Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев климаттын өзгөрүшүнүн адамдардын ден соолугуна тийгизген таасирин талкуулаган пленардык жыйынга катышты

03.12.2023 / Просмотров: 4030

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 3-декабрда климаттын өзгөрүшүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин талкуулоого арналган пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Жолугушуу Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) COP28 Климаттын өзгөрүшү боюнча 28-конференциянын алкагында өттү.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө:

«Кыргызстандын жарандарынын дени сак айлана-чөйрөгө жана бакубат жашоого болгон укуктарын коргоо мен үчүн чоң сыймык. Мен ДССУну, Климат Конвенциясынын Катчылыгын жана Бириккен Араб Эмираттарын бул күндү ден соолукка арнаганы жана климаттын өзгөрүшүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин баса белгилегени үчүн баалайм. Кыргызстан Климат жана ден соолук боюнча COP28 Декларациясын толугу менен колдоп, бул маселенин олуттуулугун баса белгилейт.

Климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк ден-соолукка коркунуч туудурат жана Борбордук Азияда жайгашкан тоолуу өлкөбүз континенттик, кургак климатка байланыштуу күчөгөн аялуу абалга дуушар болууда. Температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы жана гидрологиялык режимдин бузулушу суу менен камсыздоо булактарынын кыскарышына жана суунун сапатынын төмөндөшүнө алып келет. Демек, жугуштуу оорулардын көбөйүү коркунучу, өзгөчө өлкөнүн ичүүчү таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарында жогорулайт. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынын таралышы кооптонууну жаратат, бул өтө ысык жана абанын көмүр жана отундан булганышы менен күчөп баратат. Климаттын өзгөрүүсү менен шартталган өзгөчө табигый кырсыктар жугуштуу оорулардын жайылышын күчөтүп, биздин саламаттык сактоо инфраструктурасына жана калктын саламаттыгына оорчулук келтирүүдө.

Калктын эң аялуу катмары – аялдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, улгайган адамдар, мигранттар, айыл жана бийик тоолуу калк – климаттын өзгөрүүсүнүн пропорционалдуу эмес жүгүн көтөрүп, алардын кыйынчылыктарын күчөтүүдө. Муну түшүнүү менен Кыргызстан өзүнүн климаттык стратегияларында, улуттук адаптация пландарында жана «Дени сак адам, бакубат эл» программасында ден соолукту биринчи орунга коюуда. Бирок климаттын өзгөрүүсүнүн аялуулугун баалоого ылайык, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы 2030-жылга карата олуттуу көйгөйлөргө туш болуусу мүмкүн, андыктан азыр тез арада чечүү зарылдыгы бар маселелер, булар:

• Адаптация механизмдерин күчөтүү жана санариптик интеграцияланган тобокелдиктерди баалоо системасы аркылуу климатка байланыштуу өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүүгө жөндөмдүү саламаттык сактоо системасын түзүү. Эл аралык колдоо жана тажрыйба алмашуу маанилүү.

• Саламаттык сактоо мекемелерин инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды натыйжалуу башкарууга даярдоо. Үзгүлтүксүз электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу абдан маанилүү.

• Өзгөчө тоолуу аймактарда медициналык тез жардам кызматтарын модернизациялоо тез арада чечүү жолдорун, кошумча каржылоону жана инвестицияны талап кылат.

Биз чечкиндүү аракеттер адамдардын ден соолугун коргоо жана биздин өлкөлөрдөгү саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн маанилүү экенин түшүнөбүз. Климаттын өзгөрүшү сөзсүз болот. Иш-аракет азыр маанилүү. Колдоо, чыңдоо, ийгиликтүү тажрыйба алмашуу боюнча иш-аракеттер, биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү жана биздин замандаштарыбыздын ден соолугун сактоо менен өлкөлөрүбүзгө келечек тартуулоо маанилүү!”

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.