Copyright: ©

Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүшөт

08.02.2024 / Просмотров: 2893

Бүгүн, 2024-жылдын 8-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасында органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү боюнча буйругун аткаруу максатында Улуттук госпиталдын 8 дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар эртең Түркиядагы алдыңкы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Биринчи этапта 4 уролог, бир айдан кийин дагы 4 дарыгер жөнөтүлөт.

Жыйында министр КР Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп, анда КР Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы туугандык донорлордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси талкууланын билдирди. «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин даярдалган адистер бар. Бул команда окутуудан кийин кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасайт. Андыктан силерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Окууңарга ийгилик каалайм”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

02.03.2024
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагына, психикалык саламаттык сактоого жана санариптик саламаттык сактоого көңүл бурулду

29-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймактык бюросунун Өлкөлүк саламаттык сактоо стратегиялары жана системалары бөлүмүнүн директору Natasha Azzopardi-Muscat жетектеген делегациясы бир нече саламаттык сактоо уюмдарына баруу жана саламаттык сактоонун кадрдык ресурстары, психикалык ден соолук жана санариптик саламаттык сактоо маселелери боюнча негизги өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүү максатында Кыргызстанга келди. 

Күндүн программасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна баруу менен башталды. Борбор кант диабетинде жардам көрсөтүү боюнча медициналык кызматкерлердин көндүмдөрүн жогорулатууга, ошондой эле туура тамактанууну жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган жаңы медайымдык программаны пилоттук түрдө ишке ашырууда.

«Бейтаптарды өз алдынча дарылоо процессине тартуунун пайдасы далилденген. Качан бейтаптарга мониторинг жана дарылоого катышууга уруксат берилгенде, алардын абалы үчүн жоопкерчиликтүү болуп, ден соолугунун жакшы натыйжаларына алып келет", - деди доктор Azzopardi-Muscat. "Бул келечектин туруктуу саламаттыкты сактоо тутумдары үчүн өткөн жылдагы жогорку деңгээлдеги ‘Ишеним жана трансформация’ конференциясында негизги билдирүүлөрдүн бири."

Делегация ошондой эле Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары доктор Медербек Исмаилов жана Саламаттыкты сактоо министринин орун басары доктор Айжамал Шамбетова менен жолугушуп, 2023-жылдын ноябрында кол коюлган ДCСУнун жаңы өлкө боюнча кызматташуу стратегиясын Кыргызстанда ишке ашырууну талкуулашты. Талкууда ден соолук үчүн адам ресурстары - сактоо, ишке тартуу, башкаруу жана окутуу - психикалык ден соолук, ошондой эле саламаттыкты сактоону каржылоо жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн эң эффективдүү ыкмасы катары баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо маселелери талкууланды.

Делегациянын Санариптештирүү министринин орун басары доктор Бакыт Жангазиев жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Электрондук саламаттык сактоо борборунун директору Чыңгыз Бексултанов менен жолугушуусунун негизги темасы Кыргызстандагы санариптик саламаттык сактоо, «Санарип МЕД» санариптештирүү программасы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун санариптештирүү боюнча флагмандык демилгеси болду. Жолугушууда технологиянын саламаттык сактоодогу ролу баса белгиленди жана санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү изилденди.

«Санарип MED» программасы медициналык кызматтарда санариптик чечимдерди ишке ашырууну колдогон келечектүү инновация болуп саналат. Туура мамиле менен санариптештирүү үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана үй-бүлөлүк медайымдарга маалыматтарды башкаруу жана отчеттуулук менен байланышкан жүгүн олуттуу түрдө азайтышы керек, ошол эле учурда медициналык жардамдын сапатын жакшыртат», - деп баса белгиледи  өз сөзүндө доктор Ливиу Ведраско.

Иш сапар ДССУнун делегациясынын  БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Ms. Antje Grawe менен болгон жолугушуусу менен аяктады. ДССУ менен БУУнун коомдук саламаттык сактоонун жалпы көйгөйлөрүн, анын ичинде санариптик саламаттык сактоо жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен аракеттери талкуунун чордону болду.

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан менен биргеликте «Борбор Азияда ден соолукту жана бакубатчылыкты камсыз кылуу боюнча Жол картасына» ылайык ден соолук жана бакубат жашоо боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну улантуу үчүн иш жүргүзүүдө.

«Жол картасы» өлкөлөргө таасир эткен кайчылаш маселелерге биргелешип жооп берүүгө жана саламаттык сактоо системаларында трансформациялык өзгөрүүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга мүмкүндүк берүүчү күчтүү саламаттык сактоо куралы катары кызмат кылат», - деди Д-р Azzopardi Muscat.

Бул иш сапар бардыгы үчүн жеткиликтүү, адилеттүү жана жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүүнү илгерилетүүдө Кыргызстандын, ДССУнун жана БУУ системасынын биргелешкен аракеттеринин күбөсү болуп саналат.

