6 - январга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

06.01.2022

Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 58, анын ичинде Бишкек ш.– 42, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 2, Ош облусу – 4, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу – 0.  
Жалпы айыккандардын саны: 180 108 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

97.1

Ош шаары

98.8

Чүй облусу

96.8

Ош облусу

98.4

Талас облусу

95.6

Нарын облусу

96.6

Ысык-Көл облусу

97.5

Жалал-Абад облусу

97.8

Баткен облусу

96.7

 Жалпы:

97.2

 
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 06 - январына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 206 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 143, Ош ш. – 16, Чүй облусу – 12, Ош облусу – 2, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 11, Джалал-Абад облусу – 18, Баткен облусу – 0.
 Жалпы катталган учурлардын саны – 185 237 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 126 059, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 59 178.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 2,2 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

125

18

Ош шаары

16

0

Чүй облусу

10

2

Ош облусу

1

1

Талас облусу

3

0

Нарын облусу

0

1

Ысык-Көл облусу

6

5

Жалал-Абад облусу

10

8

Баткен облусу

0

0

 Жалпы:

171

35

 
Акыркы суткада    2 786 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 302 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 529 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 139, Ош ш. – 0, Чүй облусунда – 71, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Джалал-Абад облусунда – 32, Баткен облусунда – 13. Стационарда дарыланып жаткан 302 бейтаптардын ичинен, 2 (0,6%) канааттандыраарлык,  159 (52,6%) орто оордукта, 113 (37,4%) оор абалда жана 27 (8,9%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 329, Ош ш. – 47, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 11, Талас облусунда –  17, Нарын облусунда – 0, Ысык-Көл облусунда – 45, Джалал-Абад облусунда – 39, Баткен облусунда – 14.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 2 учур катталды. Клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте, Ысык-Колдо (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2811 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1146, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1665.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 13 медициналык кызматкер катталды, Бишкекте - 3, Ош ш. – 1, Жалал-Абад обл – 1, Ош обл – 1, Чуй обл - 7. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 6963 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 2 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6903 медициналык кызматкер айыкты.