды.

Ата-энелер дары-дармек менен камсыздоо, айрым препараттардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү, шарттары жана өз убагында жеткирүү маселелерин көтөрүштү. Бул маселелер балдардагы онкологиялык жана онкогематологиялык ооруларды дарылоодо өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди. Айрыкча лабораториялык кызматтын ишине көңүл бурулуп, айрым анализдерди, анын ичинде С-реактивдүү белоктун деңгээлин жана дарылоонун жүрүшүндө балдардын абалын көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон башка көрсөткүчтөрдү аныктоо максатында ата-энелердин жеке лабораторияларга кайрылууга мажбур болуп жатканы айтылды.

Кандын компоненттери менен камсыз кылуу, алардын логистикасы жана өз убагында жеткирүү маселеси өзүнчө талкууланды. Бул багытта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу бөлүмдүн муктаждыктары үчүн кандын компоненттерин жана башка медициналык керектөөлөрдү үзгүлтүксүз ташып жеткирүүгө арналган адистештирилген автомашина бөлүү боюнча тапшырма берди.

Иш сапардын жүрүшүндө дары-дармектерди сатып алуу маселеси да көтөрүлдү. Каныбек Досмамбетов өз позициясын так билдирип, айрыкча балдар үчүн өмүргө зарыл болгон препараттарга карата сатып алуулар системасында үзгүлтүктөргө, ачык эместикке жана натыйжасыз механизмдерге жол берилбеши керектигин баса белгиледи. Калыптанган кырдаал системалуу баалоону жана башкаруучулук чечимдерди талап кылаары айтылды.

Ушуга байланыштуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, ошондой эле «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн комплекстүү кароо үчүн комиссия түзүү чечими кабыл алынганын билдирди. Комиссиянын максаты — учурдагы процедураларды талдап, көйгөйлүү звенолорду аныктоо жана дары-дармек менен камсыздоо системасында натыйжалуулукту, ачыктыкты жана жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

Жолугушууда дарыгерлердин дисциплиналар аралык өз ара аракеттенүүсү, консилиумдарды уюштуруу, ошондой эле балдардын жана аларды коштоп жүргөн ата-энелер үчүн түзүлгөн шарттарга өзгөчө көңүл бурулду. Ведомствонун башчысы балдар онкологиясы медициналык, уюштуруучулук жана социалдык аспектилер бирдикте каралууга тийиш болгон өзгөчө, комплекстүү мамилени талап кыларын белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жетекчилигине жана Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө лабораториялык кызматтын ишин жакшыртуу, зарыл анализдердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, кандын компоненттеринин логистикасын өркүндөтүү, дары-дармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү жана сатып алуу процесстерин оптималдаштыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле балдардын ата-энелеринин тамак-аш маселесин чечүү, алар үчүн зарыл болгон турмуш-тиричилик шарттарын түзүү, кошумча балдар столдорун сатып алуу жана кыска мөөнөттө аталган корпуста дарыкана пунктун уюштуруу тапшырылды. Бул ата-энелердин алыскы дарыканаларга кайрылуусуна жол бербөө максатын көздөйт.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу учурда өлкө Президенти С.Н. Жапаровдун тапшырмасы менен Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда узак мөөнөттүү дарыланууда жүргөн региондордон келген онкологиялык оорулуу балдардын ата-энелери үчүн убактылуу жайгашууга арналган адистештирилген пансион куруу маселеси иштелип жатканын маалымдады. Бул долбоордун ишке ашырылышы үй-бүлөлөр үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүп, социалдык жана каржылык жүктү азайтууга, ошондой эле жогорку адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

16.12.2025
Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыгуу 11,7%га төмөндөдү

2025-жылдын 50-жумасында (8–14-декабрь) КРВИ жана сасык тумоонун 37 629 учуру катталды. 49-жумага салыштырмалуу (42 561 учур) оорулардын саны 11,7%га азайганы байкалууда. Ооругандардын жалпы санынын 72,2%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

15-декабрга карата республика боюнча инкубациялык мезгилге байланыштуу 526 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү.

Ошондой эле 403 мектепке чейинки билим берүү мекемеси инкубациялык мезгилге жабылды.

Аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери КРВИ жана сасык тумоого чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

15.12.2025
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу жеке саламаттык сактоо секторунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

2025-жылдын 13-декабры. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов жеке медициналык борборлордун жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоодогу жеке секторду өнүктүрүү маселелери, анын ичинде аны мындан ары өркүндөтүү концепциясы, ошондой эле медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Ведомствонун башчысы өлкө ичинде жеке медициналык уюмдарды өнүктүрүү калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын түрлөрүн кеңейтүүгө жана чет өлкөдө дарыланууга болгон муктаждыкты азайтууга өбөлгө түзгөн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

«Саламаттык сактоонун жеке секторун өнүктүрүү — бул мамлекеттик система үчүн альтернатива эмес, анын маанилүү толуктоосу. Биздин милдет — жарандарга сапаттуу медициналык жардамды өлкө ичинде, чет жакка чыгуу зарылдыгы жок шартта жеткиликтүү кылуу», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов.

Жолугушуунун жүрүшүндө жеке клиникалардын ишмердүүлүгү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, заманбап медициналык технологияларды киргизүүгө жана медициналык кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантып, Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоонун жеке секторун туруктуу өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты.

 

15.12.2025
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына саламаттык сактоо министринин орун басарларын тааныштырды

Бишкек, 2025-жылдын 15-декабры. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган саламаттык сактоо министринин орун басарларын тааныштырды.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесине ылайык, Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бакытбек Кадыралиев жана Рыспек Сыдыгалиев саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

 

Тааныштыруу учурунда Эдиль Байсалов жаңыланган башкаруучу команданы түзүү Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмаларына ылайык саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттерин ишке ашырууга багытталганын белгиледи.

 

Өз кезегинде саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, команда алдыга коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга толук даяр экенин баса белгиледи.

14.12.2025
Министрдин м.а. Каныбек Досмамбетов баштаган медицина кызматкерлеринин командасы 3-орунду камсыздашты

Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды.

Ошентип, мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду “Аймактар” командасы ээлеп, 400 миң сом утуп алды. Мамлекет башчысы “Мурас” футболдук турниринде биринчи жолу жеңишке жеткен “Аймактар” командасын куттуктады.

Экинчи орунга “Президенттин командасы” чыгып, 300 миң сом алды.

200 миң сом байге алган “Ден соолук” командасы 3-орунду ээледи.

“Ыйман” командасы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Ошондой эле үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары аныкталып, аларга 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды:

“Эң мыкты оюнчу” — Эрик Молдокулов (“Ыйман”).

“Эң мыкты чабуулчу” —  Нурлан Турусбеков (“Ден соолук”).

“Эң мыкты дарбазачы” — Нурбек Алимов (“Аймактар”).

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды алгандар кубокторго жана медалдарга ээ болушту. Сыйлык тапшыруу аяктагандан кийин эстеликке сүрөткө түшүү болду.

10.12.2025
КР Саламаттык сактоо министрлиги «Сезим» кризистик борборунун пресс-турунда гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагында катышты

2025-жылдын 9-декабрында Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Нургуль Аднаева «Сезим» кризистик борбору тарабынан уюштурулган, гендердик зомбулукка каршы эл аралык «16 күн активдүү аракеттер» кампаниясынын алкагындагы иш-чарага катышты.

Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук көйгөйүнө көңүл буруу, аялдарга жана балдарга көрсөтүлүүчү ыкчам жардам механизмдерин тааныштыруу, мамлекеттик органдарды жана ЖМК өкүлдөрүн борбордун иши менен тааныштыруу болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага жооп кайтаруу багытында олуттуу прогресс бар экенин белгиледи. Бүгүн аялдар өздөрүн көбүрөөк корголгон сезишет жана жардам алууга эркин кайрыла алышат, ал эми мамлекеттик органдар ар бир кайрылууну кылдат карап чыгышат. Өкмөт аялдарды, балдарды жана калктын аярлуу катмарларын коргоо багытында иш алып барган уюмдарга колдоону туруктуу түрдө жогорулатып келет.