02.03.2024
Улуттук онкология жана гематология борбору "Чек арасыз дарыгерлер" уюму менен биргеликте Кыргыз Республикасында онкологиялык ооруларды диагностикалоо ыкмаларын жакшыртат

Улуттук онкология жана гематология борбору (НКО) жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын радиология бөлүмү «Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) уюму менен биргеликте маммография, сүт бездерин Ультра үндүү изилдөө жана Ультра үндүү изилдөө көзөмөл астында биопсия жасоо тармагында квалификацияны жогорулатууга багытталган бир катар окуу мастер-класстарын өткөрүүдө. Мындай мастер-класстар өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат жана «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун сүт бездеринин рагын эрте аныктоо жаатындагы аракеттерди колдоонун бир бөлүгү болуп саналат.

 

Окутуу сабактары медициналык адистерди сүт бездеринин рагын диагностикалоо боюнча заманбап билим жана техникалар менен жабдуу үчүн уюштурулду, анткени ал ооруну эрте аныктоодо жана дарылоодо негизги ролду ойнойт. Мастер-класстарды «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун эл аралык доктору, радиология боюнча адис, УЗИ биопсиясына басым жасаган Сюзан Майр өткөрдү. Программа теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт. Теориялык бөлүктө маммологияны ультраүндүү изилдөө, ооруга BIRADS методологиясына ылайык баа берүү жана башкаруу, мурунку изилдөөлөр менен салыштыруу, физикалык текшерүү жана маммография же УЗИ натыйжалары менен байланышы камтылган. Практикалык бөлүгү окуу материалын колдонуу менен УЗИ биопсиясын жүргүзүүнү камтыйт.

 

«Бул окуу программаларынын максаты маммографияны жана УЗИ изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана интерпретациялоодо, ошондой эле УЗИ менен биопсияларды жүргүзүүдө медициналык адистердин квалификациясынын деңгээлин олуттуу жогорулатуу болуп саналат, – дейт Сьюзан Мэйр, - Бул өлкөдө сүт бездеринин рагын эрте диагностикалоонун жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатат».

 

«Бул мастер-класстар биздин өлкөдө биринчи жолу өткөрүлдү. Ал Кыргызстанда өткөрүлгөнгө чейин биопсия жасоого шыгы бар 3-4 гана адис болсо, азыр алардын саны 30га жетти. Биздин өлкө үчүн бул чоң ийгилик», - деп белгилейт мастер-класстардын катышуучусу жана уюштуруучулардын бири, УОжГБнын хирургиялык маммология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Дөөлөталиева.

 

«Биз Кыргыз Республикасынын рак оорусуна каршы күрөшүүдөгү бардык аракеттерин колдойбуз, - деди Андреа Исенеггер, MSF долбоорунун Кыргыз Республикасындагы координатору, - Медициналык адистерге атайын тренингдерди өткөрүү бизге сүт бездеринин рагына өз убагында жана так диагноз коюуга жөндөмдүү саламаттыкты сактоо системасын түзүү үчүн биргелешип иштөөгө мүмкүндүк берет, бул акыр аягында адамдардын өмүрүн сактап калат».

 

 

Маалымат үчүн: "Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) көз карандысыз гуманитардык уюм болуп саналат, ал табигый кырсыктар, эпидемиялар жана куралдуу кагылышуулар учурунда медициналык жардам көрсөтөт. 50 жылдан ашык убакыт мурун негизделгенден бери биздин максатыбыз адамдардын азабын жеңилдетүү жана муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө 60,000ден ашык кызматкерлер - негизинен дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери - 70тен ашык өлкөдө адамдарга жардам көрсөтүүдө. MSF саясий уюмдардан эмес, дүйнө жүзү боюнча 6,5 миллион жеке донорлордон каражат алат. 1999-жылы MSF дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алган.

02.03.2024
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстанга өзгөчө кырдаал учурунда медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди өткөрүп берди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын катастрофалык медицина жана шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмүнө өзгөчө кырдаалдарда жана табигый кырсыктарда кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн комплекттерди акысыз тапшырды.

Бул гуманитардык жардамга медициналык буюмдар, атап айтканда атайын тигүүчү материалдар, анестезия жана хирургиялык дренаждар, стерилизация жана интубация комплекттери (ларингоскоп менен), жалпы хирургиялык комплекттер жана башкалар кирет. Жүк ДССУнун Дубайдагы аймактык материалдык-техникалык жабдуу борборунан жөнөтүлүп, жалпы салмагы 240 кгдан жогору болуп, баасы 37,000 АКШ долларынан ашты.

Өткөрүлүп берилген жүктүн жардамы менен талаа шартында 100дөн ашык адамга жаракат алган учурларда жана хирургиялык патологияларда медициналык жардам көрсөтүүгө болот 

Берилүүчү жүк жаракат алганда жана хирургиялык патологияда, талаа шарттарында, жүздөн ашык адамга медициналык жардам көрсөтүүгө эсептелген.

Расмий тапшыруу аземине Улуттук госпиталдын жетекчилери жана ДСУнун кызматкерлери катышты. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов ДССУга өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты колдогону жана бекемдегени үчүн ыраазычылык билдирди.

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско өз кезегинде Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана өзгөчө кырдаал учурунда  өлкөнүн натыйжалуу аракеттенишине көмөк көрсөтө турган эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу маанилүү экендигин белгиледи.   

Кошумча маалымат: Берилүүчү жүк ДССУнун сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берет жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мекемелери, өкмөттүк эмес уюмдар жана улуттук өкмөттөр тарабынан колдонулат.