Card image cap

Телефон:

62-26-80
Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович

Министр

1960-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун "Дарылоо иши" бөлүмүн, 1985-жылы - КММИнин клиникалык ординатурасы, 1988 – жылы КММИнин аспирантурасын аяктаган.

 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1989 - "Он эки эли ичегинин жарасынын клиникалык жана иммунологиялык аспектилери" деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

1989-1995 - КММИнин факультет хирургиясы кафедрасынын ассистенти.

1995 - КММИнин факультеттик хирургия кафедрасынын доценти.

 2000 - "Ашказан жарасы жана он эки эли ичеги жарасы хирургиясындагы алгачкы мезгилдин операциядан кийинки татаалдашын алдын-алуу жана алдын алуу" деген темада доктордук диссертациясын жактоо.

2000 - КММИнин факультеттик хирургия кафедрасынын профессору.

2002 - Факультеттин хирургия бөлүмүнүн башчысы, КММИ.

2004-жылдан 2020-жылдын октябрына чейин - И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын пропедевтикалык хирургия бөлүмүнүн башчысы.

2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри

2022-жылдын августунан 2023-жылдын сентябрына чейин – «Алтын Балалык» эс алуу жана реабилитациялык комплексинин директору

2023-жылдын сентябры – Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу

 

Кошумча маалымат:

270тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 14 монографиянын, 10 окуу колдонмосунун, 9 ойлоп табуунун, 35 рационализатордук сунуштун автору.

Анын жетекчилиги астында 13 кандидаттык жана 1 докторлук диссертация корголгон.

Бейшеналиев А.С. - Коомдук саламаттыкты сактоонун отличниги 1998, И.К. Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыктын лауреаты 2017. Патронаждык жана кайрымдуулук иш-аракеттери үчүн "Ак жүрөк", "Айкөлдүк" белгиси менен сыйланган.

37 жылдык практикалык хирургиялык иш-аракеттердин жүрүшүндө ал 20000ден ашуун бейтапка операция жасаган.

Подробнее...
Card image cap

Телефон:

66-26-14
Исмаилов Медербек Адышевич

Заместитель министра

1966-жылы Бишкек шаарында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун «Жалпы дарыгерлер» адистиги боюнча, 1989-1991-ж. – КММИде клиникалык ординатура, 1997-1999-жж. Кыргызстан Эл аралык университетинин Саламаттыкты сактоо менеджменти адистиги боюнча жогорку билимге ээ. 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1991 – 1993-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык клиникалык ооруканада (Улуттук госпиталда) анестезиолог-реаниматолог.

1993 – 1996-ж. КММИнин анестезиология жана реанимация кафедрасынын ассистенти.

1999 – 2004-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын бюджеттен тышкаркы иштер бөлүмүнүн башчысы.

2004 – 2005-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси.

2005 – 2006-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кадр саясаты жана уюштуруу иштери башкармалыгынын начальнигинин орун басары.

2006 – 2007-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар, укуктук жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы.

2007 – 2008-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы.

2008 – 2012-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадр саясаты, тарбиялоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын начальниги.

2012 – 2013-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уюштуруу-кадр иштери жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

2013 – 2014-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар менен иштөө жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

2014 – 2017-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Реформаларды координациялоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги.

2017 – 2022-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Стратегиялык пландаштыруу жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги.

2022 – 2023-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун Саламаттык сактоо саясатын талдоо департаментинин врач-эксперти.

2023-жылдын июнь айынан – октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун Саламаттык сактоо саясатын талдоо башкармалыгынын начальниги.

2023-жылдын 5-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.

Кошумча маалымат:

М.А. Исмаилов Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун Мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын Мыкты кызматкери. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Подробнее...
Card image cap

Телефон:

62-65-22
Шамбетова Айжамал Эсенбековна

Заместитель министра здравоохранения Кыргызской Республики

1974-жылы Фрунзе шаарында туулган.

1989-1992-жж Талас медициналык колледжи «медайым» адистиги боюнча.

1992-1998-жж. – КММИнун «балдар дарыгери» адиситиги боюнча жогорку билим.