Борбордун негиздөөчүсү, укук коргоочу Бюбүсара Рыскулова кампанияга Кыргызстандын катышуу тарыхы жана «Сезим» кризистик борборунун 1998-жылдан бери иштеп келе жаткан көп жылдык тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

«Нур» Транзиттик социалдык үйүнүн адистери катышуучуларга ыкчам жардамдын түрлөрү тууралуу маалымат беришти: аялдар менен балдарды коопсуз жайгаштыруу, кризистик коштоп жүрүү, баштапкы жооп кайтаруу, коргоо кызматтары менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.

Борбордун психологу жабыркагандар менен иштөө өзгөчөлүктөрү жана зомбулуктун психологиялык кесепеттери тууралуу айтып берип, анонимдештирилген мисалдарды келтирди. «Сезим» кризистик борборунун юристтери Кыргыз Республикасында аялдар менен балдарды үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоого багытталган мыйзамдарга сереп жүргүзүп, укуктук нормалардын практикалык колдонулушуна байланышкан реалдуу кейстерди көрсөтүштү. Ошондой эле катышуучуларга адистердин өз учурундагы жардамы аркылуу кризистен чыга алган аялдардын анонимдештирилген окуялары сунушталды.

Гендердик зомбулукка каршы «16 күн активдүү аракеттер» эл аралык кампаниясы 1991-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүн камтыйт.

09.12.2025
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо борборунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда (ЖХжОТИИИ) эң татаал жана сейрек жасалуучу операциялардын бири – төмөндө жайгашкан көкүрөк аортасына жана инфрареналдык бөлүгүнө шунт коюу, ошондой эле кыска кан тамырды, жогорку ич көңдөйүнүн жана сол бөйрөк артерияларын протездөө ийгиликтүү аткарылып, оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү сактап калынды.

Өспүрүмдө фибромускулярдык дисплазия диагнозу коюлуп, ич көңдөйүндөгү аорта жана анын эң маанилүү бутактары — кыска кан тамыр, жогорку ич көңдөйүнүн жана бөйрөк артериялары жабыркаган. Бул оору олуттуу артериалдык гипертензияга жана гипертрофиялык кардиомиопатияга алып келген. 2022-жылдан тарта жүргүзүлгөн консервативдик дарылоого карабастан, 2025-жылдын октябрында баланын абалы кескин оорлоп, дары-дармек терапиясы натыйжа бербей калды. Ата-энеси аталган институтка кайрылгандан кийин, бейтап дароо хирургиялык бөлүмгө жаткырылып, кеңири текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында шашылыш операция талап кылынары аныкталды.

2025-жылдын 29-октябрында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун хирургдар командасы ич көңдөйүндөгү аорта жана анын бутактарын протездөө боюнча татаал жогорку технологиялуу операция жасады. Техникалык жактан абдан татаал жана узакка созулган бул операция ийгиликтүү өттү. Бейтап эки күн жандандыруу бөлүмүндө болуп, андан кийин жалпы бөлмөгө которулду. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда жана жакын арада үйүнө чыгарууга даярдалууда.

Адистер белгилегендей, мындай операциялар Кыргыз Республикасында жалгыз Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда гана жасалат. Институт өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр хирургиясынын алдыңкы мекемеси болуп саналат жана заманбап жабдуулар, анын ичинде ЭКМО жана аорталдык контрпульсация аппараттары менен камсыздалган. Бул чоңдорго, балдарга жана ымыркайларга татаал операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары балдар кардиохирургу жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун дарылоо иштери боюнча башкы дарыгери Бекболот уулу Нурболот жасалган операциянын маанилүүлүгүн жана институттун жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы ордун баса белгиледи:
«Операция техникалык жактан өтө татаал болду. Анын ийгиликтүү аткарылышы командалык иштин жана институттун материалдык-техникалык базасынын жогорку деңгээлинин аркасында мүмкүн болду. Мындай операциялар республикада жалгыз гана биздин институтта жасаларын баса белгилейбиз. Биздин жамаат балдарга өзгөчө көңүл бурат: 6 жашка чейинки балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга операциялар акысыз жасалат. Бейтаптын абалы турукташканына кубанычтабыз жана ага толук сакайып кетүүнү каалайбыз», — деди Бекболот уулу Нурболот.