Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде натыйжаларга негизделген Программаны ишке ашыруунун жүрүшү талкууланууда
27.09.2022 / Просмотров: 1691
2022-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк банктын командасынын ортосунда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын орто мөөнөттүү кароосу жана аны реструктуризациялоо процесси боюнча алгачкы жолугушуу болуп өттү (Натыйжага негизделген программа - ННП).
Маалым болгондой, учурда КР Саламаттыкты сактоо министрлиги ННП программасын практика жүзүндө ишке ашырууда. ННП программасын ишке ашыруу планы COVID-19 пандемиясына байланыштуу кырдаалды эске алуу менен кайра каралып, Дүйнөлүк банк менен макулдашылды. Көптөгөн иш-чаралар программанын экинчи жылына жылдырылды. Төлөмгө байланыштуу бардык көрсөткүчтөрдү (ТБК) ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар 2021-жылы башталган.
2022-жылдын 26-сентябрынан 30-сентябрына чейин Дүйнөлүк банктын командасы ННП программасын орто мөөнөттүү карап чыгууга жана реструктуризациялоого арналган жумушчу сапарын өткөрүүдө. Дүйнөлүк банктын командасын ДБ Миссиясынын Жумушчу тобунун башчысы Кристел Вермеерш айым жетектейт.
Министрдин орун басары Нурйила Шериева өз сөзүндө КР Саламаттык сактоо министрлигинин атынан ННП программасын ишке ашырууга колдоо көрсөткөн Дүйнөлүк банкка, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирди.
«Программаны ишке ашыруунун башталышы дүйнө жүзү боюнча коронавирустук пандемияга байланыштуу глобалдык чектөөлөр мезгилине туш келди. Бирок, болгон кыйынчылыктарга карабастан, Программа 2021-жылдын ортосунан тарта ишин баштады. Алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча конкреттуу кадамдар жасалды. Кийинки техникалык талкуулар ННП программасынын өзүн да, бүтүндөй саламаттыкты сактоо системасын дагы оптималдаштыруунун жана реструктуризациялоонун негизги багыттарын аныктоодо маанилүү кадам болот деп ишенем”, - деди министрдин орун басары Нурийла Шериева.
Дүйнөлүк банктын техникалык миссиясынын жүрүшүндө ННП Программасынын аткаруучулары менен түздөн-түз жолугушуулар пландаштырылууда, анда көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча жыйынтыктар жана конкреттүү иш-чаралар каралат, ошондой эле аларды ишке ашыруу жана натыйжаларга жетишүү мөөнөттөрү каралат.
Маалымат үчүн:
ННП программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча бекитилген “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” программасынын алкагында ишке ашырылууда. ННП программасы жакынкы келечекте республиканын саламаттык сактоосун мындан ары өнүктүрүүнүн башкы саясатынын кузгусу болуп саналат. Алдыда боло турган техникалык талкуулардын негизги максаты - аны карап чыгуудагы негизги билдирүүлөрдүн негизинде ННП программасын андан ары реструктуризациялоо боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу.
ННП программасы программанын бүткүл мөөнөтүндө жетишүүгө тийиш болгон натыйжалардын үч негизги багыттарынан турат:
Натыйжалар багыты 1: Саламаттык сактоо системасына сапатты жогорулатуу механизмдерин интеграциялоо.
Натыйжалар багыты 2: Медициналык жардамдын сапатын камсыз кылуу үчүн стратегиялык медициналык сатып алууларды күчөтүү.
Натыйжалар багыты 3: Сапатты жакшыртуу маселелери боюнча саламаттык сактоо секторун ак ниет башкарууну жана стратегиялык башкарууну күчөтүү.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Медициналык 083 формадагы маалымкат алуудагы кезектер боюнча маалымат
Айдоочулук күбөлүк алуу же алмаштыруу үчүн зарыл болгон 083 формадагы медициналык маалымкатты алуу учурунда Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда адамдардын топтолушу тууралуу жарандардын кайрылууларына жана социалдык тармактардагы билдирүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды медициналык уюмдардагы убактылуу жогорулаган жүккө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилеринин маалыматына ылайык, акыркы апталарда жарандардын дал ушул 083 формадагы медициналык маалымкат боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөн. Мурда мындай маалымкат алуу үчүн күнүнө орто эсеп менен 15–20 адам кайрылса, учурда кайрылуулар кыйла өсүп, айрым медициналык уюмдарда кезектердин жаралышына алып келди. Эгер сентябрь айында республика боюнча орто эсеп менен күнүнө 500гө жакын 083 формадагы медициналык маалымкат берилсе, декабрь айында бул көрсөткүч суткасына 3 миңге чейин жетип, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна түшкөн жүк дээрлик алты эсеге көбөйгөнүн көрсөтүүдө.
Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги медициналык маалымкаттарды берүү штаттык режимде жүргүзүлүп жатканын, медициналык кызматкерлер кабыл алуудан баш тартпаганын жана кайрылган бардык жарандар белгиленген кезек тартибине ылайык кабыл алынып жатканын баса белгилейт.