Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат
04.04.2023
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 27.03.
2023 - 2.04.2023-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталып, анын 11и ооруканага жаткырылды.
2023-жылдын 27-мартынан 2-апрелге карата тобокелдиктерди баалоо
матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү
репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу
эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 94 күнүнө карата
жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 084 учуру катталды, анын
ичинен 20073 (90,9%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,1%)
учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.