2010-2012-жж- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясы, «мамлекеттик башкаруу менеджери» адистиги.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1998–2000-жж. - КММАнын дипломдон кийинки билим берүү борбору, дарыгер ординатор;

2000-2005-жж. - Бишкек шаарынын №18 Үй бүлөлүк медицина борбору, педиатр дарыгери;

2005-2006-жж. - Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору, “Жерүй” алтын кен комбинатынын дарыгери;

2006-2007-жж. - Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору, Үй-бүлөнү пландаштыруу бөлүмүнүн дарыгери;

2007-2012-жж. - Талас облустук мамлекеттик администрациясы, социалдык бөлүмүнүн башкы адиси;

2012-2019-жж. - Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясы, акимдин орун басары;

2019-2023-жж. - Талас облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору, директор, Талас облусунун саламаттык сактоо координатору.

12.10.2023-жж. - бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, министрдин орун басары.

Кошумча маалымат:

         А.Э. Шамбетова Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын отличниги. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Өзгөчө кызмат үчүн” төш белгиси. Билим берүү жана илим минстрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 

Подробнее...
Card image cap

Телефон:

66-24-14
Арыкбаева Бубужан Камчыбековна

Заместитель министра

Талас облусунун Кара-Буура районунда 1964-жылы туулган.

 

Билими: Жогорку. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн.  

 

Эмгек ишмерлиги:

1988-1991-жж. – Коомдук тамактануу бирикмесинде санитардык врач;

 1991-1993-жж.- Чүй облусунун Мамлекеттик-санитардык      эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (МСЭКБ) санитардык врачы;

1993-1995-жж. - Чүй облусунун Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы;

1995-2000-жж. - Чүй облусунун МСЭКБ бөлүм башчы;

2000-2004-жж. -  Чүй облусунун МСЭКБ башкы врачынын орун басары;

2004-2008-жж. -   Бишкек ш. МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы;

2008-2010-жж. – Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мамлекеттик санитардык көзөмөл бөлүмүнүн начальниги;

2010-2012-жж. – Чүй облусунун Аламүдүн районунун МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы; 

2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын санитардык көзөмөл башкармалыгынын начальниги;

2013-жылдан тартып 2022-жылдын июнь айына чейин - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын начальниги;

2022-жылдын июнь айынан бери -  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.

 

Кошумча маалымат:

Жогорку категориядагы врач, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мыктысы.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгынын медалы,  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

“Санитардык коопсуздукту камсыздоодогу өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” жана “Коомдук саламаттык сактоо тармагына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” ардак наамдарга ээ. 

Подробнее...
Card image cap

Телефон:

66-24-14
Джангазиев Бакыт Ишенович

Заместитель министра по цифровому развитию

1991-жылы 7-апрелде Ысык-Ата районунун Кант шаарында туулган.         

        

Билими: Жогорку. 2014-жылы 2005-жылы И.К. Ахунбаев ат. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Медициналык-профилактикалык иши факультетинде окуган. 

2015-жылы КММАнын дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинде интернатурадан өткөн. 

Кошумча маалымат:

2016-2018-жж. - Казакстан, Алмата ш. «Прикладдык эпидемиология», гибриддик формат курсу;

2018-2019-жж. – Армения, Ереван ш. «Түзүмдөштүрүлгөн операциялык изилдөөлөр», гибриддик формат курсу;

 2022-ж. май - «Санариптик трансформация», Россия эл чарбасы жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Жетекчилерди жана санариптик трансформациялоо борборунун онлайн курсу;

2022-ж. январынан – 2022-ж. декабрына чейин - «Саламаттык сактоодогу кадр ресурстарынын менеджменти”, гибриддик формат курсу, Университет Салфорд, Лондон, Великобритания.

 

Эмгек ишмерлиги:

08.2014 - 02.2017  -  Ысык-Ата райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог врачы;

02.2017 - 07.2020  -  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы, эпидемиолог врачы;

07.2020 - 10.2021  -  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары;

11.2021 – 01.2022  -  Кыргыз Республикасынын Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору;

01.2022 – 04.2022   -  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; 

05.2022 – 01.2023  -  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун санариптик өнүктүрүү жана саламаттык сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча консультанты, Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк офиси;

2023-жылдын февраль айынан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары.

 

 Кошумча маалымат:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана  Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкандагы үчүн» төш белгиси, “Коомдук саламаттык сактоого сиңирген өзгөчө эмгеги жана өзгөчөлөнгөнү үчүн” төш белгиси менен сыйланган.

Подробнее...