Copyright: ©

“Экспресс ден соолук - жаркын саякат” долбоорунун алкагында Ош шаарында катаракта менен ооруган 300дөн ашык бейтапка ийгиликтүү операция жасалды

29.09.2023 / Просмотров: 5700

2023-жылдын 29-сентябрында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында “Экспресс ден соолук - жаркын саякат” долбоорунун жабылуу аземи болуп өттү. Бул долбоордун алкагында 18-сентябрдан 29-сентябрга чейин 300дөн ашуун кыргызстандын жаранына катарактаны алуу операциясы жасалды.

Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Эрнис Толтоев жана башка коноктордун катышуусунда өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрынан тарта “Экспресс Ден соолук” долбоорунун командасы өз күч-аракетин катарактадан жапа чеккен жана көрүүсү начарлаган бейтаптарга жардам берүүгө багыттады.

Долбоордун командасы 10 күндүн ичинде Ош, Жалал-Абад жана Баткенден облусунан келген 338 бейтапка катаракта боюнча бекер операция жасашты. 100гө жакын бейтап текшерүүдөн өтүп, кеп-кеңештер берилди. Операциянын ар бир этабы заманбап медициналык технологияларды колдонуу менен жана тажрыйбалуу офтальмологиялык хирургдардын көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда долбоордун жетекчиси Гуо Лей айым Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 8 миллион сомдон ашык суммага офтальмологиялык жабдууларды өткөрүп берүү сертификатын тапшырды. Алар жарык берүүчү лампа, AV сканер, кератометр, контактсыз тонометр жана асферикалык линзалар сыяктуу жабдуулар.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо тармагында өз ара колдоону бекемдөөгө ишенимин баса белгиледи.

“Экспресс Ден соолук” долбоору көздүн көрүүсүн гана калыбына келтирбестен, бейтаптарга жашоонун кубанычын жана келечекке болгон үмүтүн кайтарды. Бул медициналык долбоор биргелешкен аракеттер адамдардын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келеринин үлгүсү жана далили болуп калды.

Маалымат үчүн: Долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катарактадан бекер операция жасалса, анын 300 операциясы Бишкек шаарында, дагы 300ү Ош шаарында жасалган.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.