Copyright: ©

"Сапатты көзөмөлдөөнүн максаты жазалоо эмес, келечекте оор жагдайларды аныктоо жана алдын алууга багытталган"

22.04.2024 / Просмотров: 5239

2024-жылдын 12-13-апрелинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат комиссияларынын мүчөлөрүн камтыган медицина кызматкерлери натыйжалуу жана сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон эл аралык жана улуттук сапат принциптери, стандарттары жана инструменттери боюнча билимин жана көндүмдөрүн кеңейтип чыңдашты.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын неонаталдык реанимация бөлүмүнүн башчысы Рахат Изабекова башка семинардын катышуучуларына жеткиликтүүлүк, эффективдүүлүк жана ыкчамдуулук сыяктуу факторлор сапатка жетүүгө жардам берээри менен бөлүштү: «Биздин ооруканада балдардын жана энелердин өлүмүнүн алдын алуу, ошондой эле инфекцияларга каршы күрөшүүдө Сапат комитети маанилүү ролду ойнойт. Биздин максат – эне менен баланын ден соолугу чың болуп үйгө чыгарылышын жана ар бир бейтаптын жалпы канааттануусун камсыз кылуу. Семинарда алынган жаңы маалыматтын негизинде ар бир кадамды кылдат пландаштырып, эң негизгиси реалдуу план түзүшүбүз керек экенин түшүндүм. Ар бир кырдаалда шылтоолорду айта берсек, маселенин маңызын толук түшүнө албай, керектүү деталдары так жазылбай калат. Биздин максат жазалоо эмес, келечекте оор кырдаалды аныктоо жана алдын алуу».

Төрөткө чейинки кызматтардын жана квалификациялуу төрөттүн кенен камтылышына карабастан, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү кооптуу бойдон калууда жана ал 2022-жылы 100 000 тирүү төрөлүүгө карата 28,1 учурду түзүп келди. Бул көйгөйгө чара катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коопсуздук стандарттарына жана калктын керектөөлөрүнө ылайык медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн тааныган Улуттук сапат стратегиясын бекитти.

«Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу биздин саламаттыкты сактоо системабыз үчүн маанилүү. Перинаталдык жардамды төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки мезгилге көбүрөөк маани беришибиз керек, анткени бул адам өмүрүн сактап калуу жана өлүү төрөттүн алдын алуу үчүн абдан маанилүү. Бул интервенциялардын камтылышын жогорулатуу гана эмес, кеп ар бир аял жана жаңы төрөлгөн баланын квалификациялуу, далилдүү жана урматка негизделген кам көрүшү тууралуу болуп атат. Энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатында медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча бул семинар аталган максатка жетүүдөгү алгылыктуу кадам болуп саналат”, - деп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова белгилей кетти.

Эки күндүк семинардын катышуучулары сапат боюнча жалпы түшүнүктөрүн кеңейтип, Сапат комитети менен төрөт үйлөрүнүн/бөлүмдөрүнүн ортосундагы интеграцияны бекемдөө үчүн ар кандай сапат куралдарын колдонуп, үзгүлтүксүз сапатты жакшыртууну уюштуруу боюнча клиникалык билимин талкуулашты.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык кызматтын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Турсунбекова баса белгилегендей: «Изилденген темалар бизге бейтаптардын канааттануусун жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди пландаштырууга жана натыйжалуу уюштурууга жардам берет. Эмпатия жана бейтаптын керектөөсүнө көңүл буруу абдан маанилүү жана коопсуздук деген түшүнүк ооруканага киргенде эле башталат: ага пандустардын орнотулушу жана тепкичтердеги белгилердин илиниши кирет. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, сапат стандарттарын өзгөртүүгө бир эле адам болсо дагы олуттуу таасир эте алаарын көрдүм. Өзүбузгө жогорку талаптарды коюп, жетекчинин дагы эрки, көз карашы жана так багытты белгилеши маанилүү”.

БУУнун Калк фондунун жана Индиялык өнөктөштүк фондунун “Төрөт үйлөрүндө акушердик байкоо жана телеконсультация үчүн жооп берүү системасын колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарга жетүүдө алдын ала турган энелердин ооруларын азайтуу” долбоорунун алкагында медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасында сапаттуу медициналык тейлөөнү жакшыртуу, ар бир кош бойлуу аялдын жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын өз убагында сапаттуу жардам алуусун камсыз кылууда маанилүү кадам болуп эсептелет.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Тамара Азимбаева медициналык тейлөөнүн сапатын сактоо боюнча ой бөлүштү: “Бир чоң көйгөйдү чоо-жайына чейин бөлүп кароо менен сапаттуу жана рационалдуу чечимдеп кабыл алынат. Бул семинарда биз “даярдоо”, “контролду күчөтүү” сыяктуу жалпы терминдерди колдонууга караганда конкреттүү деталдарды берүү натыйжалуураак экенин билдик. Иштин жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн мен өзүмдүн бөлүмүмдө ушул ыкманы колдоном».

