ММК өкүлдөрүнө чакыруу: Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн ден соолугу боюнча биринчи улуттук изилдөөнүн бет ачары
09.02.2023 / Просмотров: 5158
Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн ден соолугу боюнча биринчи улуттук изилдөөнүн бет ачары
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору ЮНИСЕФтин жана ДССУнун колдоосу менен 11, 13 жана 15 жаштагы балдардын ден соолугунун абалынын социалдык жана медициналык аспектилери боюнча масштабдуу изилдөө жүргүздү.
Качан: 2023-жыл 10-февраль, 09:00-15:30
Кайда: "Новотел" мейманканасы, Бишкек ш. Манас көч., 16,
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ) ЮНИСЕФ жана ДССУнун колдоосу менен 2021-2022-жж. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 11,13,15 жаштагы 9 миңден ашык мектеп окуучуларын камтыган «Мектеп жашындагы балдардын ден соолукка карата жүрүм-туруму» аттуу биринчи улуттук изилдөө жүргүздү.
Изилдөөдө тамактануу, гигиена, спирт ичимдиктерин колдонуу, мушташуу, бейбаштык жана социалдык тармактардагы жүрүм-туруму боюнча маселелер каралып, өз ден-соолугуна карата жүрүм-турумундагы жаш курак жана гендердик айырмачылыктарды көрсөттү, ал өз кезегинде жаш куракты тандоодо жана саламаттык сактоо тармагы боюнча кийлигишүүлөрдө маанилүү практикалык ролго ээ.
Иш-чарага:
- Раимбачаева Винера Калыбековна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
- Баатырова Гүлнара Маришовна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри
- Ашымбаева Токтобүбү Абасовна, Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары
- Кристина Бруджиоло, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн орун басары
- Доктор Шахин Хусейнов, ДССУнун Кыргыз Республикасындагы атайын өкүлү
КОШУМЧА МААЛЫМАТ: «Мектеп жашындагы балдардын өз ден соолугуна карата жүрүм-туруму» (HBSC) глобалдык изилдөө HBSC тармагына кирген өлкөлөрдө 11, 13 жана 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн арасында ден соолук жана бакубаттуулук, социалдык чөйрө жана ден-соолукка байланыштуу жүрүм-турум боюнча ар төрт жылда бир өткөрүлөт. Изилдөө дүйнө жүзү алгачкы жолу 1982-жылы сунушталган жана HBSC 1983-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа региондук бюросу тарабынан жалпы изилдөө катары таанылган. HBSC — Европа менен Түндүк Америкадагы аймактарды жана 49 өлкөнү камтыган тармак. Биздин өлкөдө 2019-жылы пилоттук изилдөө жүргүзүлүп, анын тажрыйбасы Кыргыз Республикасын HBSC өлкөлөрүнүн тармагына кошууга негиз болгон жана биринчи Улуттук изилдөөнү жүргүзүү үчүн негиз болгон.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
12.11.2025
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу
2025-жылдын 13–14-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, «Жаннат» мейманканасы (Аалы Токомбаев көч., 21/2)
Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча XIII Улуттук конгресс өтөт.
Иш-чара Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген респиратордук медицина жаатындагы адистерди бириктирет. Конгресске Улуу Британиянын, Даниянын, Швейцариянын, Нидерланддын, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери жана клиницисттери катышат.
Конгресс дем алуу органдарынын ооруларын жана аллергияны аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы заманбап ыкмаларды талкуулоого арналган маанилүү кесиптик аянтча болот. Күн тартибинде — бронхиалдык астманы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларын көзөмөлдөө, антимикробдук резистенттүүлүк, өнөкөт дем алуу оорулары бар бейтаптарды реабилитациялоо, узак мөөнөттүү кычкылтек терапиясы, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоону баштапкы звенодо интеграциялоо маселелери каралат.
Программада: пленардык докладдар, панелдик талкуулар жана алдыңкы адистердин катышуусундагы окуу семинарлары өткөрүлөт.
Кошумча маалымат үчүн:
📞 +996 708 878 525 — Магдиева Камила
11.11.2025
ММК үчүн чакыруу
2025-жылдын 12–13-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы (Абдрахманов көч., 191)
Ар жылы 14-ноябрда дүйнө коомчулугу кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилеп, бул оорунун алдын алуу, эрте аныктоо жана сапаттуу дарылоонун маанисине көңүл бурат.
Дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнүн алкагында «Кант диабети — заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага алдыңкы эндокринологдор, ДССУнун эксперттери, Эл аралык диабет федерациясынын (IDF) өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышат.
Программада:
– диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары;
– оорунун татаалдашуусунун алдын алуу;
– мониторингдин жана инсулин терапиясынын жаңы технологиялары;
– «Саламаттык үчүн диалог: диабетке каршы биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек стол.
25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы
🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190
ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.
Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.
Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).
Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.