Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Улуттук онкология жана гематология борборунда өзөктүк медицинаны кайра жандандыруу боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты

25.10.2023 / Просмотров: 4769

2023-жылдын 25-октябрында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) Ядролук медицина бөлүмүнө жумушчу сапары болду. Бөлүмдүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөчүлүк потенциалы Саламаттык сактоо министрлиги,  КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги, КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту коргоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, И.К. Ахунбаев ат., Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ж. Баласагын ат., Кыргыз улуттук университети, КР ССМнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнүн катышуусундагы отурумда талкууланды. 

 Иш сапардын жүрүшүндө министр технеций-99m менен белгиленген радиофармацевтикалык дары каражаттарын даярдоо үчүн радиофармацевтикалык дарыкананы, МАГАТЭ жана ГК Росатомдун колдоосунда калыбына келтирилген радионуклиддик визуализация блогун карап чыкты.

Чогулуштун жүрүшүндө бөлүмдүн радиациялык коопсуздук талаптарына жана ченемдерине дал келүүсүнө уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча баскыч ийгиликтүү аяктагандыгы белгиленди. Министр катышып жаткандардын бардыгына шайкеш иштегендиги жана КРнын жөнгө салуу ведомстволоруна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев долбоордун Экинчи баскычына тез арада өтүү милдетин койду: «Иштеп жаткан радиофармацевтикалык дарыканаларды жана ОФЭКТ-бөлүмдөрдү өнүктүрүү жана заманбап борборлоштурулган радиофармацевтикалык дарыканаларды түзүү, молекулярдык визуализация борборун жана радионуклиддик таргеттик терапия жана тераностика борборун түзүү».

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы КР Саламаттык сактоо системасынын заманбап деңгээлин камсыздоо үчүн долбоордун артыкчылыктуулугун, дары-дармек коопсуздугун жана өлкөнүн демографиялык коопсуздугун белгиледи. Министр долбоордун жогоруда саналып өткөн кыргыз жана россиялык ведомстволордун жана уюмдаодын катышуусунда түзүлгөн командасы командалык духту, жогорку темп жана натыйжалуулукту камсыздай тургандыгына ишенерин билдирди. 

Ядролук медицина бөлүмүндөгү техникалык даярдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле анын кесипкөй кадрлар менен толукталышы тууралуу саламаттык сактоо министри жана кызыктар ведомстволордун өкүлдөрүнө КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгуль Султангазиева маалымат берди:

“Белгилүү бир мезгилде биз ядролук медицинадан объективдүү себептерден улам ажырап калган болчубуз. Андан кийин 2011-жылы бизге МАГАТЭ аркылуу аппарат коюшту, бирок ядролук медицинаны өнүктүрүү абдан так документацияны талап кылгандыктан, радио коопсуздук сакталышы керек болгондуктан эксплуатацияга киргизүү кийинкиге калтырылган. Буга бүт дүйнө жүзү көз салып турат. Андан кийин коронавирус пандемиясынан кийин биздин кызматкерлер Ядролук медицина бөлүмүн техникалык ишке киргизүүгө даярдоо үчүн бул багытта иштей башташты. Документация жана кызматкерлерди алуу боюнча маселелер чечилип жатты. Азыр бизде жакшы команда, дал ушул жерде иштейм деген каалоосу жанып турган жаш акылдуу жигиттер бар. Бул өзүнчө бир мекенчилдик. Анткени ядролук медицинаны өнүктүрүү – бул кайсы гана өлкөнүн болбосун саламаттык сактоо системасындагы биринчи көрсөткүч эмеспи”. 

Кыргызстанда ядролук медицинаны өнүктүрүү заманбап жогорку технологиялык ыкмаларды колдонуу жолу менен шишик жана шишик эмес ооруларды эрте аныктоо үчүн керек, бул бейтаптардын толук баалуу жашоого кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. 

 Республикалык  онкология борборунун башчысы ошондой эле Ядролук медицина бөлүмүндөгү жабдуу онкологиялык учурларды аныктоо жана дарылоо үчүн эле эмес, ошондой эле кардиологиялык, неврологиялык, эндокринологиялык ж.б. социалдык-маанидеги оорулар менен жабыркаган бейтаптарды кароо программаларында дагы колдонууга болорун белгиледи. Ал Кыргызстанда калктын керектөөлөрүн толугу менен жабуу үчүн ушундай аппараттар көбүрөөк пайда болот деген ишенимин билдирди:“1 миллион калкка бизде жок дегенде 1 аппаратыбыз болушу керек, демек бизде аз дегенде жети ПЭТ турууга тийиш”.

КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлерге медицинада алдыңкы технологияларды өнүктүрүү максаттарын колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстанда ядролук медицина долбоорлорун тез арада ишке киргизебиз деген ишенимин билдирди:

“Мен балдарыбызды дарылоо үчүн ядролук медицинага курч керектөө бар экендигин билем. Азыр көп адамдар анын ичинде биздин квоталар боюнча башка өлкөлөрдө дарыланып жатышат. Бирок мындай дарылоо сөөк чучугун которуштуруу жана башка татаал  манипуляциялардан улам көптөгөн жылдарга созулуп кетет. Мындай кырдаалдарды жеңилдетүү үчүн мен Ядролук медицина бөлүмү жакын арада биздин 

Республикада иштей баштайт деп үмүттөнөм, жана биз ар кандай баскычтардагы  онкологиялык учурларды аныктай алабыз”. 

