Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

25.07.2023 / Просмотров: 1170

2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коллегия өтүп, анда ведомствонун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.

Коллегия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун, коллегиянын мүчөлөрүнүн жана республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Эдиль Жолдубаевич Байсалов өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы өлүм көрсөткүчүнүн азайышын, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнүн азайгандыгын баса белгиледи. «Өлкөдө жалпы өлүмдүн олуттуу төмөндөшү медицина кызматкерлеринин ишининнатыйжалуулугун, жакшыртылган медициналык технологияларды жана сапаттуу дарылоонун жеткиликтүүлүгүн көрсөтүп турат. Саламаттыкты сактоо системасынын ийгилигинин эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири - ымыркайлардын өлүмүнүн кыскарышы болуп саналат. Эненин жана баланын ден соолугун коргоо боюнча жаңы программаларды киргизүү, педиатриялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана болочок ата-энелерге балага кам көрүү боюнча билим берүү бул көрсөткүчтүн жакшыруусуна өбөлгө түздү. Акушердик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кош бойлуу аялдарды колдоо жана медициналык кызматкерлерди даярдоону жакшыртуу менен энелердин өлүмүн азайтууга мүмкүн болду. Бул келечек муундардын саламаттыгын камсыздоодогу маанилүү кадам. Жетишилген ийгиликтерге карабастан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди уланта бермекчи. Алыскы аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ар кандай ооруларды диагностикалоо жана дарылоодо инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча кошумча иш-чаралар пландаштырылууда. Жарым жылдыктагы жетишкендиктер туура багыт алынганын, саламаттыкты сактоо тармагындагы аракеттер токтобой турганын айгинелейт. Өкмөт медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртууга жана өлкөнүн калкынын саламаттыгын камсыздоого умтулат”.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова ведомствонун жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы боюнча баяндама жасап, ошондой эле негизги оорулар боюнча статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Республикада калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү КР УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 12,0%га төмөндөп, 1000 жашоочуга 4,4 түздү (2022-ж. - 5,0). 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы республика боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн 1,3%га төмөндөшү белгиленген (2023-ж. - 14,7; 2022-ж. - 1000 тирүү төрөлгөнгө 14,9). Энелердин өлүмүнүн деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,6%га төмөндөгөн (2022-ж. – 33,1/23 аб.с.; 2023-ж. – 100 000 тирүү төрөлгөнгө 29,0/20).

Ошондой эле, министр Гүлнара Баатырова республиканын калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында министрдин орун басарларына, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине жана башкармалыктардын башчыларына бир катар тапшырмаларды берди.

«Биз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга карата Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча «Эң жакшы» деген баа алдык. Бул жогорку баа, аны биз жылдын аягында ырасташыбыз керек. Ушуга байланыштуу белгиленген иш-чаралардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти башкармалыктардын башчыларына жүктөйм. Алар – дары-дармектерге көз салуу системасын киргизүү, “Медициналык туризм” кластерин ишке киргизүү, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчүлөргө акы төлөө механизми жана Мамлекеттик кепилдик программасын кайра карап чыгуу, көндүмдөрдү жана компетенцияларды баалоо борборун түзүү».

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүүгө өтүү үчүн Санариптик амбулатордук картанын ишке ашырылышын жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды. Жылдын аягына чейин биз бул маалыматтык системаны 40%дан кем эмес баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында ишке киргизишибиз керек. «Жылдын аягына чейин медициналык статистиканы чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча онлайн платформа иштеп чыгууну тапшырам жана жылдык отчетторду тапшыруу үчүн Бишкекке эч ким келбесин. Ошентип, биз статистикалык маалыматтардын сапаттуу жана ыкчам алынышын камсыздап, иш сапарга кеткен чыгымдардан дээрлик 7 миллион сом үнөмдөйбүз», - дейт Гүлнара Баатырова.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.