Copyright: ©

Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, бейтаптар үчүн жаңы жакшыртууларды тартуулады

13.04.2024 / Просмотров: 3213

 Бүгүн, 2024-жылдын 13-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, андагы калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев жана борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев да барышты.

Оңдоо иштери 2023-жылдын төртүнчү кварталында башталып, бул үчүн бюджеттен 10,5 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Медициналык тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн регистратура кеңейтилди жана кабыл алууларды тезирээк түзүү үчүн, бейтаптардын суроо-талаптарына ыкчам жооп берүү үчүн жаңы компьютерлер орнотулду. Бул жерде санариптик чечимдер толугу менен колдонулат. Медициналык маалыматтарды ыңгайлуу жана коопсуз сактоо үчүн №6 ҮМБ электрондук медициналык картасын колдонууга өттү.

№6 ҮМБнын директору Асел Теңизбаева билдиргендей, алардын борбор катталган 102 миңдей  калкты, анын ичинен 24 миң жаш балдарды, 1700 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлеп, медицина кызматкерлери үчүн да, бейтаптар үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдон келгендин баарын жасап атканын белгилеп өттү.

ҮМБнын түзүмүндө «Катталбаган калкты кабыл алуу», шашылыш жардам көрсөтүү бөлмөсү, парафин терапиясы, физио-реабилитациялык бөлмө жана башка көптөгөн кызматтарды көрсөтүүчү жаңы кабинеттер уюштурулган. Мындан тышкары, №6 ҮМБ жаңы флюорография аппаратын сатып алды, имараттын бардык периметрине жана ичине видеокөзөмөл камералары орнотулду, кеңсе эмеректери жана кызматкерлердин ишин жакшыртуу үчүн жабдуулар алынып, ҮМБнын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө, калктын саламаттыгынын көрсөткүчтөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасы жана материалдык-техникалык жабдылышы жакшыртылып жатат. «Бир күн мурун Жалал-Абад облусунда эки жаңы оорукана пайдаланууга берилди. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан туруктуу иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде оорукананын жаңы имараттарын куруу, заманбап жабдуулар менен жабдуу жана автопаркты жаңылоо. Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн бардык иштер жасалууда», - деди министр.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

23.05.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Пандемияга каршы күрөшүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2024-жылдын 22-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пандемияга каршы күрөшүү фондунун аткаруучу директору Прия Басу айым менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Министр бул жолугушууну өткөрүү демилгеси жана Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына болгон кызыгуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал пандемия коркунучтарына каршы чараларды көрүү үчүн финансылык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүүдө Фонддун негизги ролун белгиледи. Фонд пандемиялык ооруларды түшүнүүгө, алдын алууга жана дарылоого багытталган фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү каржылоого, ошондой эле пандемияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө маалымат, ресурстар жана тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык кызматташуу механизмдерин түзүүгө көмөктөшөт.

Аялуу аймактарда саламаттык сактоону колдоо маселелерине, анын ичинде медициналык инфраструктураны өнүктүрүүгө, дары-дармектерге жана вакциналарга жеткиликтүүлүктү камсыздоого, ошондой эле медициналык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын Фонд менен кызматташууга кызыкдар экенин баса белгилеп, өлкөнүн Пандемияга каршы күрөшүү фонддун Башкаруу Кеңешинин курамына киришинин маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тең-инвестор өлкө катары гранттарды жана колдоолорду алууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Министр Кыргызстандын Башкаруу Кеңешиндеги ролу жана тең-инвестор катары мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат алууга үмүттөнөрүн билдирди.

Министр ошондой эле калкка алдын алуу чаралары, пандемиялык оорулардын белгилери жана коргонуу ыкмалары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өзгөчө медициналык жана гуманитардык операцияларды жайылтууну жана эл аралык жардамды уюштурууну камтыган пандемиялык коркунучтарга тез жооп берүүгө даярдык көрүү чараларынын топтомун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Алымкадыр Бейшеналиев бүгүнкү жолугушуу натыйжалуу болуп, Фонддун башкаруу процессинеар дайым өзгөрүп турган медициналык коркунучтардын шартында дүйнөлүк коомчулуктун коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү болгон олуттуу жыйынтыктарды алып келээрине ишенимин билдирди. 

22.05.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Индиянын «Кендрия Бхандар» компаниясы медициналык буюмдар жана жабдуулар тармагында кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюшту

2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Индиянын «Кендрия Бхандар» фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Мукеш Кучер мырзанын ортосунда видеоконференция байланышы болуп өттү.

Ошондой эле видеоконференциянын жүрүшүндө медициналык багыттагы буюмдар жана медициналык жабдуулардын материалдары менен камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз өлкөсүн дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууда «Кендрия Бхандар» компаниясынын чоң ийгиликтерин баса белгиледи.

Ошону менен бирге ал 290дон ашык саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуучу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырды жана Меморандумга ылайык, «Кендрия Бхандар» компаниясын алдыдагы кызматташууда министрликтин жетекчилиги Кыргызстанды жогорку сапаттагы дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү өнөктөш катары көрөт.

22.05.2024
Президент Садыр Жапаров: Кыргызстанда дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында врачтардын саны көбөйтүлөт

1-июлдан тарта алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында, дарыгерлердин санын 200дөн 500гө чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, Социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып, билдирди.

Ал ошондой эле врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатыларын айтты.  

“Бишкек жана Ош шаарларынан башка республиканын аймактарында дарыгерлердин жетишсиздигин эске алуу менен чукул чара катары педиатрларга, неонатологдорго, хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго 20 миң сом өлчөмүндө кошумча айлык төлөм киргизүүнү да тапшырдым. Бүгүнкү күндө бизде жаш дарыгерлер жетишсиз. Алыскы же бийик тоолуу аймактарда эле эмес, керек болсо, облустук борборлордо да жаш медиктер жокко эсе экенин көрүп жатабыз. Андыктан практикадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлорду жана интернатурадагы дарыгерлерди тартуу жана аларга стимул берүү үчүн 20 миң сомдон атайын төлөмдөрдү киргизүүнү милдеттендирдим”, - деп, Мамлекет башчысы Президенттик Администрация бүгүнкү күндө медициналык тейлөө тармагында гана эмес, башка тармактарда да орто жана узак мөөнөттүү кадамдарды караштырып жатканын кошумчалады.  

“Эң негизгиси биз биргелешип аракет кылсак, мамлекетибиз жылдан-жылга социалдык милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүктөрүн арттыра берет”, - деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.