Card image cap
Исмаилов Медербек Адышевич
Заместитель министра

Жарандарды кабыл алуу:

Телефон:

66-26-14

1966-жылы Бишкек шаарында туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун «Жалпы дарыгерлер» адистиги боюнча, 1989-1991-ж. – КММИде клиникалык ординатура, 1997-1999-жж. Кыргызстан Эл аралык университетинин Саламаттыкты сактоо менеджменти адистиги боюнча жогорку билимге ээ. 

Эмгек ишмердүүлүгү:

1991 – 1993-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык клиникалык ооруканада (Улуттук госпиталда) анестезиолог-реаниматолог.

1993 – 1996-ж. КММИнин анестезиология жана реанимация кафедрасынын ассистенти.

1999 – 2004-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын бюджеттен тышкаркы иштер бөлүмүнүн башчысы.

2004 – 2005-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси.

2005 – 2006-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кадр саясаты жана уюштуруу иштери башкармалыгынын начальнигинин орун басары.

2006 – 2007-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар, укуктук жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы.

2007 – 2008-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы.

2008 – 2012-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадр саясаты, тарбиялоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын начальниги.

2012 – 2013-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин уюштуруу-кадр иштери жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

2013 – 2014-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кадрлар менен иштөө жана медициналык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

2014 – 2017-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Реформаларды координациялоо жана ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги.

2017 – 2022-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Стратегиялык пландаштыруу жана программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги.

2022 – 2023-ж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун Саламаттык сактоо саясатын талдоо департаментинин врач-эксперти.

2023-жылдын июнь айынан – октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун Саламаттык сактоо саясатын талдоо башкармалыгынын начальниги.

2023-жылдын 5-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.

Кошумча маалымат:

М.А. Исмаилов Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун Мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын Мыкты кызматкери. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.