Copyright: ©

Бишкектеги эки балдар ооруканасында кезек күткөндөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

19.12.2023 / Просмотров: 3762

Бүгүн, 2023-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүндөгү адистердин кабыл алуусуна кезек күтүү абалына мониторинг жүргүзүү максатында Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Ошондой эле, ооруканага барганда министр хирургиялык патологияга шектелген баланы текшерип, кеңеш берди.

   Министрдин тапшырмасы менен Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду. Мындай иш-аракет бейтаптардын агымын жөнгө салуу жана оорулуу балдардын ата-энелерине шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

  Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ар кандай оорулар менен ооруканага жаткырылып, калгандары адистин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Күнүнө 13төн дарыгер нөөмөттө турат, нөөмөттөгү дарыгерлердин санын 15кежеткирүү пландалууда.

«Оорулуу баланы экиден кем эмес адам коштоп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Бул дагы оорукананын коридорлорунда кошумча кезектерди жаратууда. Кесиптешим Өзгөчө кырдаалдар министри менен макулдашуу боюнча февраль-март айларына чейин иштей турган көчмө госпиталдар уюштурулду. Ошондой эле, тез жардам боюнча Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун экинчи базасында Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун көчмө клиникалары иштейт. Мобилдик клиникада УЗИ жана ЭКГ аппараттары бар, бейтаптардын агымы көп болгон учурда кезек күтүүнү азайтуу үчүн колдонулат», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту

2024-жылдын 29-октябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа региондук комитетинин 74-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Бейшеналиев 2024-жылдын июнь айында Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында Кыргызстанда өткөн Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча 1-Эл аралык форумдун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул иш-чара ДСУнун Европалык аймактык бюросу менен биргеликте Туруктуу өнүгүү максаттарына  жетүүгө салым кошкон инновациялык стратегияларды бөлүшүү жана мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Министр форумду өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ДСУга ыраазычылык билдирип, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, ошондой эле санариптик саламаттык сактоо куралдарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстандын калктын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган улуттук жана аймактык демилгелерин ишке ашырууда ДСУ мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

29.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда, анда өлкөлөрдүн өкүлдөрү саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын талкуулашууда.

Катышуучулар менен амандашып жатып, министр глобалдык чакырыктар шартында калк саламаттыгын чыңдоого жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган тажрыйба алмашуу жана стратегияларды талкуулоо аянтчасы катары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин сессиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын ДССУ менен кызматташуу жылдарындагы жетишкендиктерин белгилеп, өзгөчө 2024-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында өткөн Борбордук Азиядагы саламаттыкты сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга өзгөчө басым жасады. Форумда саламаттыкты сактоого инвестициянын маанилүүлүгү жана анын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу белгиленди. Министр ошондой эле жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүнүн жана коомдук саламаттык сактоонун туруктуулугун чыңдоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

«Азыр бизге натыйжалуу жана адилеттүү саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн биримдик жана чечкиндүүлүк болуп көрбөгөндөй керек. Биргелешкен күч-аракет менен гана биз ар бир адам үчүн ден соолук жана бакубатчылык жеткиликтүү болгон туруктуу келечекке жетише алабыз”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

29.10.2024
ИНСУЛЬТ: КАН БАСЫМЫН ӨЗ ЧЕГИНДЕ КАРМАҢЫЗ!

29-октябрь Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Неврологдор бул ооруга алып келчү бир нече коркунуч факторлорун аташты. Кыргызстанда негизги фактор болуп, артериалдык кан басымдын жогору болушу саналат. Дээрлик ар бир бешинчи кыргызстандыктын кан басымы өйдө экенин неврологдор баса белгилешет. Андан кийин кант диабети, аритмия оорусу, семирүү, алкоголду ашыкча өлчөмдө ичүү, чылым тартуу жана башка факторлор кирет. 

Мындан улам инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек экенин дарыгерлер эскертишет. Алардын айтымында кан басымын өз чегинде кармоо зарыл. 

 

СОККУ - инсульттун алгачкы белгилерин таануунун жөнөкөй жолу болуп, мээ кан тамырынын иштешинин бузулуусуна тезинен чара көрүүгө мүмкүндүк берет. СОККУ төмөнкүдөй чечмеленет:

  1. Сүйлөө: Адамдан жөнөкөй сөз айкашын сураңыз. Сүйлөө начар же кыйын болсо, инсульттун белгиси болушу мүмкүн.
  2. Ооз: Адамдан жылмайышын сураныңыз. Инсульт болгондо жылмаюу кыйшык болуп, беттин бир жагы төмөн түшүп калышы мүмкүн.
  3. Кыймыл: адамдан эки колун көтөрүүнү сураныңыз. Инсульт учурунда бир кол өзүнөн өзү түшүп же такыр көтөрүлбөй калышы мүмкүн.
  4. Көрүү: Инсультка кабылган адамдын көрүүсү начарлап, бир зат эки болуп көрүнүшү ыктымал.
  5. Убакыт: Эгер сиз бул белгилердин жок дегенде бирин байкасаңыз, дароо тез жардам чакырыңыз. Бейтаптын өмүрүн сактап калууда убакыт маанилүү роль ойнойт.

Инсультка кабылган адамга медициналык жардамды канчалык тез көрсөтүлсө, анын өөмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот, андыктан дароо аракет кылуу маанилүү.