ЖМК өкүлдөрүн чакыруу: Церебралдык шал оорусу бар балдарды эрте реабилитациялоо үчүн биринчи жана уникалдуу сенсордук бөлмөнүн ачылышы
14.06.2023 / Просмотров: 85531
2023-жылдын 16-июнунда саат 11:00дө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (Ахунбаев көч., 190) сенсордук бөлмөнүн расмий ачылышы болот, ал церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарды эрте реабилитациялоо үчүн арналган уникалдуу жай болуп саналат. Атайын сенсордук технологияларды жана жабдууларды колдонуу балдардын физикалык жана психологиялык өнүгүүсүнө сапаттуу жана эффективдүү жардам алууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарды эрте реабилитациялоо үчүн сенсордук бөлмөнү жабдууга багытталган World Class Bishkek менен кызматташуусун кубануу менен жарыялоодо. Бул маанилүү демилге КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаш балдарды реабилитациялоо бөлүмүндө ишке ашырылды.
Кыргызстанда биринчи болгон сенсордук бөлмө 2022-жылдын 10-июнунда уюштурулган кайрымдуулук аукционунун катышуучуларынын берешен салымынын аркасында ишке ашты. World Class Bishkek уюмунун мүчөлөрү бул маанилүү иш-чарага Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому тарабынан сунушталган гуманитардык демилгени колдоо үчүн акчалай жардам көрсөткөн. Топтолгон каражатка Россия Федерациясынан бардык керектүү жабдыктар буйрутма берилип, алынып келинди.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
19.11.2024
АНОНС
2024-жылдын 20-ноябрында саат 12:00дө (Шакиров көч., 4) Нефрология, диализ жана трансплантология борборунун курулушуна капсула салуу аземи болот.
Салтанаттуу иш-чара КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтөт.
Объекттин сметалык баасы 446 604 640 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу эмеректерди берет.
04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу
2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.
Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.
Маалымат үчүн:
Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.
25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС
2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.
Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.
Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.