Copyright: ©
ПРЕСС-АНОНС: Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун, ошондой эле бул оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе
11.03.2024 / Просмотров: 66138
2024-жылдын 12-мартында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай Кыргыз Республикасында кургак учукту аныктоонун, дарылоонун жана алдын алуунун, ошондой эле бул оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пресс-кафе өткөрүлөт. Пресс-кафе 12-мартта "Европа" мейманканасынын конференц-залында саат 10.30да ишин баштайт (дареги: Ибраимов көч., 70).
Кыргыз Республикасында март айы бою салттуу түрдө өткөрүлүүчү кургак учукка каршы бир айлыктын алкагында бул иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Быйылкы жылы пресс-кафеде төмөнкү темалар чагылдырылат:
- Кургак учукту кантип аныктоого болот?
- Кургак учукту кантип дарылоо керек?
- Балдардагы кургак учуктун кандай өзгөчөлүктөрү бар?
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, жарандык коом уюмдар жана жааматтар тарабынан кургак учук менен ооруган адамдарга кандай жардам көрсөтүлүүдө?
- Кургак учук жөнүндө айта берүү эмне үчүн маанилүү?
- Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүдөгү реформалар; Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учук менен ооругандарга жардам.
Журналисттер кургак учук боюнча эксперттер жана адистер менен бир жерден жолугуп, бул оору тууралуу толук маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат. Эксперттик топтун курамына КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук фтизиатрия борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери, USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун жана бул тармакта иштеген бейөкмөт уюмдардын (Улуттук Кызыл Ай Коому, Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы) адистери киришет. Алардан башка пресс-кафеге кургак учуктан өздөрү айыгып, учурда башка бейтаптарга колдоо көрсөтүп жаткан адамдардын катышуусу да күтүлүүдө.
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
19.11.2024
АНОНС
2024-жылдын 20-ноябрында саат 12:00дө (Шакиров көч., 4) Нефрология, диализ жана трансплантология борборунун курулушуна капсула салуу аземи болот.
Салтанаттуу иш-чара КРнын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтөт.
Объекттин сметалык баасы 446 604 640 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдууларды, жумшак жана катуу эмеректерди берет.
04.09.2024
ЖМК өкүлдөрүн чакыруу
2024-жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын аймагында (Юлиус Фучик көч., 15/1) терапия бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу расмий аземи болот.
Салтанат КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшаянын катышуусунда өтөт.
Маалымат үчүн:
Объекттин сметалык баасы 80 000 000 сомду түзөт. Бул объектти ишке ашыруу толугу менен «Ас-Сафа Центр» уюму тарабынан каржыланат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин керектүү эл аралык класстагы медициналык жабдуулар, жумшак жана катуу эмеректер менен камсыздалат.
25.07.2024
ПРЕСС-АНОНС
2024-жылдын 26-июлунда саат 9.30да Жукеева-Пудовкина, 75 дарегинде жайгашкан №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда баасы 2000 евро турган Cervix Wisap 6001 Муздак коагулятор аппаратын тапшыруу аземи болот.
Репродуктивдүү системанын ар кандай ооруларына медициналык жардам көрсөтүүгө арналган жабдыктар «Аялдардын ден соолугу» долбоорунун алкагында «Чек арасыз дарыгерлер» медициналык гуманитардык уюму аркылуу кайтарымсыз негизде берилет.
Эми №6 ҮМБда эң акыркы муундагы кольпоскоп жана коагулятор аппараттары менен жабдылган жатын моюнчасынын рагын аныктоочу кабинет иштейт. Мындай технологиялардын аркасында жатын моюнчасынын патологиясын аныктоонун жана ооруларды алгачкы этапта дарылоонун сапаты жакшырат.