Copyright: ©

АНОНС: Улуттук кардиология жана терапия борборунда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган Ачык эшик күнү өтөт

26.09.2023 / Просмотров: 52808

Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында 2023-жылдын 27-28-сентябрында саат 10:00дөн 15:30га чейин жыл сайын 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналган «Ар бир жүрөк-маанилуу» урааны астында ачык эшик күнү өткөрүлөт.

 

Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү - бул саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык кампания. Анын негизги максаты - жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, алардын пайда болуу себептери жана алдын алуу ыкмалары, ошондой эле алдын алуунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.

 

Бул күндөрү ар бир адам өз ден соолугу боюнча текшерүүдөн өтө алат, ал төмөнкү параметрлерди баалоону камтыйт: тамеки чегүү, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк, дене массасынын индексин баалоо, кан басымын, кандагы жалпы холестеринди жана кантты өлчөө.

 

Сизди кызыктырган суроолор боюнча төмөнкү байланыш телефонуна кайрылсаныз болот: 0507005470, Эркебуланова Бактыгүл Шаршеевна, УКжТБ.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрү үчүн чакыруу: Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы

2024-жылдын 2-апрелинде саат 10:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТжСА) Ахунбаев көч., 97 дарегинде жайгашкан манежинин имаратында “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” 18-Эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму башталат.

 

Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо көргөзмөсү 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин өтөт, ал Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болуп саналат.

 

Борбор Азиядагы медицина тармагы боюнча беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара, саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн маанилүү окуя болуп саналат. MedExpo Kyrgyzstan 2024 – тармактын лидерлери менен жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер жана технологиялар менен тааныштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

 

Быйылкы биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүү үчүн байланыш телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.

01.04.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу: Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата чуркоо – 2024 "Ден соолугум - менин укугум"

Жыл сайын 7 - апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай Бишкекте "Менин ден соолугум - менин укугум", аттуу  ураан астында массалык чуркоо болуп өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, Жогорку Кеңештин депутаттары, КР алдыңкы спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана медицина кызматкерлеринин катышуусунда өтмөкчү.

Иш-чараны КР Саламаттык сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен бирге уюштурду. Борбор калаадагы чуркоо бир жуманын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын камтыган "ден соолук кербенинин" башталышы болот.

Башталышы: 6-апрель, 10:00, Жайыл Баатыр көч., 66 "Газпром" спорт комплекси. Чуркоо аралыгы: 1,5 км.

Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолот.

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү - бул сергек жашоо образы жөнүндө ойлонууга жана өзүңүздүн жыргалчылыгыңыз үчүн жоопкерчиликтүү болууга  сонун мүмкүнчүлүк. Физикалык жана психикалык саламаттыгыңызды жакшыртуу үчүн кичинекей, бирок маанилүү кадамдарды бүгүндөн кеч калбай жасай баштаңыз. Мисалы, көбүрөөк басуу, жаман адаттардан баш тартуу ж.б.

Биргелешип, биз өзгөрүүлөргө жетишип, коомубуздун дени сак келечегин түзө алабыз!

###

 

01.04.2024-ж. саат 18:00гө чейин аккредитациядан өтүүңүздү өтүнөбүз. Байланыш үчүн телефондор: 0556303086, Жылдыз Айгерчинова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы.

25.03.2024
Приглашение для СМИ

           26 марта 2024 года в 10:00 в Национальном центре Кардиологии и Терапии им. академика М.Миррахимова (ул. Тоголок Молдо, 3, 3-й этаж) состоится официальная церемония открытия первого в Кыргызской Республике высокотехнологичного рентгенхирургического центра в рамках реализации программы «Экстренная кардиология» на основе модели полного цикла оказания экстренной высокотехнологичной помощи больным с тяжелыми сердечно-сосудистыми заболеваниями.

Мероприятие пройдет с участием министра здравоохранения КР Алымкадыра Бейшеналиева, главы Представительства Всемирного Банка Навида Хасана Накви, директора НЦКиТ Таланта Сооронбаева и других. 

Создание такого центра обеспечит доступность и качество высокотехнологичной медицинской помощи с использованием передовых технологий и инноваций. Способствует внедрению в клиническую практику уникальных малоинвазивных эндоваскулярных операций, что позволит сохранить жизни тысячи пациентов.

         Планируется проведение мастер-класса по транскатетерной имплантации аортального клапана впервые в КР при поддержке ведущих специалистов из Китайской Народной Республики, России и Казахстана. В последующем подобные операции будут на постоянной основе для всех нуждающихся. В планах также эндоваскулярные высокотехнологичные операции при инсультах и других тяжелых заболеваниях сердечно-сосудистой системы. 

 

Просьба пройти аккредитацию до 18:00ч., 25.03.2024г. 

Контакты: 0556 30-30-86; Жылдыз Айгерчинова, пресс-секретарь МЗ КР.