Copyright: ©

Баткен облусундагы эмдөө кабинеттерине 1,5 миллион сомдон ашык жабдыктар берилди

22.12.2023 / Просмотров: 5212

Бүгүн, 2023-жылдын 22-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусундагы эмдөө бөлмөлөрү үчүн жабдууларды тапшыруу аземине катышты.

1 556 450 сомдук эмдөө бөлмөлөрү үчүн жабдыктар Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому тарабынан берилди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна жана анын президенти Чингиз Джакиповго республиканын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин саламаттыгы үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташууну улантуу ниетин билдирди.

Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому иммунизациялоо маселелеринде калкты социалдык мобилизациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө активдүү катышып келет.

Учурда Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Федерациясынын  колдоосу менен Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому “COVID-19 пандемиясынын учурунда гуманитардык ишмердүүлүккө ишенимди бекемдөө” долбоорун ишке ашырууда.

Бул долбоордун алкагында Баткен облусундагы эмдөө кабинеттерине 15 даана балдардын боюн өлчөгүч, 15 даана балдардын салмагын өлчөөчү тараза, 15 даана полго орнотулуучу балдардын боюн өлчөгүч, 50 даана бактерициддик лампа, 15 даана бактерициддик нурландыргыч, 15 даана манипуляциялык стол, 15 даана кушетка, 15 даана жалаяктоочу стол, 15 даана шкаф сатылып алынды.

 

Маалымат үчүн: Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому саламаттыкты сактоо, калктын аярлуу катмарына социалдык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу сыяктуу түрдүү тармактарда иш алып барган гуманитардык уюм. Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому саламаттык сактоо системасын офтальмологиялык жабдуулар, ошондой эле эмдөө бөлмөлөрү жана инкубаторлор үчүн жабдуулар менен камсыз кылууда жалпы суммасы 58 млн сомдон ашык колдоо көрсөттү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

08.05.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

08.05.2024
Ысык-Көл районунун Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлкан Молдобекова, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен бирге Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” ККФнын каржылык колдоосу менен башталган. Керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган ФАПтын жаңы имаратын үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр Фонддун саламаттык сактоо тармагына ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.