Card image cap
Джангазиев Бакыт Ишенович
Заместитель министра по цифровому развитию

Жарандарды кабыл алуу:

кроме понедельника с 16:00 до 18:00

Телефон:

66-24-14

1991-жылы 7-апрелде Ысык-Ата районунун Кант шаарында туулган.         

        

Билими: Жогорку. 2014-жылы 2005-жылы И.К. Ахунбаев ат. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) Медициналык-профилактикалык иши факультетинде окуган. 

2015-жылы КММАнын дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинде интернатурадан өткөн. 

Кошумча маалымат:

2016-2018-жж. - Казакстан, Алмата ш. «Прикладдык эпидемиология», гибриддик формат курсу;

2018-2019-жж. – Армения, Ереван ш. «Түзүмдөштүрүлгөн операциялык изилдөөлөр», гибриддик формат курсу;

 2022-ж. май - «Санариптик трансформация», Россия эл чарбасы жана мамлекеттик башкаруу академиясынын Жетекчилерди жана санариптик трансформациялоо борборунун онлайн курсу;

2022-ж. январынан – 2022-ж. декабрына чейин - «Саламаттык сактоодогу кадр ресурстарынын менеджменти”, гибриддик формат курсу, Университет Салфорд, Лондон, Великобритания.

 

Эмгек ишмерлиги:

08.2014 - 02.2017  -  Ысык-Ата райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиолог врачы;

02.2017 - 07.2020  -  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы, эпидемиолог врачы;

07.2020 - 10.2021  -  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары;

11.2021 – 01.2022  -  Кыргыз Республикасынын Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору;

01.2022 – 04.2022   -  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары; 

05.2022 – 01.2023  -  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун санариптик өнүктүрүү жана саламаттык сактоодогу өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча консультанты, Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк офиси;

2023-жылдын февраль айынан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары.

 

 Кошумча маалымат:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана  Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкандагы үчүн» төш белгиси, “Коомдук саламаттык сактоого сиңирген өзгөчө эмгеги жана өзгөчөлөнгөнү үчүн” төш белгиси менен сыйланган.