Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат
18.04.2023
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 3.04. 2023 - 10.04.2023-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталып, анын 10у ооруканага жаткырылды.
2023-жылдын 3-апрелинен 10-апрелге карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 101 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 101 учуру катталды, анын ичинен 20090 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.