«Бейтаптын санариптик амбулатордук картасын» пилоттук режимде киргизүү башталды

22.05.2023 / Просмотров: 1393

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасын» пилоттук режимде ишке киргизүүнү баштады.

«Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» - бул бейтаптардын медициналык маалыматтарын сактаган жана башкарган маалымат системасы, медициналык кызматкерлерге онлайн режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Системаны иштеп чыгуунун максаты бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка ыкчам жана ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылуу аркылуу калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле медициналык кызматкерге маалыматты издөөгө жана чогултууга сарпталган бюрократиялык жүктү азайтуу болуп саналат.

Система бейтаптардын медициналык тарыхын санариптик жазууну, маалыматтарды борборлоштурулган сактоону, лабораториялык жана диагностикалык системалар менен интеграциялоону, дарыгерлердин кабыл алуу графигин камтыйт. Система медициналык персоналдын ишин жеңилдетүүгө багытталган жана оорунун статистикасын жана ресурстарды пландаштыруу үчүн отчетторду жана аналитиканы түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасын» «Адамдын ден соолугунун санариптик профили» менен интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, бул калкка өзүнүн жеке медициналык маалыматтарын бир жерден алууга мүмкүндүк берет. Ошентип, бейтаптар медициналык тарыхына, лабораториялык анализдердин натыйжаларына жана диагностикалык текшерүүлөргө оңой жете алышат. Бул системалардын интеграциясы ден соолугуңузду көзөмөлдөө жана сактоо үчүн зарыл болгон маалыматты ыңгайлуураак жана толук жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, аларды алмаштыруучу санариптик чечимдер болгон учурда медициналык документтерди кагаз түрүндө жүргүзүүнү жокко чыгарган электрондук медициналык документ жүгүртүү тартиби иштелип чыкты. Бул кадам санариптик чечимдерди активдүү ишке киргизүүгө, маалыматтын кайталанышын азайтууга, финансыны үнөмдөөгө жана аларды санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө багыттоого мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, бул Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылы иштелип чыккан бирдиктүү санариптик схеманын алкагында ишке ашырылган үчүнчү санариптик чечим.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

26.04.2024
«Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

Медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында «Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды. «Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле республика боюнча 80 миңге жакын медициналык кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго медицина кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана алардын иштөө шартын жакшыртууга болгон аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», - деп кошумчалады министр.

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Ала-Тоо» эс алуу үйү 1974-жылы курулуп, көп жылдардан бери эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо жана эс алуусу үчүн кызмат кылып келет. Эс алуу үйү ээлеген жер тилкесинин аянты 24,76 гектарды түзөт. Аймак жашылдандырууну талап кылат. Мындан тышкары, ал жактагы коттедждердин эскилиги жеткенин эске алуу менен аларды бузуп, жаңы имараттарды куруу зарыл.

Өткөн жылы ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген. КР Президентинин Иш башкармалыгы аркылуу эс алуу үйүнүн аймагына миң орундуу жаңы имараттарды куруу пландаштырылууда.

«Ала-Тоо» эс алуу үйү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан миңден ашык орундуу чоң мекеме. Анын аймагында ашкана, административдик имараттар, кампалар, ошондой эле кинотеатр жана башка инфраструктуралык объектилер бар.

26.04.2024
Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

Sanarip MED санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында, өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Ооруканалар үчүн башка саламаттык сактоо маалымат системалары менен интеграцияланган санариптик медициналык карта иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бул санариптик медкарта бейтаптар жана алардын стационардык саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык абалы жөнүндө маалыматты камтыган кагаз жүзүндөгү медкартанын санарип формасы.

 

Бул бейтапка медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарын, анын ичинде кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү камтыган электрондук документ.

 

Модулдардын бири – Кыргыз Республикасында акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган төрөт жана төрөттөн кийинки жардамдын тарыхы. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде интра-наталдык жана постнаталдык жардам көрсөтүүнүн санариптик картасынын долбоору эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

 

Маалыматтарга тез жетүүнүн жана төрөттүн динамикасын автоматтык түрдө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы жана сапаты жогорулайт. Бул клиникалык чечимдерде иш-аракеттердин алгоритмдерин деталдуу эсепке алууга мүмкүндүк берет жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

 

Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет.

 

Кыргыз Республикасында бейтаптын санариптик медициналык картасын киргизүү жана колдонуу процессине көз салуу жана анын функцияларын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык персоналдын дараметин жогорулатуу боюнча тестирлөө башталды.

 

Учурда окутуу жана ишке ашыруу процесстери экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмда, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда 2024-жылдын апрель жана май айларында жүрүп жатат.

 

Жогорудагы беш акушердик уюмдардын акушер-гинекологдору, акушеркалары, неонатологдору жана неонаталдык медайымдары бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик жана неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун жана колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда.

 

Окутуу жана ишке ашыруу процесстери инновациялык чечимдер аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн жана оорууларын кыскартууга багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.

22.04.2024
Мини-футбол боюнча мелдеште Саламаттык сактоо министрлигинин футболдук командасы 1-орунду ээледи

Саламаттык сактоо министрлигинин футбол командасы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлеп, жеңишин майрамдоодо. 2024-жылдын 20-21-апрелинде өткөн бул турнир президенттин “Кыргызстанда 2024-2034-жылдарга футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, анын максаты - футболду өнүктүрүү ден соолукту сактоонун жана чыңдоонун багыты катары кызматкерлердин физикалык даярдыгын жогорулатуу жана спортту пропагандалоо.

Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышты, бул спорттук иш-чараларга болгон кызыгууну жана алардын калк арасында физикалык активдүүлүктү жогорулатуудагы ролун чагылдырат.