25 - февральга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

25.02.2022

Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 132, анын ичинде Бишкек ш.– 68, Ош ш. – 12, Чүй облусу – 20, Ош облусу – 0, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 11, Жалал-Абад облусу – 10, Баткен облусу – 3.  
Жалпы айыккандардын саны: 194 796 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97.3

Ош шаары

97.8

Чүй облусу

96.6

Ош облусу

98.4

Талас облусу

94.1

Нарын облусу

96.2

Ысык-Көл облусу

97.0

Жалал-Абад облусу

98.0

Баткен облусу

96.7

 Жалпы:

97.2

 
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 25 - февралына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 25 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 9, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 12, Ош облусу – 0, Талас облусу – 2, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 0, Джалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 0.
 Жалпы катталган учурлардын саны – 200 427 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 139 792, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 60 635.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,5 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

2

7

Ош шаары

0

0

Чүй облусу

2

10

Ош облусу

0

0

Талас облусу

0

2

Нарын облусу

0

0

Ысык-Көл облусу

0

0

Жалал-Абад облусу

0

2

Баткен облусу

0

0

 Жалпы:

4

21

 
Акыркы суткада    2 784 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 199 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда – 905 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 93, Ош ш. – 12, Чүй облусунда – 53, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 0, Ысык-Көл облусунда – 12, Джалал-Абад облусунда – 8, Баткен облусунда – 12. Стационарда дарыланып жаткан 199 бейтаптардын ичинен, 82 (41,2%) орто оордукта, 93 (46,7%) оор абалда жана 24 (12,0%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 282, Ош ш. – 123, Чүй облусунда – 158, Ош облусунда – 61, Талас облусунда –  83, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 105, Джалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 26.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте; клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Чуйдо (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2952 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1244, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1708.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7742 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 0 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 1 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 7464 медициналык кызматкер айыкты.