 Министр КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борбору - структурасында ядролук медицина бөлүмү бар жалгыз дарылоо мекемеси экендигин белгиледи.  Ядролук медицина – бул радиоактивдүү изотопторду пайдалануу менен дартты аныктоонун жана дарылоонун заманбап багыттары. КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун Ядролук медицина бөлүмүндө рактын өнүгүүсүнүн 1-2-баскычында табууга мүмкүнчүлүк бере турган радионуклиддик диагностика жүргүзүлөт. Изилдөөнүн өзү “Кыргызстанда ядролук медицинаны калыбына келтирүү” долбоору боюнча МАГАТЭнин Техникалык кызматташуусунун алкагында инсталляцияланган Бирфотондуу эмиссиялык компьютердик томографияда жүргүзүлөт, ошондой эле МАГАТЭнин ушул долбоорунун алкагында радиометриялык жабдууларды жана коргоочу-техникалык жабдууларды камсыздоо жаатында кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүлдү. Бөлүмдүн кызматкерлери долбоордун алкагында европалык ядролук медицина мектептеринде окутулду. 2022-жылдан баштап ушул кезге чейин «РОСТАТОМ» корпорациясы долбоордун алкагында УОГБнын базасында орун алган ОФЭКТ-бөлүмдү аракетке келтирүү боюнча жардам көрсөтүүдө, жумуш орундарындагы бөлүмдүн кадрларын окутууга көмөктөшүүдө жана радиофармацевтикалык өндүрүш үчүн ченемдик-укуктук документацияны иштеп чыгууга көмөк көрсөттү, бул ата мекендик ядролук медицинанын өнүгүүсүнө аябагандай чоң салым катары кызмат кылды.

 

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.05.2024
Бишкекте Европалык иммунизация жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

15-майда Бишкекте 2024-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өттү. Быйыл эмдөө жумалыгы «Муундарды коргойбуз» деген ураан астында бардык курактагы адамдарды пландуу эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлин сактоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн аркасында 19 жашка чейинки курактагылар арасында кептөөр, селейме, кургак учук менингити, В вирустук гепатити катталган эмес; 1993-жылдан бери полиомиелиттен эркин өлкө статусу бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору эмдөө жумалыгынын калк үчүн мааниси жана эмдөө менен камтуу боюнча маалыматтарга токтолду. Алсак, бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календары боюнча 54 362 адам кошумча эмдөө алды. Эмдөө стационардык пункттарда жана мобилдик бригадалардын жардамы менен жүргүзүлдү. Гүлбара Ишенапысова ошондой эле калкты маалымдоодо медицина кызматкерлеринин салымын белгиледи, мында эмдөө менен камтууну жогорулатуудагы негизги максат ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укугу бар деген маалыматты жайылтуу болуп саналат.

Мындан тышкары, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип жана басылып чыккан бардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн арналган “Иммунопрофилактика боюнча чөнтөк колдонмо” көрсөтүлдү.

15.05.2024
Тамчы айылында Тез жардам пункту ачылды

2024-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез медициналык жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшая, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраеванын, ошондой эле Ысык-Көл областынын Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Тез медициналык жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 38,5 млн сомду түздү.

Тамчы айылындагы 2 кабаттуу Тез медициналык жардам пунктунун имаратында жалпы аянты 476 м2 болгон күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган. Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Тамчы айылында тез медициналык жардам пункту ачылып жатканы өтө маанилүү экенин белгиледи. Анткени Ысык-Көлгө келген көптөгөн туристтер ар кандай медициналык өзгөчө кырдаалдарга, анын ичинде травма, курч кармаган оору жана башка медициналык өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушу мүмкүн. Мындай пункттун болушу калкка жана конокторго тез жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү менен бирге алардын коопсуздугуна жана ден соолугуна да салым кошот. Министр Кувейт «Ас-Сафа» Фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшаяга саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттык сактоо тармагы. 2015-жылдан бери бирикме тарабынан 70ке жакын фельдшердик-акушердик пункт, балдар онкологиясы, лор, гематология бөлүмдөрү, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун консультациялык бөлүмү, аймактарда 4 төрөт үйү курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гемодиализ борборунун курулушу жүрүп жатат, ал эми бир күн мурун Токмок шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун патология менен төрөлгөн балдар үчүн бөлүм ачылды.

15.05.2024
Ысык-Көл облусунун жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 15-майында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез жардам пунктунун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

           Министр өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасы өткөрүлүп берилгендигин, анын бири Тамчы айылындагы Тез жардам көрсөтүү пунктуна өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

             «Бүгүн биз Тамчы айылдык тез жардам борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.