Copyright: ©

ЖМК өкүлдөрү үчүн чакыруу Жатын моюнчасынын рагын жок кылуу боюнча иш аракеттер күнүнүн алкагында пресс-кафе өтөт

17.11.2023 / Просмотров: 161234

Жатын моюнчасынын рагын жоюу күнүнүн алкагында, 2023-жылдын 20-ноябрында саат 15:00. «ОРИОН» мейманканасында (Эркиндик бульвары, 21) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаеванын катышуусунда жатын моюнчасынын жана эмчек рагын алдын алуунун маанилүүлүгү тууралуу маселе боюнча пресс-кафе өтөт.

Жыйында чечим кабыл алуучулар жатын моюнчасынын рагы жана эмчек рагы сыяктуу аялдардын ден соолугуна кооптуу ооруларды азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттар тууралуу сөз кылышат.

Адистер ошондой эле натыйжалуу дарылоого жана аялдын өмүрүн узартууга мүмкүндүк берген эрте диагностиканын маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет. Аялдар үй-бүлөдө жана коомдо маанилүү роль ойнойт, ошондуктан аялдардын ден соолугуна артыкчылык берүү жеке адамдын жыргалчылыгына гана эмес, бүткүл коомдун чыңдалышына жана ден соолугуна да салым кошот.

2020-жылдын 17-ноябрында ДСУнун жатын моюнчасынын рагын жок кылуу боюнча глобалдык стратегиясы кабыл алынып, Кыргызстан ага кошулган. Жыл сайын 17-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана дүйнө жүзүндөгү өнөктөштөр жатын моюнчасынын рагын жоюу боюнча иш-аракеттер күнүн белгилешет.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

11.04.2025
ПРИГЛАШЕНИЕ ДЛЯ СМИНациональный Форум по развитию образования работников реабилитации

ПРИГЛАШЕНИЕ ДЛЯ СМИ


 

14 апреля 2025 года в 9:30 ч. в отеле Orion Hotel по адресу бульвар Эркиндик 21 состоится Национальный Форум по развитию образования работников реабилитации на тему «Реабилитация для всех: построение более сильной и здоровой нации в Кыргызстане».


 

Доступ к активной реабилитации необходим для обеспечения возможности жить с достоинством и независимостью для детей и взрослых с ограниченными возможностями здоровья, восстанавливающихся после травм или болезней.

Многие семьи в Кыргызстане сталкиваются с трудностями в доступе к жизненно важным реабилитационным услугам из-за нехватки квалифицированных специалистов.


 

Форум сосредоточен на разработке системы образования в области реабилитации в Кыргызстане, основанной на компетенциях, продвижении национальной дорожной карты по увеличению числа квалифицированных специалистов в области физиотерапии, эрготерапии и смежных областях. Обсуждения будут акцентировать внимание на местных потребностях и международных лучших практиках.


 

В мероприятии ожидается участие:

🔹 Министров здравоохранения, образования и труда и социального обеспечения

🔹 Представителя ЮНИСЕФ Самман Дж. Тапа

🔹 Международных экспертов из Всемирной физиотерапии (WP), Всемирной федерации эрготерапии (WFOT) и университетов Канады, Катара и Кыргызстана.

26.03.2025
ММК ӨКҮЛДӨРҮН ЧАКЫРУУ: «Жооптуу бол!» эркектер арасында өткөн республикалык бир айлыктын жыйынтыгы

2025-жылдын 27-мартта саат 9:00дө Orion Hotel мейманканасында (Эркиндик бульвары, 21) «Жооптуу бол!» эркектер арасында өткөн республикалык бир айлыктын алкагында медициналык уюмдарды сыйлоо аземи өтөт. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоорунун колдоосу менен өтүүдө.   

Иш-чаранын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү өткөн бир айлыктын негизги жыйынтыктары боюнча маалымат беришет.

26.03.2025
АНОНС: Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата форум: “Жашоонун сергек башталышы – бакубат келечектин ачкычы”

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган форум уюштурууда.

Датасы: 2025-жылдын 4-апрели Убактысы: 10:00 – 12:30.

Өтүүчү жери: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Бишкек шаары, Чүй пр., 122, Ала-Тоо аянты.

 Иш-чаранын максаты эне жана баланын ден соолугун коргоо маселелерин, ошондой эле Кыргызстанда саламаттыкты сактоо кызматын жакшыртуу стратегияларын талкуулоо болуп саналат. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү чогулуп, ар бир баланын жашоосунун дени сак башталышын камсыз кылуунун жолдорун биргелешип издөөгө багытталган.

Форумдун алкагында: 

• Адистердин консультациялары менен коштолгон тематикалык көргөзмө, маалыматтык материалдарды таратуу жана ден соолук бурчтары уюштурулат.

• Президенттик Аппараттын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, ЮНИСЕФтин жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун өкүлдөрү баштаган коноктор сөз сүйлөйт.

• Эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагы алдыңкы эксперттер менен панелдик талкуулар.

• Медициналык кызматтарды өнүктүрүү, эне жана баланы колдоо боюнча инновациялык программалардын презентациялары.

Журналисттер эксперттик комментарийлерди алып, баяндамачыларга суроолорду берип, саламаттыкты сактоо тармагындагы акыркы демилгелер менен тааныша алышат.

ЖМК өкүлдөрүн келечек муундардын ден соолугун чыңдоого багытталган бул маанилүү иш-чарага катышууга жана чагылдырууга чакырабыз.