Талкуунун жүрүшүндө семинардын катышуучулары бүгүнкү күндө эмгек акынын аздыгы жана кадрлардын жана ресурстардын жетишсиздиги, тилекке каршы, дарыгерлерге бир топ жүктү алып келип, медициналык тейлөөнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу ой – пикир бөлүшүштү.

«Келечектеги ишибизде биз семинарда айтылган методологияны колдонуп, ар кандай көйгөйлөрдүн түпкү себебин аныктоого жана түшүндүрүүгө ниеттенип жатабыз. Оорукананын сапаты боюнча подкомитеттер биздин ишмердүүлүктү карап чыгып, эч кимди күнөөлөп же жазалабастан, жакшырта турган жерлерибизди аныктай алат. Бул максатта биз дарыгерлердин арасында өз ара көзөмөл жүргүзүү ыкмасын мындан ары да колдонобуз», - деди Асанова Асылкан, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн башчысы.

Медициналык кызматкерлер, анын ичинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн семинар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду тарабынан колдоого алынып ишке ашырылуучу акушердик көзөмөл жана телемедициналык кызматтар сыяктуу инновациялык чаралар аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн жана оорууларынын алдын алуусуна багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы долбоорунун алкагында уюштурулган.

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

17.05.2024
Бишкекте эне жана баланын ден соолугунун жана жашоо сапатынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланууда

17-18-майда Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 60 жылдыгына, ошондой эле А. Ильин жана В. Кононовдун 100 жылдыгына арналган “Эне жана бала: ден соолук жана жашоо сапатынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

 

Конференциянын программасы бир нече пленардык сессияларды жана симпозиумдарды камтыйт - “Ден соолук жана татыктуу жашоо сапаты – балдар медицинасындагы артыкчылык”; «Эне жана баланын ден соолугунун тарыхый жана заманбап аспектилери»; «Борбордук Азия жана Россия: педиатриялык көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамиле»; «Үй-бүлөнү пландаштыруу жана коопсуз эне болуу»; «Балдардын ооруларынын диагностикасынын, терапиясынын жана алдын алуунун заманбап аспектилери»; «Оорулуу балдарды алып барууда жана дарылоодо чечилген жана чечилбеген маселелер»; «Балдардагы тамактануунун бузулушу – бир тыйындын эки бети»; «Балдар хирургиясын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги»; «Балдар хирургиясы: салттар жана инновациялар»; «Неонатология – чакырыктар жана реалдуулук»; «Перинатология — ресурстар жана мүмкүнчүлүктөр».

 

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева куттуктоо сөздөрү менен ачты.

Саламаттыкты сактоо тутуму үчүн илимий кадрларды жана кадрларды даярдоого, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле илимий долбоорлорду ишке ашырууга кошкон зор салымы үчүн дарыгер-окумуштууларга Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, «юбиляр борбор жогорку кадрдык, илимий, материалдык-техникалык потенциалы менен айырмаланып, Кыргыз Республикасынын аялдардын жана балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого баа жеткис салым кошууда. Бул конференциянын жүрүшүндө аялдардын, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ооруларынын жана ден соолугунун көптөгөн аспектилери каралат. Медицина илими жана саламаттыкты сактоо кайра жаралууга, реабилитацияга муктаж жана кечиктирилгис комплекстүү чараларды талап кылары талашсыз. Саламаттыкты сактоо уюмдарын, анын ичинде педиатриялык профилдеги уюмдарды дагы эле кадрлар, оорукана керебеттери менен камсыз кылуу, инфраструктурасын жаңылоо жана чыңдоо, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, диагностикалык жана дарылоонун жаңы технологияларын киргизүү зарыл. Медицина кызматкерлерин социалдык-укуктук жактан коргоо маселеси курч турат. Реформалардын алга жылышын жаңы кадрларсыз, жаш, билимдүү, таланттуу жана чыгармачыл кадрларсыз элестетүү кыйын.

 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында балдардын, өспүрүмдөрдүн жана аялдардын абалын жакшыртуу боюнча мамлекеттик, жеке, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын ишин координациялоо механизмдери түзүлүүдө. Амбулатордук жана стационардык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, абилитациялоо жана реабилитациялоо, балдардын ооруларын алдын алуу боюнча иштерди активдештирүү зарыл.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы жана жетектөөчү адистери, ошондой эле кесиптик медициналык ассоциациялар менен биргеликте аялдардын, балдар жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ооруларын диагностикалоо жана дарылоодо инновациялык ыкмаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда. Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык-диагностикалык базасы кыйла жаңыланып, кадрдык потенциалы чыңдалууда”.

