Copyright: ©

Аномалдуу ысык аба ырайында ден соолукка кам көрүү боюнча кеңеш

11.07.2023 / Просмотров: 1021

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 12-14-июль күндөрү аномалдуу ысык аба ырайы күтүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги алдыдагы аномалдуу ысыкта ден соолукка кам көрүү боюнча сунуштарды берет.

Абанын температурасынын ашыкча жогорулашы адамдын организмине, өзгөчө жүрөк-кан тамыр системасына терс таасирин тийгизет. Мындай аномалдуу ысык аба ырайында организмдин кургап калышынан жана ысык же күн өтүп кетишинен сактануу үчүн мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга аракет кылыңыз.

Ысык же күн өтүп кетишинин белгилери:

Баш айлануу, баш оору, жүрөктүн тез кагышы, жүрөк айлануу, муздак тер, бет терисинин кызарышы, алы кетүү.

Оор учурларда катуу ысыктын же күндүн таасири астында адам эсин жоготуп, дене табы 41°Сге чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ысык өтүп кетишинин алдын алуу

Баш кийимсиз күн астында көпкө туруу сунушталбайт. Чаңкооңузду салкын, бирок өтө муздак эмес суусундуктар менен кандыруу зарыл: суу, көк чай, шире, бирок эч качан спирт, кофе же сыра болбойт. Алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу керек. Ысык аба ырайында режимди сактоо өтө маанилүү болуп саналат - суюктук, жок эле дегенде, 1,5 - 2,5 литр, ашыкча тоюп жеген болбойт.

Бөлмөнүн температурасын көзөмөлдөө жана түздөн-түзжелдеткичтин же кондиционердин астында турбаш керек.

Бөлмөнүн ашыкча ысып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жалюзи колдонуу, терезелердин ички жагына чагылдыруучу фольганы же тешикчелери бар кадимки ак кагазды жабыштыруу сунушталат.

Табигый кездемелерден (кебез, зыгыр буласынан, жибектен) тигилген жеңил, ачык түстөгү кийимдерди кийүү керек.

Курчап турган чөйрөнүн температурасы 25 градустан жогору болсо, оор физикалык жумуш, терапиялык массаж, жылуулук физиотерапиясы, ден соолукту чындоочу көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат, анткени булар жүрөк-кан тамыр системасына кошумча күч келтирет.

Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен жабыркагандар дарыгердин сунуштарын так аткарып, белгиленген дары-дармектерди өз убагында кабыл алышы керек. Артериалдык гипертониядан жапа чеккен адамдар кан басымын дайыма көзөмөлдөп турушу керек. Кант диабети менен ооруган бейтаптар кандагы канттын көлөмүн кылдаттык менен көзөмөлдөөсү керек. Бул жөнөкөй алдын алуу чараларын колдонуу менен, аномалдуу ысык аба ырайына оңой туруштук бере аласыз жана ден соолугуңуздун начарлашынан сактана аласыз.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.