Copyright: ©

11 жаңы муздак сактоочу бөлмө Кыргызстанда вакциналардын сакталышын жакшыртууга жардам берет

23.01.2024 / Просмотров: 3754

Вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн алардын сакталуу шарттары жана жетиштүүлүгү өтө маанилүү 

2024-жылдын 23-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу жаңы муздак сактоочу бөлмөнүн ачылыш аземи өттү. Жаңы сактоочу жай райондогу 200 миңден ашык адам, анын ичинде беш жашка чейинки 28 миң жаш бала үчүн вакцина сактоого мүмкүндүк берет. Бул Канада Өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстан боюнча орнотулуп жаткан 11 жаңы кампалардын биринчиси. Бардык 11 бөлмөнүн жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.

Азем Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн м.а. Кристина Бруджиолонун катышуусу менен өттү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева өз сөзүндө Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон мырзага жана ЮНИСЕФке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоодо жана балдардын жана калктын ден соолугун коргоо максатында эмдөөнүн сапатын жогорулатууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Министрдин орун басары белгилегендей, министрлик Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттык сактоо боюнча приоритеттүү программалардын бири катары аныктайт. Бул эмдөө программасына болгон саясий колдоонун күчөтүлүшү менен, бул жаатта өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишти. «Муздатуучу камералар бардык аймактарга бөлүштүрүү планына ылайык жеткирилди. Алар кызамык оорусу менен күрөшкө чоң салым кошот деп ишенебиз. Өзгөчө өлкө кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозаларын алганда», - деп баса белгиледи Бубужан Арыкбаева.

Муздак сактоочу бөлмөлөр Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында орнотулат. Бул аймактар алардын муктаждыктарына жараша Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылып тандалып алынган.

«Канада Кыргызстандын вакциналарды сактоо жана жайылтуу, аны менен бирге коомдук саламаттыкты сактоо чакырыктарына ыкчам жооп берүү потенциалын жогорулатууга багытталган бул долбоорго демөөрчүлүк кылганы менен сыймыктанат. Ишенимдүү муздак сактоо вакциналарга болгон ишенимди арттырып, эмдөө программаларына көбүрөөк катышууга үндөп, ден соолукту чыңдайт”, - деп белгиледи Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон. 

Көлөмдөрү 10 м3 (5) жана 30 м3 (6) болгон бөлмөлөр вакциналардын олуттуу көлөмүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул көлөмдөр аталган облустардын жана райондордун күтүлгөн керектөөлөрүн канааттандырат.

«Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстанда жаш балдарды коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен камсыздоо. Вакциналарды сактоо, жеткирүү жана бөлүштүрүү бул иштин эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджиоло.

Бөлмөлөр +2ден +8ге чейинки туруктуу температураны кармап турат, бул вакциналардын көпчүлүгүн туура жана коопсуз сактоого ылайык болгон температура. Жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала квалификациясын алгандыктан, жогорку стандарттарга шайкеш.

Бардык бөлмөлөр 2024-жылдын март айына чейин орнотулат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.