Copyright: ©

Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулууга ниеттенүүдө

23.08.2023 / Просмотров: 2153

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстанда рак оорусуна көзөмөлдү жакшыртуу боюнча Миссиясы 2023-жылдын 21-августунан 25-августуна чейин Бишкекте болот.

Бүгүн, 23-августта Бишкекте Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге Кыргызстандын кирүүсүн талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

«Онкология маселеси, өзгөчө балдар онкологиясы, биздин өлкө үчүн актуалдуу. Кыргызстанда 2022-жылы 180 бала онкология менен катталса, ага чейин жыл сайын 120га жакын бала аныкталчу. Биз диагностикалык методдорду, аныктоо куралдарын өркүндөтүү, керебеттердин санын кеңейтүү жана техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатабыз. Дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн онкологиялык бейтаптардын санариптик реестри түзүлөт. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулуу ниетинде. Бул жол берилгис ажырымды жоюу жана баланын рак оорусуна байланыштуу эң оор сыноолорду башынан өткөрүп жаткан ата-энелерге үмүт берүү үчүн жасалган кадам», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Маалымат үчүн:

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча болжол менен 400 000ге жакын бала (0-19 жаштагы) рак оорусуна чалдыгышат. Рак оорусуна чалдыккан 10 баланын дээрлик 9у кирешеси төмөн жана орто мамлекеттерде жашашат. Рак жыл сайын 100 000ге жакын баланын өмүрүн алат.

Ушуга байланыштуу, Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы 2018-жылы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгени ишке киргизди. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен бирге Иуда Фаддейдин Ыйык апостолу ооруканасы Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгенин платформасын түздү. Ал 2030-жылга карата балдардын эң кеңири тараган рак оорусунан жашап кетүү көрсөткүчүн 60% га чейин жогорулатууга багытталган. Бул балдарга онкологиялык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармек менен камсыздоо боюнча алгачкы дүйнөлүк платформа аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө балдардын рак ооруларын дарылай турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Платформа өлкөлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтөт: өлкөнүн билдирмелерин консолидациялоодон жана суроо-талапты түзүүдөн баштап; дары-дармектерди тандоодо өлкөлөргө жардам көрсөтүү; дарылоо стандарттарын иштеп чыгуу; жардамдын натыйжалуулугун көзөмөлдөө жана инновацияларды стимулдаштыруу үчүн маалыматтык системаларды түзүүгө чейин.

Ошондой эле, ДССУнун Миссиясы Кыргызстанга жогорку квалификациялуу онкологиялык жардам көрсөтүүдө орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана алынган маалыматтардын жана аларды талдоонун негизинде эрте аныктоо жана дарылоо боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү стандарттарды жана методдорду иштеп чыгууга жардам берүү, онкологиялык ооруларды дарылоо, паллиативдик жардам көрсөтүү жана онкологиялык оорулардан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн мыкты жолдорун иштеп чыгуу жана өлкөгө сунуш кылуу үчүн жөнөтүлгөн.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.

Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.

Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.

 

26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.

Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.

«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.

25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду

Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду. 

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.

Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет. 

1-таблица

2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси

 

АймактарВакцинацияланган жер
1Ош облусу жана Ош шаары№8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22
3Жалал-Абад облусуМанас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети
4Баткен облусуБаткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 
5Талас облусуТалас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 
6Ысык-Көл облусуКаракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121
7Нарын облусуНарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5
8

Чуйская

аймак

-ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6.

- ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н

9БишкекБишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а

Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.