Copyright: ©

"Сапатты көзөмөлдөөнүн максаты жазалоо эмес, келечекте оор жагдайларды аныктоо жана алдын алууга багытталган"

22.04.2024 / Просмотров: 3147

2024-жылдын 12-13-апрелинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат комиссияларынын мүчөлөрүн камтыган медицина кызматкерлери натыйжалуу жана сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон эл аралык жана улуттук сапат принциптери, стандарттары жана инструменттери боюнча билимин жана көндүмдөрүн кеңейтип чыңдашты.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын неонаталдык реанимация бөлүмүнүн башчысы Рахат Изабекова башка семинардын катышуучуларына жеткиликтүүлүк, эффективдүүлүк жана ыкчамдуулук сыяктуу факторлор сапатка жетүүгө жардам берээри менен бөлүштү: «Биздин ооруканада балдардын жана энелердин өлүмүнүн алдын алуу, ошондой эле инфекцияларга каршы күрөшүүдө Сапат комитети маанилүү ролду ойнойт. Биздин максат – эне менен баланын ден соолугу чың болуп үйгө чыгарылышын жана ар бир бейтаптын жалпы канааттануусун камсыз кылуу. Семинарда алынган жаңы маалыматтын негизинде ар бир кадамды кылдат пландаштырып, эң негизгиси реалдуу план түзүшүбүз керек экенин түшүндүм. Ар бир кырдаалда шылтоолорду айта берсек, маселенин маңызын толук түшүнө албай, керектүү деталдары так жазылбай калат. Биздин максат жазалоо эмес, келечекте оор кырдаалды аныктоо жана алдын алуу».

Төрөткө чейинки кызматтардын жана квалификациялуу төрөттүн кенен камтылышына карабастан, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү кооптуу бойдон калууда жана ал 2022-жылы 100 000 тирүү төрөлүүгө карата 28,1 учурду түзүп келди. Бул көйгөйгө чара катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коопсуздук стандарттарына жана калктын керектөөлөрүнө ылайык медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн тааныган Улуттук сапат стратегиясын бекитти.

«Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу биздин саламаттыкты сактоо системабыз үчүн маанилүү. Перинаталдык жардамды төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки мезгилге көбүрөөк маани беришибиз керек, анткени бул адам өмүрүн сактап калуу жана өлүү төрөттүн алдын алуу үчүн абдан маанилүү. Бул интервенциялардын камтылышын жогорулатуу гана эмес, кеп ар бир аял жана жаңы төрөлгөн баланын квалификациялуу, далилдүү жана урматка негизделген кам көрүшү тууралуу болуп атат. Энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатында медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча бул семинар аталган максатка жетүүдөгү алгылыктуу кадам болуп саналат”, - деп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова белгилей кетти.

Эки күндүк семинардын катышуучулары сапат боюнча жалпы түшүнүктөрүн кеңейтип, Сапат комитети менен төрөт үйлөрүнүн/бөлүмдөрүнүн ортосундагы интеграцияны бекемдөө үчүн ар кандай сапат куралдарын колдонуп, үзгүлтүксүз сапатты жакшыртууну уюштуруу боюнча клиникалык билимин талкуулашты.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык кызматтын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Турсунбекова баса белгилегендей: «Изилденген темалар бизге бейтаптардын канааттануусун жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди пландаштырууга жана натыйжалуу уюштурууга жардам берет. Эмпатия жана бейтаптын керектөөсүнө көңүл буруу абдан маанилүү жана коопсуздук деген түшүнүк ооруканага киргенде эле башталат: ага пандустардын орнотулушу жана тепкичтердеги белгилердин илиниши кирет. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, сапат стандарттарын өзгөртүүгө бир эле адам болсо дагы олуттуу таасир эте алаарын көрдүм. Өзүбузгө жогорку талаптарды коюп, жетекчинин дагы эрки, көз карашы жана так багытты белгилеши маанилүү”.

БУУнун Калк фондунун жана Индиялык өнөктөштүк фондунун “Төрөт үйлөрүндө акушердик байкоо жана телеконсультация үчүн жооп берүү системасын колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарга жетүүдө алдын ала турган энелердин ооруларын азайтуу” долбоорунун алкагында медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасында сапаттуу медициналык тейлөөнү жакшыртуу, ар бир кош бойлуу аялдын жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын өз убагында сапаттуу жардам алуусун камсыз кылууда маанилүү кадам болуп эсептелет.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Тамара Азимбаева медициналык тейлөөнүн сапатын сактоо боюнча ой бөлүштү: “Бир чоң көйгөйдү чоо-жайына чейин бөлүп кароо менен сапаттуу жана рационалдуу чечимдеп кабыл алынат. Бул семинарда биз “даярдоо”, “контролду күчөтүү” сыяктуу жалпы терминдерди колдонууга караганда конкреттүү деталдарды берүү натыйжалуураак экенин билдик. Иштин жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн мен өзүмдүн бөлүмүмдө ушул ыкманы колдоном».

Талкуунун жүрүшүндө семинардын катышуучулары бүгүнкү күндө эмгек акынын аздыгы жана кадрлардын жана ресурстардын жетишсиздиги, тилекке каршы, дарыгерлерге бир топ жүктү алып келип, медициналык тейлөөнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу ой – пикир бөлүшүштү.

«Келечектеги ишибизде биз семинарда айтылган методологияны колдонуп, ар кандай көйгөйлөрдүн түпкү себебин аныктоого жана түшүндүрүүгө ниеттенип жатабыз. Оорукананын сапаты боюнча подкомитеттер биздин ишмердүүлүктү карап чыгып, эч кимди күнөөлөп же жазалабастан, жакшырта турган жерлерибизди аныктай алат. Бул максатта биз дарыгерлердин арасында өз ара көзөмөл жүргүзүү ыкмасын мындан ары да колдонобуз», - деди Асанова Асылкан, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн башчысы.

Медициналык кызматкерлер, анын ичинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн семинар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду тарабынан колдоого алынып ишке ашырылуучу акушердик көзөмөл жана телемедициналык кызматтар сыяктуу инновациялык чаралар аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн жана оорууларынын алдын алуусуна багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы долбоорунун алкагында уюштурулган.

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.