Copyright: internet©

Кыргызстанда дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча жаңы эрежелер киргизилди

19.07.2023 / Просмотров: 1332

Калкты жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп Министрлер Кабинетинин №292 «Дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому бекитилди. Бул чечим 2023-жылдын 31-майында кабыл алынган жана баалардын негизсиз жана кескин өсүшүнө жол бербөө максатында дары-дармек каражаттарына максималдуу дүң жана чекене бааларды белгилөөгө багытталган.

 

Бул эрежелердин негизги максаты - калк үчүн дары-дармектердин экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Маанилүү дары-дармек каражаттарынын улуттук тизмесине кирген дары-дармектерге максималдуу баалар белгиленет. Дары-дармектерге бааны түзүүдө ар кандай факторлор, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү наркы, транспорттук чыгымдар, бажы төлөмдөрү ж.б. эске алынат. Мындан тышкары, үстөк баанын регрессивдүү шкаласы колдонулат, ага ылайык, дары каражаттын баасы канчалык жогору болсо, үстөк баа ошончолук төмөн болот. Белгилей кетсек, фармацевтикалык уюмдарга дары-дармектерди белгиленген баанын чегинен жогору сатууга тыюу салынат.

 

Эрежелер ата мекендик өндүрүшчүлөр чыгарган дары-дармектерге, ошондой эле рецептсиз сатылуучу дары-дармектерге жана жеткирүү баасы 100 сомго чейинки дары-дармектерге жайылтылбайт. Бул эрежелер Кыргыз Республикасында көзөмөлгө алынуучу наркотикалык жана психотроптук каражаттарга жайылтылбайт.

 

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектердин баасын жөнгө салуу эрежелерин киргизүү бардык жарандардын дары-дармек менен камсыз болушуна шарт түзөт деп ишенет.

 

Эң жогорку дүң жана чекене бааларды эсептөө жана каттоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан жүргүзүлөт.

 

Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу дары-дармектердин баасын текшерүү үчүн жарандар берилген QR кодду колдонсо болот, ал эми дары-дармектердин баасын ашыкча көтөрүп саткан учурда www.pharm.kg сайтында жарыяланган нускамаларды аткаруу менен арыз калтырса болот.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.