 

«Педиатрия мамлекет тарабынан колдоону жана субсидияларды талап кылган өзүнчө тармак жана аны бардык багыттар боюнча өнүктүрүү керек», - дейт балдар кардиологу, Педиатрия оюндарынын активдүү уюштуруучусу жана катышуучусу, И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын педиатрия факультетинин ассистенти Данияр Аматов. - Педиатрияны бала ооруп калганда эле эмес, бир топ кеңири караш керек. Бул системалуу бүтүндөй бир организм. Жалпы терапиядан тышкары биздин өлкөдө балдардын кардиологиясы, нефрологиясы, эндокринологиясы, балдар гастроэнтерологиясы, хирургиясы, стоматологиясы, ошондой эле зат алмашуу оорулары, балдардын генетикасы сыяктуу али өтө начар өнүккөн тармактар ​​да өнүгүп, жакшы колдоого алынышына умтулуу керек. Менин оюмча, биз үчүн умтулуп, үйрөнө турчу нерсе көп, анткени биздин өлкө балдарды жакшы көрөт, бизде төрөлүү көрсөткүчү жогору, ошондуктан педиатрияны стратегиялык багыт катары караш керек».

Конференцияда «Мыкты педиатриялык медициналык уюм - 2024»; "Мыкты балдар дарыгери - 2024"; «Мыкты педиатрдык медайым – 2024»; «Кыргыз педиатриясынын тарыхы боюнча эң мыкты көркөм-тарыхый очерк» сынактарынын жеңүүчүлөрүнө жана жаш окумуштуулардын илимий иштеринин сынагына катышкандыгы үчүн дипломдор тапшырылат.

 

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун калыптануу тарыхына токтолсок, узак убакыт бою кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүү бөлүмү медициналык бөлүмдөрдүн курамында болуп, 1927-жылы гана эне жана баланы коргоо бөлүмүнө бириктирилген. Ошол убактан тартып ушундай бөлүмдөр өлкөнүн бардык аймактарында ачыла баштады. 1926-жылы Кыргыз АССРинин Саламаттык сактоо элдик комиссариатынын алдында эне жана баланы коргоо боюнча өз алдынча бөлүм түзүлүп, калкты медициналык жактан тейлөө байкалаарлык жакшыра баштаган. Кыргызстанда балдардын саламаттыгын сактоону уюштурууда чоң роль ойногон дарыгерлер С.М. Коплан жана В.Ф. Княгичева болгон. 1924-жылы Саратовдон Пишпекке келген А. Покровскийди республикадагы педиатриялык кызматтын уюуштуруучусу, алгачкы педиатр деп эсептөөгө болот. 1960-жылы Фрунзеде 150 койкалуу республикалык балдар ооруканасы ачылып, анын базасында 1961-жылы Эне жана баланы коргоо кыргыз илим-изилдөө институту уюштурулуп, ал илимий иштин борборуна гана эмес, ошондой эле Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын ден соолугун коргоодогу бардык маселелер боюнча методикалык жетекчилик борборуна айланган. Балдарга адистештирилген стационардык хирургиялык жардамды өнүктүрүүнүн башталышы деп 1961-жылы Эне жана баланы коргоо боюнча кыргыз илим-изилдөө институтунун алдында 40 койкалуу хирургиялык бөлүмдүн ачылышын эсептөө керек. 1964-жылы бул бөлүм 110 койкага чейин кеңейтилип, жаңы ачылган 3-балдар ооруканасына өткөрүлүп берилген. Алгачкы күндөрдөн тартып бул бөлүмдү ошол кездеги медицина илимдеринин кандидаты В.С. Кононов жетектеген. Андыктан дал ошол В.С. Кононовду республикадагы балдар хирургиясынын негиздөөчүсү деп эсептөө керек.

16.05.2024
Бишкекте Европалык иммунизация жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

15-майда Бишкекте 2024-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өттү. Быйыл эмдөө жумалыгы «Муундарды коргойбуз» деген ураан астында бардык курактагы адамдарды пландуу эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлин сактоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн аркасында 19 жашка чейинки курактагылар арасында кептөөр, селейме, кургак учук менингити, В вирустук гепатити катталган эмес; 1993-жылдан бери полиомиелиттен эркин өлкө статусу бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору эмдөө жумалыгынын калк үчүн мааниси жана эмдөө менен камтуу боюнча маалыматтарга токтолду. Алсак, бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календары боюнча 54 362 адам кошумча эмдөө алды. Эмдөө стационардык пункттарда жана мобилдик бригадалардын жардамы менен жүргүзүлдү. Гүлбара Ишенапысова ошондой эле калкты маалымдоодо медицина кызматкерлеринин салымын белгиледи, мында эмдөө менен камтууну жогорулатуудагы негизги максат ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укугу бар деген маалыматты жайылтуу болуп саналат.

Мындан тышкары, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип жана басылып чыккан бардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн арналган “Иммунопрофилактика боюнча чөнтөк колдонмо” көрсөтүлдү.